Омбудсмен Атыр Абдрахматова милиция жана прокуратурадан Нарындын мектептериндеги рэкет боюнча чараларды кабыл алууну талап кылды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Нарын областынын Нарын шаарында кыздарды гендердик зомбулуктан, мектеп окуучуларын укук бузуулардан, кылмыштардан (мектеп рэкетинен) коргоо боюнча мониторингдин бет ачары боюнча тегерек столго катышты.
Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Атыр Абдрахматова Акыйкатчы катары анын максаты - укук бузуулардын алдын алуу жана токтотуш үчүн ар түрдүү органдар менен уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенишүүнү күчтөндүрүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле прокуратура органдарынан мониторингдин материалдарында көрсөтүлгөн фактыларга көңүл бурууну талап кылды.
Мониторингди КРнын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен биргеликте жүргүзгөн.
Нарын шаарындагы мектептердин 7-11-класстарынын 700 окуучусунун арасында интервью жана фокус-топтук талкуулар өткөрүлгөн. Алардын максаты Кыргыз Республикасынын Нарын шаарындагы балдарга жана жаштарга карата мектеп рэкетинин, зордук-зомбулуктун жана башка терс көрүнүштөрдүн учурдагы абалын аныктоо болгон.
Респонденттердин 41,46 пайызы зомбулуктан коргонуу үчүн жардамга муктажбыз деп жооп беришкен. Ошол эле учурда ар кандай курактагы балдардын жооптору бир топ айырмаланат. 7-класстын окуучулары жардамга муктаж экенин түздөн-түз билдирүүгө даяр болушкан.
8-класска чейин эле балдар зомбулукка зомбулук менен жооп кайтарууга, укук бузууларды, кылмыш фактыларын билдирбөөгө, ички сырды сактоого өбөлгө түзгөн же пропагандалаган кылмыштуу субмаданияттын (балдар анын баалуулуктарын жана эрежелерин кабыл алат, айрыкча өспүрүмдөр таасирленишет) таасирине кабылышат. Ошондуктан, «Мен өзүм үчүн туруштук бере алам, бирок ал жардам деле ашык болбойт эле» деген жооп пайда болот. Зордук-зомбулуктан коргонууда жардамга муктаж эмес деген так жоопту 8-класстын окуучуларынан бир дагы респондент берген эмес.
“Изилдөөлөр Нарында мектеп рэкети массалык мүнөздөгү көрүнүш экенин көрсөттү. Ошол эле учурда респонденттердин 17,6 пайызы ага күн сайын кабылат. Негизинен мектеп рэкетин жогорку класстын окуучулары (48,32 пайыз) жана улуулар (22,41 пайыз) жасашат. Ошол эле маалда улууларга (ата-энелер, балдар менен иш алып барган адистер) мектеп окуучулары көп ишенишпейт, рэкетке кабылган балдардын көпчүлүк бөлүгү досторуна (58,15 пайыз) кайрылышат”,-деп айтты “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” уюумун башчысы Назгуль Турдубекова.
Отчеттун алкагында жыйынтыктар жана сунуштар берилди.