Кыргызстандагы чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун талкуулаган тегерек үстөл болуп өттү

17/10/2025 - 11:55

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту менен “Оазис” жана Фридрих Эберт атындагы фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин укуктарынын сакталышын камсыздоого багытталган мониторингдин жыйынтыгы” темасында тегерек үстөл болуп өттү.

Ага мамлекеттик органдардын, Индиянын элчилигинен, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана чет элдик студенттер катышып, Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу жана алардын укуктарынын сакталышын камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев Кыргызстан эл аралык милдеттемелерге жана улуттук мыйзамдарга ылайык этносуна жана улутуна карата дискриминацияга жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

“Акыйкатчы Институту Кыргызстандын аймагындагы адамдын укуктарынын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүп турабыз. Ар бир адам улутуна жана жарандыгына карабастан өзүн коопсуз сезиши керек”, - деди Жанибек Жоробаев.

Фридрих Эберт атындагы фонддун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Филипп Ян белгилегендей, Кыргызстан менен Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда академиялык кызматташтык акырындык менен экономикалык байланыштарга өтүп жатат.

Тегерек үстөлдө атайын изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырылды. Ага ылайык чет өлкөдөн келген студенттердин саны кыскарууда.

2023–2024-окуу жылында чет өлкөлүк студенттердин саны 31 пайызга кыскарган. Көбүнчө Өзбекстандан келген студенттердин саны 53 пайызга, Индиядан келгендердин саны болсо 13% га азайган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы “S” тибиндеги студенттик визалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсеге азайып, болгону 11 645 виза берилген.

Индиялык жарандардан арыз 80 пайызга азайып, болгону 4 689 студентке Кыргызстанда билим алууга уруксат берилген. Пакистан жарандары 75% га аз кайрылышып, 4 200 виза алышкан. Ал эми Бангладеш жарандарына берилген визалардын саны 58 пайызга кыскарып, быйыл 333 гана студентке берилди.

“Оазис” фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева чет өлкөлүк студенттер укуктары бузулган учурда укук коргоо органдарына көп кайрыла бербестигин билдирди.

“Биздин сурамжылоого катышкан чет өлкөлүк студенттердин болгону 22 пайызы гана укук коргоо органдарына кайрылган”, — деди Мээрим Осмоналиева.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттер турак жайды ижарага алуу учурунда кыйынчылыктарга кабылып, талап-тоноочулукка жана коомдук транспорттогу дискриминацияга дуушар болуп жатышат. Ошондой эле, маданий интеграция механизмдери жок экени белгиленди.

Мындан тышкары, сурамжылоого катышкандардын 42 пайызы коркутууларга туш болгонун, ал эми 14% студенттер сексуалдык зомбулук жана ыдыкка кабылганын айтышкан.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугуна байланыштуу маселелер өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна түздөн-түз таасир этерин белгилешти.

Акыйкатчы Институту тиешелүү мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыздоо боюнча сунуштарын жөнөттү.