Акыйкатчынын кийлигишүүсүүнөн кийин 17 жашар кыздын колледжден ала албай жаткан документтери колуна тийди

13/10/2025 - 14:08

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаевага Каракол шаарынын тургуну Р.Н.А. арыз менен кайрылып, каза болуп калган бир тууган эжесинин 17 жаштагы кызынын укуктары бузулуп жатканын билдирген.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы универсалдык колледжинде окуган жээни Караколдогу педагогикалык колледжге которулмай болгон. Бирок борбор калаадагы окуу жайдын жетекчилиги студенттин документтерин берүүдөн баш тартышкан. 

Алар мындай чечимин кыздын мыйзамдуу өкүлү катары Р.Н.А.ны тааныбай тургандыгы менен түшүндүргөн. Себеби, анын буга чейинки мыйзамдуу өкүлү атасынын бир тууганы болгон.  

Арызда кыздын атасынын бир тууганы ага зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алганына байланыштуу тайэжесинин колуна барууну туура көргөндүгү жазылат. Бирок атасынын туугандары анын Караколго барып окуусуна каршы болуп, тоскоолдук түзүп жатканы айтылат. 

Белгилей кетсек, Р.Н.А. Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин чечими менен август айында жашы элек кыздын камкорчусу болуп дайындалган. 

Тайэжеси Ысык-Көлдө жашагандыктан жээнин педагогикалык колледждин “Башталгыч класстарды окутуучу” адистигине контракттык негизде окутууну туура көргөн. 
Ал буга чейин бир нече мамлекеттик органдарга кайрылган, бирок жардам ала алган эмес. 

Акыйкатчы Институту кыздын КРнын билим берүү жөнүндө Мыйзамынын 39-40 беренелеринде көрсөтүлгөн жана КРнын балдар жөнүндө Кодексинин 70-беренесинде көрсөтүлгөн укуктары жана эркиндиктери бузулганын аныктаган. 

Аныкталган укук бузуулардын негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасына расмий кат жолдонгон. 

Ошондон кийин окуу жай студенттин Караколго которулуусуна каршылык көрсөтүүсүн токтотуп, документтерин берген. 

Акыйкатчы Институтунун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири калктын аярлуу катмары болгон жарым жетим, томолой жетим, камкордугусуз калган балдардын укуктарын коргоо болуп саналат.