Акыйкатчы Институтунда “Аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү  боюнча биргелешкен чаралар” темасында тегерек үстөл болуп өттү

14/10/2025 - 11:29

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунда “Аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү  боюнча биргелешкен чаралар” темасында тегерек үстөл болуп өттү. 

Талкууга КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева, БУУ Аялдар уюмунун өкүлү Сайед Садик, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин, Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана коомдук уюмдардын, кризисттик борборлордун өкүлдөрү катышышты. 

Акыйкатчы коомдун орчундуу көйгөйү - аялдар менен балдарга карата зомбулукка өзгөчө көңүл бөлүп, өзүнүн жылдык баяндамасында анын алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштап келерин белгиледи. 

“Мында алдын алуу иш-чараларына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Зомбулук фактыларына гана эмес, анын себептерин да иликтеп, ата-энелер жана үй-бүлөлөр менен системалуу иш алып баруу, ошондой эле аялдар жана балдар менен иштеген адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маанилүү”- деди Акыйкатчы. 
Белгилей кетсек, Кыргызстан аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу боюнча БУУнун Конвенциясын, Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо менен, ар бир адамдын тең укуктуулугун, корголушун жана кадыр-баркын камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди өзүнө алган.

Талкууда майыптуулугу бар кыз-келиндердин коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүлүп, алар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө (физикалык, сексуалдык, ыдык) кабылары айтылды. 

Кыргызстандагы 218 миң майыптуулугу бар жарандын 40 пайызы аялдар жана кыздар. 

«Равенство» уюмунун Кыргызстандын 7 облусу боюнча жүргүзгөн сурамжылоосуна  катышкан 150 аялдын 93 пайызы зомбулукка кабылганын айтышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2025-жылдын 6 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 кылмыш иши козголгон. 

Ошону менен катары эле, сексуалдык зомбулукту иликтөөдө ДНК-технологияларын колдонуунун актуалдуулугу, гендердик жана сексуалдык зомбулуктун социалдык аспектилери талкууланып, сунуштар жана биргелешкен аракеттер такууланды.