Акыйкатчы Институтунда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушу жана улуттук алдын алуу механизмин мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

02/10/2025 - 12:03

Акыйкатчы Институтунун имаратында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушу жана Акыйкатчынын кеңейтилген мандатынын алкагында улуттук превентивдик механизмди мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Кеңейтилген форматтагы жолугушууга Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку коммисарынын башкармалыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Европа Биримдиги, Кызыл Крест жана Германия, Швейцария, Улуу Британия менен Казакстандын элчиликтеринин өкүлдөрү катышты. 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева уюштуруу жаатындагы өзгөрүүлөргө карабастан Кыргызстанда улуттук алдын алуу механизми ишин улантарын белгиледи. 

“Тескерисинче, улуттук алдын алуу механизми – Акыйкатчы институтунун кеңейтилген мандатынын алкагында, көз карандысыздык, ыкчамдуулук жана эл аралык стандарттарга берилгендик принциптерин сактоо менен ишин улантат. 
Эске салсак, Акыйкатчынын ишин уюштуруу жөнүндө мыйзамында КРнын Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Жазаларды аткаруу, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстерине жана башка мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. 
Эми биздин кызматкерлердин ыйгарым укуктары кыйла кеңейди, анын ичинде жабык мекемелерде аудио жана видео жазууну колдонуу мүмкүнчүлүгү берилди”, — деп белгиледи Акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда улуттук превентивдик механизмдин жаңы системасын түзүүдө сунуштарды жана колдоолорду кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле, ал жолугушуунун катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берди.

Акыйкатчы билдиргендей, “КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, Министрлер Кабинети анын ишке ашырылышы боюнча алты айдын ичинде чара көрүүгө тийиш.

Эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү бул багытта Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Атап айтканда, алар улуттук превентивдик механизмдин көз карандысыздыгын сактоого жана жарандык коом менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга чакырышты.

2024-жылы Акыйкатчы Институту Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК), Ички иштер министрилигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жабык жайларына 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн.
 Алардын жыйынтыгында кармалгандардан жана соттолгондордон 139 арыз түшүп, анын 36сы кыйноолорго байланыштуу болгон.

2024-жылы келип түшкөн арыздардын негизинде 36 көңүл буруу акты жөнөтүлгөн, анын жыйынтыгында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопкерчиликке тартылган.
2025-жылдын сегиз айында кыйноолор боюнча 39 даттануу келип түшкөн.