КРнын Акыйкатчы Институту алдыда боло турган шайлоонун жүрүшүнө жана жарандардын саясий укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзөт

03/10/2025 - 14:11

Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросунун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Тараптар Акыйкатчы Институтунун шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүдөгү тажрыйбасын, пландарын жана даярдыгын, анын ичинде байкоо жүргүзүү методологиясын, Бишкек шаарын жана аймактардагы шайлоо округдарын камтууну, ошондой эле чогултулган маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо маселелерин талкуулашты.

“Биз өнөктөш уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, эл аралык миссиялардын жана ыктыярчылардын, анын ичинде студенттердин катышуусу менен биргелешкен мониторинг жүргүзүүгө кызыкдарбыз”, — деп белгиледи Жоробаев.

Өз кезегинде, бюронун шайлоо боюнча улук кеңешчиси Лусине Бадалян Акыйкатчы Институтунун бул багыттагы жогорку тажрыйбасын белгилеп, мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясын түзүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынарын билдирди.

Жолугушуу учурунда ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, эркинен ажыратылган жарандардын жана калктын башка аярлуу катмарынын шайлоо укуктарын камсыздоо маселелери көтөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар шайлоого байкоо жүргүзүү методологиясы жана шайлоочулардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен окутуу тренингдерин, семинарларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу аркылуу мындан аркы кызматташууга даяр экендигин тастыкташты.