Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов: “1983 -жылдын 21 -мартындагы Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Конвенцияны” жана ага кошумча протоколду ратификациялоо биздин өлкө үчүн абдан актуалдуу
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовго жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.Мариповго кайрылуу жолдоду. Анда Кыргыз Республикасынын 1983 -жылдагы Европалык Конвенцияга жана 1997 -жылдын 18 -декабрындагы Соттолгондорду берүү Конвенциясына кошумча протоколго кошулуу процессин тездетүү өтүнүчү менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун айтымында, “1983 -жылдын 21 –мартындагы Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Конвенцияны жана ага кошумча протоколду Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификациялоо укуктук механизмди түзөт, ал аркылуу Конвенцияга мүчө мамлекеттерде соттолгон мекендештерибиз жазасын Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемелеринде өтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Кыргызстан тышкы эмгек миграциясынын деңгээли жогору өлкө, буга байланыштуу жогоруда аталган Конвенцияны жана ага кошумча протоколду ратификациялоо биздин өлкө үчүн абдан актуалдуу”.
Атап айтканда, Европада, Жакынкы Чыгышта жана башка өлкөлөрдө жабык жайларда жазасын өтөп жаткан көптөгөн жарандарыбыз бар. Мисалы, Литва Республикасынан экстрадициялоого көмөктөшүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына М.Исраилов атасы Улан Исраиловдун кызыкчылыгында кайрылган мисалды келтирсе болот.
Арыздан көрсөтүлгөндөй, 18.11.2011 -жылы Литва Республикасынын Каунас шаарындагы биринчи инстанциядагы соттун чечими менен Улан Исраилов 23.06.1980 -ж.т. 13 жыл 9 айга эркинен ажыратылган.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте бир топ аракеттер көрүлгөн жана Литва Республикасынын Юстиция министрлигине тиешелүү кайрылуу жөнөтүлгөн.
Буга жооп катары, Литва Республикасынын Юстиция министрлиги У.Исраиловду жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу мүмкүн эместигин, бул Кыргыз Республикасы менен Литва Республикасынын ортосунда жазаны андан ары өтөө үчүн соттолгондорду өзү жараны болуп саналган өлкөгө өткөрүп берүү тартибин жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базанын жоктугунан улам болгонун билдирди.