КР Акыйкатчы аппараты: “Бишкек шаарынын комендантынын чечими укук ченемдүү, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын жеке мүлктөрүнө мамлекет мүлкүндөй аздек мамиле жасоого тийиш”

20/04/2020 - 15:50

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин “өзгөчө абалдын ченемдерин бузуп, велосипед айдап чыккандардын велосипеддери убактылуу алынып коюлат” деген билдирүүсү көпчүлүктүн кызуу талкуусуна себеп болду. Бул боюнча КР Акыйкатчы аппараты төмөнкүлөрдү билдирет: Айрымдар бирөөнүн менчигин алып коюу ченеми эч кайсы мыйзамда жоктугун айтып чыгышты.

Чындыгында, бирөөнүн менчигин алып коюу тууралуу ченемдер КР Жазык кодексинде да, КР Жарандык кодексинде да, ошондой эле КР Бузуулар жөнүндө кодексинде да бар. КР Бузуулар жөнүндө кодексинде  Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары тууралуу беренесине ылайык, Жаңы бузууларды жасоону болтурбоого же айып пулду төлөөнү камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп саналат.Ушул Кодекстин 28-беренесинин 3 жана 4-пункттарына ылайык,  3. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери бузуу категорияларына карабастан колдонулат жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.

4. Мүлктү алып коюу формасындагы бузуунун кошумча укуктук кесепети жеке адам тарабынан бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн болгон куракка чыкканга чейин жосун жасалган учурларда да колдонулат.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, “велосипедди убактылуу алып коюунун ар бир конкреттүү учурунда укук коргоо органдары алынып коюлуучу велосипеддин моделинен тартып, дөңгөлөктөрүндөгү ар бир майда-чүйдөсүнө чейин сыпаттап жазылышы керек, велосипеддин абылын кагазга эле толук сыпаттап жазуу менен чектелбестен, аны видеокамерага тартуу жана аларды велосипед ээсине көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш. Бул велосипедди кийин ээсине кайтарып берүүдө эч кандай талаш жаралбагыдай кынтыксыз жүргүзүлүүгө тийиш. Комендатуранын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын менчик мүлкүнө мамлекеттин мүлкүнө мамиле жасагандай аяр мамиле жасоого тийиш. Мында жарандардын менчик укуктары бузулбоого тийиш”.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР Акыйкатчы аппараты маалымдайт: 1) Бишкек шаарынын комендантынын велосипедди убактылуу алып коюу тууралуу чечими мыйзамдуу жана комендатура органы жарандар өзгөчө абалды  велосипед тээп  жүрүп бузган шартта, аны убактылуу алып кое алышат. 2) Аларда өзгөчө абал жарыяланган областтардын жана шаарлардын калкы коменданттардын обочолонуу жана карантиндик режимдин шарттарын аткаруу тууралуу талаптарын кыйшаюусуз аткаруусу керек Өздүк гигиена эрежелерин сактоо вируска каршы жол-жоболорду аткаруу, ошондой эле коменданттардын  эскертмелерин аткаруусу зарыл. Комендант А.Орозалиевдин үйдөн тамак-аш азыктарын сатып алуу, дары-дармекке өзү жашаган жерден 1,5 км радиустагы аралыкка гана, ошондой эле оорукана жана поликлиникаларга гана барууга уруксат бергенин аткаруу зарыл.

Маалымат үчүн: КР Бузуулар жөнүндө кодекси (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген): 28-берене.

 

28-берене. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары

1. Жаңы бузууларды жасоону болтурбоого же айып пулду төлөөнү камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп саналат.

2. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) туум;

2) мүлктү алып коюу;

3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;

4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү.

3. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери бузуу категорияларына карабастан колдонулат жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.

4. Мүлктү алып коюу формасындагы бузуунун кошумча укуктук кесепети жеке адам тарабынан бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн болгон куракка чыкканга чейин жосун жасалган учурларда да колдонулат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык).