Акыйкатчынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү жабык жайларга мониторинг жүргүзүштү

08/09/2020 - 09:32

Кыргыз  Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү тарабынан 2020-жылдын август айында Жалал-Абад облусундагы КРнын мамлекеттик жаза аткаруу кызматына караштуу мекемелерге, ШИИБ жана РИИБ убактылуу кармоочу жайларга мониторинг жүргүзүштү.

2020-жылы 19-августта КРнын мамлекеттик жаза аткаруу кызматына караштуу №53 мекемесине Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад өкүлчүлүгү менен биргеликте барып, ал жердеги кармалган жарандарга санитардык-гигиеналык каражаттар таратылды. Ошондой эле өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлүп,  Н. кызы А.  арыз алынды, калган жарандардан арыз, даттануу түшкөн жок. Бүгүнкү күндө  №53-мекемесинде 16 аял, 11 эркек бала кармалууда. Санитардык ченемдер сакталган, тамак аш, дары-дармек жетиштүү денгээлде камсыздалган.

               2020-жылдын 21-августунда Жалал-Абад ШИИБ УКЖна инспектирлөө иштери жүргүзүлдү. Ар бир камерада  кармалып тургандар менен кармоо шарттары жана аларга карата милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттери боюнча аӊгемелешүү жүргүзгөндө алар тараптан кармоо шарты, кыйноо фактылары боюнча дооматтар болгон жок. Бирок №8 камерада кармалган Э.О, И.А, сейилдөөгө чыгарылбай жатышкандыгын айтышкан. Бул боюнча УКИнин башчысынын түшүндүрмөсүндө  кармалгандар күнүнө 3 жолу дааратканага жана жуунуга чыгарылышы сейилдөө болуп эсептелери белгиленди.

КРнын Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө мыйзамынын 16-бер. ылайык кармалгандар күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөгө укуктуу.  

ИИБнүн УКЖда жалпы 10 камера болуп, 70 орунга ылайыкташтырылган. УКЖда жалпы 35 жаран кармалууда анын ичинен тергөөдө-8, сотто-27. Жалпысынан камералардын ички санитардык–гигиеналык абалы орто.

Убактылуу кармоо изоляторунда кармалгандардын өздүк иштери менен таанышууда кээ бир кармалгандардын бөгөт коюу чарасын тандоодо (токтом) кармоо жайы (УКЖ, ТИЗО) көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча УКИнин башчысы С.Каратаев да кармалгандарды Ош шаарындагы №25 ТИЗОсу кармоо жайы так көрсөтүлбөгөндүктөн кабыл албай, көйгөй болуп жаткандыгын билдирди. Белгилеп коюучу жагдай, ушундай маселе  2020-жылдын 20-февралында өкүлчүлүк тарабынан КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кичи жыйындар залында өткөрүлгөн кеӊешмеде каралып, жыйынтыгы менен кеӊешменин чечими кабыл алынган. Бирок бүгүнкү күндө бул маселе ошол бойдон калууда.

 

2020-жылдын 25-августунда ЖАМКнын Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.          

2020-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө карата мекеме тарабынан жазасын өтөп жаткандарга карата белгиленген жазанын мөөнөтүнөн мурда  шарттуу бошотуу (ШМБ) боюнча жалпы 24 сунуштун сот тарабынан 11и канаттандырылып, 13 канааттандыруусуз калтырылган. Учурда мекемеде жалпы 540 адам жазасын өтөп жатат.

Мониторингдин жүрүшүндө жазасын өтөп жаткан М.К, К.Ш, М.Ч. ж.б. менен жекече сүйлөшүлдү. Соттолгондордун басымдуу бөлүгү аларга карата чыккан сот өкүмдөрүнө нааразы. Жазасын өтөп жаткандар тарабынан жашы 80 (сексен) чыккан М.Ш. ишин карап чыгууну суранышкандыктан соттолгон М.Ш. менен маектешүү болду. Ал кулагы жакшы укпасын жана көзү жакшы көрбөсүн айтып, ага карата соттун өкүмү туура эмес чыккандыгын билдирди. Бул боюнча жазуу түрүндө арызы алынды. 

Соттолгондор тарабынан кандайдыр укук бузуу же жашоо шарттарына карата даттануу болгон жок.                                                                 

Мекеменин атайын бөлүгүнөн (спец часть) өздүк иши каралып чыккан. Материалдарга караганда жазасын өтөп жаткан Ш.М. (02.08.1940ж.т.) Ош областтык сотунун 03.10.2019-ж. өкүмү менен КР Жазык кодексинин 165-бер. менен күнөлүү деп табылып 5 (беш) жылга эркинен ажыратылган.

ЖАМКнын №10 түзөтүү мекемеси М.Ш. «Ата Мекендик согуштагы жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Мунапыс жөнүндө» КРнын мыйзамынын 1-бер. 1-б. 1-п. негизинде өтө элек жазасы 2 жыл 8 ай 5 күн жаза мөөнөтүнөн бошотуу сунушу 2020-жылдын 24-июлунда Жалал-Абад шаардык соту (судья К.Р.Кангелдиева) тарабынан канааттандыруусуз калтырган. 

Аталган арыз боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды  координациялоо борборунун  Жалал-Абад областы боюнча координатору Э.Камашов менен М.Ш. ишин алып баруу үчүн жактоочу бөлүп берүү жагы макулдашылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” мыйзамынын 22-бер.“жактоочуну дайындоо, координатор, ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча берилген арыздын негизинде жүзөгө ашырылат” юридикалык жардам алуу үчүн белгиленген формадагы арыздын бланкы  М.Шакировго тапшырылды.

Мониторингдин аягында №10 мекеме жетекчисинин орун басары Р.Эгембердиев менен соттолгондорду  шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу (УДО) жөнүндө сунуштары боюнча соттук отурумдарды алдын ала билдирүү жана дайындалган көчмө соттук отурумдарга  мониторинг жүргүзүү макулдашылды.

2020-жылдын 26-августунда  Сузак РИИБнүн УКЖна инспектирлөө иштери жүргүзүлдү. Ар бир камерада  кармалып тургандар менен кармоо шарттары жана аларга карата милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттери боюнча аӊгемелешүү жүргүзгөндө алар тараптан кармоо шартты, кыйноо фактылары боюнча дооматтар болгон жок.

ИИБнүн УКЖда жалпы 5 камера болуп ар бир камерада 6 керебет орнотулган.  УКЖда 10 жаран кармалууда анын ичинен тергөөдө-1, соттолгон-1, сотто-8. Жалпысынан камералардын ички санитардык–гигиеналык абалы орто, төшөнчү, матрацтар эскилиги жетип жаӊылоо зарыл, бардык камералардын полуна жыгач тактай төшөлгөн. Кармалгандарга тамак-аш үчүн күнүнө 100 сом каралып, бир маал ысык тамак берилет. Бир жарандан арыз алынды.