Мамлекеттик жеңилдиктер

Социалдык жөлөкпул алууга кимдер укуктуу?

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, ар айлык социалдык жөлөкпул алуу укугуна:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга - 18 жашка чейин;

2. Бала кезинен I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

3. I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

4. Улгайган жарандарга (эркектерге - 65 жашка, аялдарга - 60 жашка чыкканы боюнча);

5. Баатыр энелерге - 55 жашка чыкканы боюнча;

6. Балдарга ата-энесинин биринен айрылган учурда;

7. Балдарга ата-энесинин экөөнөн тең айрылган учурда;

8. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар 18 айга толгонго чейин.

Ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар болгондо, ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар адамдын тандоосу боюнча бир гана жөлөкпул (ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдан тышкары) дайындалат.

Ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 жашка чейинки балдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу МСЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 18 жашка чыкканга чейин;

2. Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыз кылууга укугу жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу МСЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - МСЭК маалымкатынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин;

3. Багуучусунан айрылган учурда, аларда пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогон балдарга - ар айлык социалдык жөлөкпулга укугу келип чыккан күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу бул укук келип чыккан учурдан тартып 12 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар 23 жашка чыккандан көп эмес;

4. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, - төрөлгөн күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 18 айга толгонго чейин;

5. Эркектерге - 65 жашка чыкканы боюнча, аялдарга 60 - жашка чыкканы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу эркектер 65 жашка, ал эми аялдар - 60 жашка чыккан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою;

6.  Баатыр энелерге - 55 жашка чыкканы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу алар 55 жашка чыккан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана алыш үчүн дайындоо үчүн кандай документтер зарыл?

Мамлекеттик жөлөк пул үчүн кайрылган тарап төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:

- инсандын өздүгүн аныктоочу документ;

- анкета-арыз (арыз);

- үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалым кат;

- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат кат.

Зарыл болгон учурда  мамлекеттик жөлөк пул алуууга укук бере турган кошумча документтер сунушталат (балдардын туулгандыгы тууралуу, никелешүү, никени бузуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптуулугу бар экени жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) маалым каты, камкорчулук жөнүндө чечим, окуган жерден, калкты жумушка орноштуруу органдарынан маалым каттар, "кайрылмандын” күбөлүгү жана башка документтер).

Ай сайын социалдык жөлөк пул дайындоо жөнүндө документтер анын толук көлөмдө келген күнүнөн тартып он жумушчу күндүн аралыгында каралат.

Мамлекеттик жөлөк пул алыш үчүн кайда кайрылуу керек?

Аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул дайындоого арыз жарандын жашаган жери (катталган жери) аркылуу социалдык коргоо органдарына берилет.

Социалдык коргоо органдары жок административдик-аймактык бирдиктерде арыз эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул менен камсыздоого муктаждыгын алгачкы аныктоо боюнча ыйгарым укук берилсе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылат.

Ар ай сайын социалдык жөлөк пул дайындоого арыз жарандын жашаган жери  (катталган жери) аркылуу социалдык коргоо органдарына берилет.

ВИЧ/СПИД менен жашаган энеден төрөлгөн балдарга ар ай сайын социалдык жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз берүүдө башкача ирет каралат.