Суроолор жана жооптор

Акыйкатчынын көңүл буруу актысы деген эмне?

1) Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктеринин бузулушу аныкталган учурда аны жоюу боюнча чаралардын бир айлык мөөнөтүн кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, аларда иштеген кызмат адамдарына Акыйкатчынын сунушу;

Акыйкатчынын максаттары кандай?

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда көрсөтүлгөн адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;

2) Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана сыйлоо;

3) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктеринин бузулушун алдын алуу же аларды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү;

Акыйкатчынын кызмат көрсөтүүлөрү канча турат? кызмат көрсөтүүлөрү канча турат?

Арыздар жана даттануулар мамлекеттик алымга тиешелүү эмес. Кызыкдар адамга Акыйкатчы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар кайтарымсыз болуп эсептелет.

Менин укуктарым бир жыл мурда бузулган. Мен Акыйкатчыга кайрыла аламбы?

Акыйкатчыга болгон кайрылуу адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып, бир жыл аралыгында кат жүзүндө берилет. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт Акыйкатчы тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок эки жылдан ашпаган убакытка.

Акыйкатчыга кандай суроолор менен кайрылууга болот?

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосунда гана пайда болгон маселелер анын жайгашкан жеринен, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет элдик же жарандыгы жок адамдан, жана мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан жана кызмат адамдарынан көз каранды эмес.