Балдардын укуктары

Бала үй-бүлөдө кандай укуктарга ээ болот?

Ар бир бала ички жана эл аралык мыйзамдардын нормаларына ылайык, үй-бүлөлүк мамилелер жаатында төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:

  • Өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укугуна;
  • Үй-бүлөсү менен жашоого жана тарбияланууга, өз ата-энесин билүүгө; ата-энеси жана башка туугандары менен сүйлөшүүгө; эгерде бала ата-энесинен же алардын бири менен өзүнчө жашаса, ошондой эле ата-энеси ар башка мамлекеттерде жашаса ата-энеси жана башка жакындары менен сүйлөшүүгө;
  • Үй-бүлөсү менен биригүүгө, зарыл болгон учурда өлкөгө кирүүгө же андан чыгып кетүүгө;
  • Өз ата-энесинин же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн багуусуна; балага бериле турган алимент, пенсия, жөлөкпул түрүндө адегенде ата-энесинин колуна тиет жана алар аны баланы багууга, билим берүүгө жана тарбиялоого чыгымдоосуна.
  • Ата-энеси же аларды алмаштырган тараптардын, ата-энесинин багуусунан ажыраса мамлекеттин камкордугу менен тарбиясына;
  • Ата-энеси же аларды алмаштырган тараптардын анын ар-намысын сыйлоосуна жана коргоосуна укуктуу.

Баланын укуктары качан пайда болот?

  • Баланын укугу ал төрөлгөндө эле пайда болот. Укугун өз алдынча ишке ашыруу жана милдеттерин аткаруу жашы жеткен күндөн, тактап айтканда 18 жашка толгон учурда баштап толук көлөмдө ишке ашырылат.

Мыйзамда каралган учурларда,  айрым укуктарды жана милдеттерди аткарууну ишке ашырууга курактык чектөөлөр коюлушу ыктымал.

Баланын укуктарын ким коргойт?

  • КРнын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
  • Баланын ата-энеси жана аларды алмаштырган тараптар.
  • Педогогикалык, медициналык, социалдык жумушчулар, психологдор жана башкалар, тарбия берүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоого жана социалдык тейлөөгө жоопкерчилик алган тараптар.
  • Коомдук уюмдар.