Аскер кызматкерлеринин укуктары

Аскер кызматын өтөөдө аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары расасына, тилине, этностук таандыктыгына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” КРнын Мыйзамына ылайык, аскерге чакырылуучулар делип он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жынысындагы жарандар аталат.

Президенттини жарлыгына ылайык, аскер кызматына жарандарды чакыруу өзүнө  тез  мөөнөттөгү аскер кызматын жана альтернативалык кызматты камтыйт жана жылына эки ирет жүргүзүлөт. “Аскер кызматкерлеринин макамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жарандар аскер кызматына (ыктыярдуу тартиптеби же келишимдин негизинде болобу) чакырылган күндөн тартып аскер кызматкеринин макамына ээ болот.

Ага ылайык, жаранды аскер кызматына чакырган учурдан тартып мамлекет аскер кызматкерлеринин ден соолугун жана өмүрүн коргоону камсыздоо боюнча милдетти өзүнө алат. Аскер кызматкерлерине ден соолугуна медициналык текшерүү, күн сайын аскер кызматкерлеринин жеке курамына медициналык байкоо жана медициналык изилдөө жүргүзүү, ошондой эле тереңдетилген жана көзөмөлдөөчү медициналык кароолорду жүргүзүү кепилдендирилет.