Гендердик укуктар

Гендердик теңчилик деген эмне?

Гендердик теңчилик - аял менен эркектин бирдей укуктук статусу жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр, башкача айтканда, аялдар менен эркектерге жынысына карабастан, жашоо турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөргө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүктүн берилиши.

Гендердик дискриминация деген эмне?

Гендердик дискриминация (түз, кыйыр)-тараптардын укуктары менен кызыкчылыктарын жыныс белгилери боюнча чектей турган артыкчылык берүү же чектөөчү айырмалоо; таанууну алсыратууга же андан ажыратууга багытталган; саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана башка коомдук турмуштун ар башка жааттарында аялдар менен эркектердин тең укуктуулугунан пайдалануу.

Түз гендердик дискриминацияга төмөнкүлөр таандык:

  • Үй-бүлөлүк абалына байланыштуу, кош бойлуулукка, мүмкүн болуучу кош бойлуулукка жана үй-бүлөлүк милдеттерге байланыштуу дискриминация;
  • Сексуалдык ыдык;
  • Бирдей квалификациядагы бирдей эмгек үчүн ар түрдүү эмгек акы.

Гендердик теңчиликте эмгек мамилелери кандай жөнгө салынышы керек?

  • Жумуш берүүчү өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн учурда гендердик өкүлчүлүктү  баскыч-баскычы менен илгерилетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
  • Жумуш берүүчү эмгек ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында аялдар менен эркектердин, ошондой эле жумушчулардын ар түрдүү категорияларынын арасында айырмачылыктарын тең салмактоого багытталган, позитивдүү иш-аракеттерди аткарууга укуктуу.
  • Жумуш берүүчү менчиктин түрүнө карабай ар түрдүү жыныстагы тараптар үчүн  жумуш шарттары бирдей баада болуш үчүн чараларды кабыл алууга милдетүү.
  • Жумуш берүүчүлөргө бош орундар жөнүндө жарыяларда (рекламаларда) кайсы бир жыныстагы тараптар гана аткарууга мүмкүн болгон спецификалык жумуштарды кошпогондо болгону аялдарга же болбосо эркектерге гана жумуш сунуштоосуна; жумушка орношуп жаткан тараптардан жеке жашоосу, балдардын төрөлүшү тууралуу маалыматты талап кылуусуна тыюу салынат.
  • Жумуш берүүчү ар түрдүү жыныстагы тараптарга эмгек ишмердигин үй-бүлөлүк милдеттери менен бирге алып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттүү.