Акыйкатчы институту жөнүндө

Эгер заманбап сөздүктөргө кайрылсак, бир катар өлкөлөрдө Акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун жана укуктар менен эркиндиктердин сакталышын көзөмөлдөгөн парламенттик атайын кызмат болуп саналат. Ошондой эле өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматтарын карап чыгуучу кызматкер. Башка тармактардан айырмаланып, ал көзөмөл жүргүзөт жана мыйзамдуулукка гана эмес, натыйжалуулук, максатка туура келүү, акниеттүүлүк, адилеттүүлүк боюнча дагы иликтөөлөрдү жүргүзөт. Мындай кызмат ар кандай аталыштарга ээ: "акыйкатчы" – скандинавия өлкөлөрүндө айтылат; "элдик коргоочу" – Испания жана Колумбияда; "ортомчу" - Францияда; "жактоочу" - Румынияда. Акыйкатчы шайлана алат же ар кандай жолдор менен дайындалат. Көпчүлүк өлкөлөрдө кайсыл гана жаран болбосун акыйкатчыга түздөн-түз кайрылуу укугуна ээ.  Кайдыгерлик же кыянаттык менен пайдаланууну таап чыкса, акыйкатчы бул боюнча тиешелүү органдарга же кызмат адамына көрсөтөт жана аны жоюуну сунуштайт. Эгер баш тартуу болсо, ал сот органдарына же парламентке кайрыла алат. Акыйкатчы жарандардын арыз-дооматтары боюнча эле эмес, өз демилгеси боюнча дагы иш-аракеттерди жүргүзө алат. Францияда жарандар ортомчуга түздөн-түз эмес, а өзүнүн сенатору же депутаты аркылуу кайрылышат. РФда эле Акыйкатчы институту Адам укуктары боюнча ыйгарым өкүл деп аталат. 

Швед тамырлары.

Биринчи жолу Акыйкатчы институту XVI кылымда Швецияда пайда болгон жана соттук кызматкерлерге байланыштуу болгон королдук бийликтин көзөмөлдөөчү функцияларын аткарган. Швециядагы Омбудсмендин статусун жана жөндөмүн өзгөртүүгө чечүүчү ролду Полтава алдында Петр I жетекчилиги алдындагы орус армиясына болгон шведдердин соккусу ойногон. Швеция королу Карл XII бир нече жылдар боюу Турцияда жашаган, ал жок болгон учурларда мамлекеттеги башкаруу системасы  талкаланган. Кызматкерлердин жана соттордун арасында тартипти орнотуу үчүн ал юстициянын Королдук акыйкатчысы кызматын түзгөн, анын милдеттерине өкмөттүк кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү кирген.  Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери жарыя кылынган: мыйзамдын үстөмдүгү, бийликтен көз каранды болбоо, мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбоосу үчүн болгон жоопкерчиликтери, соттук иштерди жүргүзүүгө чейинки. Акыйкатчы Юстициянын канцлери наамын алган жана  сот органдары менен королдук администрацияга көзөмөл жүргүзүү боюнча кенен ыйгарым укукка ээ болгон.  Карл XII өлгөндөн соң 1718-жылы Швецияда парламенттик башкаруу келген; белгилүү бир убакыт аралыгында Юстициянын канцлерин парламент дайындаган. Кийин кайрадан Юстициянын канцлерин дайындаган күчтүү королдордун доору келген. Россия менен болгон согуштан кийин гана, Швеция Финляндиядагы аймагын жоготкондо, ал эми корол тактысын жоготкондо, королдун жана парламенттин бийлиги теңдештирилген Конституция кабыл алынган. Жыйынтыгында 1809-жылы Швециянын Конституциясына ылайык, Юстициянын Акыйкатчысынын институту түзүлгөн, бул королго баш ийген юстициянын канцлеринен таптакыр бөлүнгөн. Парламенттик Акыйкатчынын Юстициянын канцлеринен олуттуу айырмачылыгы – Канцлер королдун кызыкчылыгын коргосо, ал эми Парламенттик Акыйкатчы бийликтеги кызматкерлер тарабынан болгон мыйзам бузуулардан карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргоо болуп эсептелген. Юстициянын Акыйкатчысы швед парламенти тарабынан дайындалган (Ригсдаг тарабынан) жана ага баш ийген. Акыйкатчы  сотторго жана административдик органдарга көзөмөл жүргүзгөн, кеңири прокурордук ыйгарым укуктарга ээ болгон – кызматына тиешелүү милдеттерин аткарууда мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган адамдарга карата соттук өндүрүштү козгогонго мүмкүнчүлүгү болгон. 

Дээрлик эки жүз жыл өттү, бирок азыркы күндө дагы Парламенттик Акыйкатчылар ошол кезден бери сакталып келе жаткан негизги принциптерди карманып келишет. Азыркы учурда Парламенттик Акыйкатчынын (юстициянын Акыйкатчысы) статусу дээрлик өзгөргөн эмес. Мурдагыдай эле Швециянын Конституциясына ылайык, юстициянын акыйкатчысы болуп аты таанымал, коомчулукта кадыр-баркка ээ адам боло алат. Акыйкатчы 4 жылга шайланат, өз ишмердүүлүгүндө көз карандысыз, өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ жана бардыгына, анын ичинде жашыруун документтерге да жеткиликтүү боло алат. Юстиция Акыйкатчысынын бюджети жетишерлик жогору - 10 млн. АКШ долларынын тегерегинде, ал эми айлык акысы Жогорку соттун судьяларынын айлыгынан жогору. Эреже катары, Парламенттик акыйкатчыларды мурдагы судьялар шайлашат, ал эми акыйкатчынын аппаратында көпчүлүгү мурдагы судьялар иштешет, соттордун кызматкерлери – жогорку адистиги бар юристтер. Ошол эле учурда Парламенттик акыйкатчы эч кандай артыкчылыктарга ээ эмес, кайсыл учурда болбосун мыйзамга каршы келген жүрүм-туруму үчүн ээлеген кызматынан четтетилиши мүмкүн, бирок, институт иштеп келаткан берки 200 жылда мындай эч качан болгон эмес. 

Кыргызстандагы Акыйкатчы институту

Посткоммунисттик коомдогу Акыйкатчы институтунун түзүлүүсүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Ошентип, биринчи жолу Польшада Жарандардын укугун коргоочу орган пайда болуп, 1988-жылдан тартып өз ишин баштаган, ал эми бир жылдан кийин Акыйкатчы кызматы Венгрияда түзүлгөн. Андан соң мындай кызматтар Хорватияда (1990-ж.), Румынияда (1993-ж.), Литвада (1994-ж.) пайда болгон. Акыйкатчынын улуттук институттары кийинчерек мурдагы Югославия Федерациясында, Россия Федерациясында, Өзбекстан, Украина, Латвия, Грузия жана Молдовада негизделген. Ал эми Эстонияда Юстициянын канцлери институту кайрадан жаралган. 2001-2002-жылдарда Чехиянын, Словакиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Кыргызстандын акыйкатчылары иштеп башташкан. Ошентсе да алар ар кандай деңгээлдеги компетенцияларга жана укуктук статустарга ээ.  

2002-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында кабыл алынган. 2002-жылдын 21-ноябрында КР биринчи Акыйкатчысын (Омбудсмен) шайлоо өткөн, 2002-жылдын 13-декабрында Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбай Бакир уулу расмий түрдө кызматка киришкен.

2008-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) болуп Турсунбек Акун шайланган. Ал милдеттерин аткарууга 2008-жылдын 21-февралында киришкен.

2013-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акун мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган. 2013-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) болуп Бактыбек Аманбаев шайланган. 2015-жылдын  25-июнунда КР Жогорку Кеңеши Бакыт Аманбаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндөгү чечимди кабыл алган.  

2015-жылдын 30-декабрында парламент көпчүлүк добуш менен КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) кызматына Кубат Оторбаевди шайлоо чечимин кабыл алган, ага Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча милдеттер тапшырылган.

2018-жылы 27-июнда Кубат Оторбаев КРнын Акыйкатчысы катары ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен токтотууну чечкен. Жогорку Кеңеш токтоосуз түрдө анын арызын карап чыгып, отставкасын кабыл алган.

2018-жылы 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Токон Мамытовду Акыйкатчы кылып шайлашкан.

2021-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңеш аны Кыргызстандын Акыйкатчысы (Омбудсмен) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон.

2022-жылы 2-мартта Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кылып шайлаган, 2023-жылы 3-майда мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2023-жылдын 17-майында Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы Акыйкатчысын — Джамиля Джаманбаеваны шайлады.