Кыйноолор

Кыргызстанда кыйноолорду колдонууга тыюу салынган.1996-жылы 26-июлда өлкө Бириккен улуттар уюмунун  (БУУ) кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазага каршы Конвенциясына кошулган. Кыйноолорго каршы Конвенциянын факультативдик протоколуна - конвенцияга толуктоого (конвенцияга киргизилбей калган, аны толуктоочу жоболор менен процедураларды өз ичине камтыйт) Кыргызстан 2008-жылдын 29-декабрында кошулган.

Кыйноо – бул кимдир-бирөөнүн денесине же психикасына ал же болбосо жана башка адам жасады деген маалыматты алыш үчүн же жасабаган ишти жасады деп мойнуна алдырыш үчүн атайлап жасалган жапа чектирүү. Же болбосо аталган адамды коркутуу же кайсы бир аракетке мажбурлоо.

Кыйноолорго, катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин курмандыгы болуп калган учурда эске ала турган беш кеңеш:

1.Токтоосуз түрдө прокуратура органдарына-прокуратурага караштуу атайын прокурорлор башкармалыгына КРнын Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси боюнча сотко чейинки иликтөөнү козгоо жөнүндө арыз менен кайрылыңыз. Кайрылууда сизге карата кыйноо колдонгон тараптардын аты-жөнүн, наамын, каймана атын (эгер белгилүү болсо) көрсөтүңүз; сизге кыйноо колдонушкан имараттагы жагдайдын деталдардын көрсөтүңүз; сиздин көз карашыңыз боюнча кыйноонун себептерин тастыктап берүүчү күбөлөрдүн атын жазыңыз. Билдирүү оозеки түрдө да болушу мүмкүн, бул үчүн өзүнчө протокол толтурулуп, ага арыз берүүчү жана арызды кабыл алган кызмат адамы кол коет.

2.Арыз бергенден кийин кылмыштарды каттоо китебине (ККК) токтоосуз түрдө катталыңыз. Эгерде эркин эмес же эркинен ажыратылган жайда болсоңуз өз алдыңызча же болбосо жактоочу аркылуу мындай арыз менен баардык жабык мекемелерди дайыма текшерип келген көзөмөлдөөчү прокурорго кайрылыңыз. Милдеттүү түрдө  ходатайствонун, даттануунун, арыздын көчүрмөсүн өзүңүзгө алып калыңыз.

3. Прокуратура кызматкеринен дененин сабалганын тастыктоочу соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтомун жана моралдык зыян менен жабыр тарттыруунун даражасын аныкташ үчүн соттук-психологиялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдорун алып калыңыз. Бүтүм менен таанышкандан кийин анын көчүрмөсүн  фотого тартып алууну өтүнүңүз же болбосо бүтүмдү өзүңүз сүрөткө тартып алыңыз (экспертиза жүргүзүү күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле экспертизанын номерин, экспертиза жүргүзгөн дарыгердин аты-жөнүн жазып калыңыз). Соттук-медициналык экспертиза борборунан экспертизадан өтүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, эгерде сиз эркинен ажыратуу жайында эмес болсоңуз, кайсы гана медициналык мекемеге болбосун кайрылып, дененин сабалганын документтештирүүгө болот. Дененин жабыркаганынын себеби катары ден соолугуңузга зыян келтирген органды, эгерде белгилүү болсо сизге кол көтөргөн укук коргоо же башка органдардын кызматкерлеринин аты-жөнүн, кызматын жазып көрсөтсөңүз болот. Милдеттүү түрдө сиз көрсөткөн себептерди сизди карап жаткан медицина кызматкери каттоого алганын тактап коюңуз. Кылмыш ишинин материалы үчүн арызга  жалпылаш үчүн бул документтин түп нускасын алыңыз.      

4.Кылмыштарды каттоо китебине сиздин арыз катталган күндөн тартып сотко чейинки иликтөө башталат, ал кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын нормаларына ылайык, кылмыш ишинин татаалдыгын эске алуу менен ыңгайлуу мөөнөттө аякташы керек.  

5.Эгерде сиздин арызды кабыл алуудан баш тартышса, ошондой эле кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарышса жана сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө сиздин укуктарыңыз бузулса, сиз КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык, сиздин укуктарыңыз бузулганы жөнүндө, же болбосо кылмыш ишинин токтотулганы жөнүндө токтом колуңузга тапшырылган күндөн тартып 15 сутканын аралыгында кызматы жогорку турган прокурорго же болбосо сотко арыз менен кайрылсаңыз болот. Өз арызыңызга жаракат алганыңыз жөнүндө документтештирилген тастыктамаларды тиркеңиз (мисалы, кыйноо жөнүндө арыздын көчүрмөсүн; соттук-медициналык бүтүмдөрдү жана башка экспертизаларды, оорунун баяны, психологдун кабыл алуусунун көчүрмөлөрүн, травмпункттан алынган маалымат каттын көчүрмөсүн); күбөлөрдүн кат түрүндө жазылган, сиздин жүйөлөрдү тастыктай турган, нотариустан күбөлөндүрүлгөн көрсөтмөлөрүн; сиздин арыз боюнча текшерүүгө карата өзүңүздүн эскертүүлөрүңүздү).

Эгерде сиз, сиздин жакындарыңыз, досторуңуз, тааныштарыңыз кыйноонун, катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин курмандыгы болуп калган учурда сиз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна кайрылсаңыз болот.

Дарек жана телефондор: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120, 0312 66 32 80, факс: 0312 66 33 32.