Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 3244 -VI 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу токтом
2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүндөгү 2-пунктка ылайык 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы эске алынсын.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карап чыгышы үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары – Акыйкатчы (Омбудсмен)) төмөнкүдөй сунуштамалары жөнөтүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-төмөнкүлөрдү караган мыйзам долбоорлорун демилгелесин жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин жана башка мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын104-беренесинин 6-пунктунун ченемдерине ылайык келтирүү;
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 62-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 12-пункттун, 35-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 20-пункттун ченемдеринин ортосундагы ача түшүнүктөрдү жоюу;
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 318-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдарды компенсациялоо анын эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш болгон субъектти аныктоо; бузуу жөнүндө иш бузуу жасалган жер боюнча же болбосо бузуунун субъекти жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан карала тургандыгы жагынан көрсөтүлгөн кодекстин 325-беренесин тактоо; бир түрдүү мамилени камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин ченемдерине окшоштугу боюнча жоопкерчиликтен бошотуу үчүн негиз менен тараптарды жараштыруу;
-Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1028-статьясында белгиленген моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо механизмин кайра кароо зарылчылыгын кароо, анын ичинде моралдык зыянды компенсациялоо суммасынын чегин (мисалы, 5000 (беш миң) эсептик көрсөткүч) белгилөө маселесин иликтөө жана зарылчылык болгон учурда тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
-Акыйкатчы (Омбудсмен) менен бирдикте:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын катышуусу менен “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына төмөнкүлөр жагынан өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө:
прокуратура органдарына Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна карата мыйзамдарды бузуунун конкреттүү учуру/фактысы боюнча гана жана көрсөтүлгөн институт мыйзамдарды бузгандыгынын жол берилген конкреттүү фактысы жөнүндө маалымат камтылган жарандын прокуратура органдарына алдын-ала (ушул эле учур/факт боюнча) кайрылуусунун (же болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын актысынын) негизинде гана тиешелүү текшерүүнү жүргүзүү укугун берүү;
прокуратура органдары Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна карата пландуу, системалуу жана башка түрдөгү текшерүүлөрдү (укук бузуунун белгилүү болгон конкреттүү фактысы менен байланышпаган) жүргүзүшүн жокко чыгаруу;
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында анын ар жылдагы бюджетинин долбоорун түзүү тартибин кайра карап чыгуу жагынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын иликтөө;
төмөнкүдөй маселелерди кароо:
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын жана анын Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жазаны жана коомдон бөлүп салуу менен байланышкан жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге атайын уруксаты болбостон баруу укугуна ээ болгон субъекттердин чөйрөсүнө киргизүү;
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), ошондой эле көрсөтүлгөн берененин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар түзөтүү мекемелерине кино, фото жана видео аппаратураны алып кириши жана аларды колдонушу атайын уруксат болбостон жүзөгө ашырылат деген ченемди киргизүү;
-Ченемдик укуктук актыларды түгөлдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын өкүлдөрүн чакыруу менен ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесинин жана “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине шайкеш келиши жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын түгөлдөөнү жүргүү;
-Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин анын кызыкчылыгында соттук териштирүү жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу болгон учурда жабык соттук жыйналыштарга катышууга Акыйкатчынын (Омбудсмендин) укугун караган ченем менен толуктоо жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөө тууралуу маселени кароо;
-Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен бирдикте адвокаттык ишти аткаруу укугуна лицензия алган адамдар үчүн бир жолку кирүү мүчөлүк төгүмдөрүнүн өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын Съездинин чечимдерин мамлекеттик антимонополиялык жөнгө салууну белгилөө жагынан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө;
-паллиативдик жардамды өнүктүрүүгө, анын ичинде катуу таасир берүүчү, ооруну сездирбей коюучу дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн контекстинде өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын комплекстүү талдоону жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле улуттук саламаттыкты сактоо тутумунун алкагында калкты үйүндө жана стационарда паллиативдик жардам менен камтууну бара-бара кеңейтүү артыкчылыктуу багыты болуп калууга тийиш болгон паллиативдик жардамды өнүктүрүү планын иштеп чыгуу;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке орноштурууну жана өз алдынча иш менен камсыз болууну колдоо боюнча чараларды көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына киргизүүнү камсыз кылуу;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке кабыл алууда иш берүүчүнү стимулдаштырууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка квоталар боюнча ишке орноштуруу кепилдиктерин белгилөөгө багытталган мыйзам долбоорун демилгелөө жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграциялык кызматтын чет өлкөлөрдөгү (Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы) кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү;
-Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине “эмгек мигранттарынын балдары” аныктамасын киргизүү жагынан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын кароо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына балдарды кароосуз (камкордуксуз) калтыргандыгы үчүн ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдардын) жоопкерчилигин белгилөөнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени иликтөө;
-балдарга карата зомбулуктун алдын алуунун, ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарын табуунун системалык чараларын иштеп чыгуу;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тараптардын жарашуусуна байланыштуу жаш балдарга карата атайлап жасалган кылмыштар жана жосундар боюнча өндүрүштү токтотуу (жоопкерчиликтен бошотуу) мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөө жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
-эки тараптуу эл аралык келишимдерди түзүү аркылуу Кишинев жана Минск конвенцияларынын катышуучусу болуп саналбаган мамлекеттер менен алименттик милдеттенмелерди аткаруу механизмдерин жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү;
-алимент төлөөдөн атайлап качкан карызкорлорду табуу жана аларды жазык жоопкерчилигине тартуу максатында соттук аткаруучуларга эмгекке жарамдуу карызкорду жумушсуз катарында эсепке турууга сот аркылуу милдеттендирүү ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө маселени талдоо;
-Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине эмгекке жарамдуу карызкорду жазык-укуктук таасир этүүнүн кошумча чарасы катары мажбурлаган эмгекке тартууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрстөндөрдүн түзүмүнө карата – ар башка диндеги жана ынанымдагы адамдардын сөөгүн коюу үчүн аларды секторлорго бөлүү жөнүндө талапты бекемдөө зарылчылыгын иликтөө, ошондой эле сөөк коюу үчүн жер участокторун берүү тартибин жөнгө салуу;
-төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун демилгелөө жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү:
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, зарылчылык болгон учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренесинин талаптарын толук көлөмдө ишке ашырууга багытталган башка ченемдик укуктук актыларга;
доогер доо талаптарын кийин азайтышынын натыйжасында келип чыккан ашыкча төлөнгөн сумманы кайра кайтаруу мүмкүнчүлүгү жагынан Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине;
эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөй тургандыгын белгилеген ченемди кайра карап чыгуу жагынан Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 140-беренесинин 2-бөлүгүнө;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматты зарыл адамдык ресурстар менен комплекттөөнү жана алардын кесиптик даярдыгын артыкчылыктуу тартипте камсыз кылуу;
-кийин окутууну жана маалыматтык өнөктүктү уюштуруу менен эксперттердин компетенциясынын жана маселелерди экспертизага коюунун маселелери боюнча экспертизаны дайындай турган адамдар (тергөөчүлөр, адвокаттар, судьялар) үчүн нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү;
-“Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясында аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик кепилдиктердин программаларына ылайык медициналык камсыз кылууну жүргүү жана эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жерлеринде системалуу кодулоону токтотуу боюнча чараларды көрүү;
-“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары – ЖАМК) үчүн жалпы дарылоо тармагынын оорулары жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги оорулар боюнча өз-өзүнчө статистикалык маалыматтарды киргизүү үчүн эркиндигинен ажыратуу жерлеринде кармалып турган адамдардын оорулары боюнча статистикалык эсепке алуунун бирдиктүү формасын киргизүү;
-аткаруу бийлик органдары Акыйкатчынын (Омбудсмендин) психиатриялык мекемелерде жүргөн адамдардын укуктарын бузууну жоюуга багытталган сунуштамаларын аткарышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
-“Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзүнүн эмгек ишинин негизги бөлүгүн бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жүзөгө ашырган жарандардын пенсияларына үстөк акыны сактоо жагынан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун демилгелөө жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына мамлекет төлөгөн каражаттарды кийин ата-энелерден өндүрүп алуу менен балдарга алименттердин бекитилген минималдуу өлчөмүн мамлекет төлөшүн камсыз кылуу жагынан өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо;
-“Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна мамлекеттик алымдын ставкаларында кандай болгон күндө да (башкача айтканда доонун суммасы канчалык көбөйбөсүн) 60 миң сомдон ашууга тийиш болбогон өндүрүп алынуучу алымдын суммасынын чегин белгилөөнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени иликтесин;
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
-мыйзамдардын так жана бирдиктүү аткарылышын көзөмөлдөөнүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди аткарбоого байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукка дайыма маалымдап туруу;
-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - Кыргыз Республикасынын ИИМ), Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирдикте соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерде каралган дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик жөнүндө жоболорду өзгөртүү жагынан прокуратуранын, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн методикалык сунуштамаларды даярдоо;
-алгачкы текшерүү органдарына жана тергөө органдарына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу жана жарандарга карата жазык иштерин мыйзамсыз козгоого жол бербөө боюнча ишти күчөтүү;
-Ысык-Көлдү коргоонун Эл аралык экологиялык фондунун мүлкүн кайра кайтаруу боюнча соттук чечимдерди аткаруу жагынан Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызмат адамдарынын аракетсиздигине укуктук баа берүү;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аскер кызматчыларынын (мөөнөттүү кызматтагы солдаттар) телефондук сүйлөшүүгө жана кат алышууга укугун ишке ашырышы үчүн шарттарды түзүү жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы сот департаменти:
-тиешелүү органдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ИИМи, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматы, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыксын, ошондой эле издөөдө жүргөн алимент боюнча карызкорлордун бирдиктүү маалымат базасын киргизүү боюнча чараларды көрүү;
-алименттерди төлөө маселелери боюнча түшүндүрүү ишин күчөтүү, анын ичинде маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу аркылуу күчөтүү, соттук аткаруучуларды алименттерди төлөө зарылчылыгы жөнүндө, алименттик милдеттенмелер боюнча соттун чечимин аткарбай коюунун кесепеттери жөнүндө билдирмелерге эскерткичтерди тиркөөгө милдеттендирүү;
-аткаруу өндүрүшүндө медиация институтун колдонуу практикасын кеңейтүү боюнча чараларды көрүү;
-Соттук аткаруучулар кызматында алименттик милдеттенмелер маселелери жана балдардын укуктарын ишке ашыруу боюнча үй-бүлөлүк талаштар, ошондой эле алименттер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырып жаткан соттук аткаруучуларды кубаттоо жагынан гана иш жүргүзгөн өзүнчө түзүмдүк бөлүмдү түзүү маселесин иликтөө;
5) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы экстремизмди табуу жагынан дин таануу экспертизасын жүргүзүү практикасын токтотушу жана тергөө органдарынан келип түшкөн материалдарды карабай туруп кайра кайтарышы боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
-иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүчү мамлекеттик кызматтар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди аткарышына контролдун натыйжалары жөнүндө министрликтин расмий сайтында коомчулукка дайыма маалымдап турууну камсыз кылуу;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн мамлекеттик кызматтарында расмий каттоого тартуу боюнча тиешелүү ишти жүргүзүүнү, ишке жана кайра окутууга жөнөтүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар боюнча кайчы байланыштын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу;
-мигранттардын балдарынын жана жашоонун оор кырдаалына кабылган балдардын маалымат базасын түзүү жана анын туруктуу негизде иштеши жөнүндө маселени кароо;
-мигранттардын балдарын табуу боюнча мониторингди дайыма жүргүзүп туруу жана белгиленген тартипте аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү;
-балдардын иштери боюнча комиссиянын ишине контролду күчөтүү боюнча чараларды көрүү;
7) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
-өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окуп жаткан, өсүп келе жаткан муундун, окутуучулардын жана ата-энелердин арасында укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты жогорулатууга багытталган иш-чараларды мамлекеттик деңгээлде жүргүзүү, анын ичинде укуктук жана этикалык-адептик тарбиялоо боюнча маалыматтык материалдарды чыгаруу, билим берүү жана адамдын укуктары жагынан видео материалдарды даярдоо жана көрсөтүү аркылуу жүргүзүү;
-балдардын эмгегине жана балдарды эксплуатациялоого жол бербөө боюнча алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү;
8) Кыргыз Республикасынын ИИМи адам укуктарын сактоо маселелеринде билимдерди жогорулатуу боюнча өздүк курамдын арасында туруктуу иш жүргүзсүн;
9) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
-ФОМС менен бирдикте Саламаттык сактоо министрлиги жана ФОМС жөнүндө жоболорго ылайык эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жерлеринде кармалып турган адамдарга саламаттык сактоонун берилип жаткан кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча ЖАМКнын жана ИИМ ИВСтин медициналык кызматынын ишинин мониторингин жана баалоону жүргүү;
-“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында үч айлык мөөнөттө ИИМ ИВСте кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү стандарттарын жалпы саламаттык сактоо тутумундагы базалык медициналык кызмат көрсөтүүнүн пакетинин ушундай эле стандарттарына ылайык келтирүү;
-пенитенциардык мекемелерде медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуу-методикалык комплексти иштеп чыгуу жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын врачтардын квалификациясын жогорулатуу боюнча программасына киргизүү;
-клиникалык-социалдык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, социалдык, анын ичинде үй-бүлөлүк өз ара аракеттенүү, социалдык тармакты кеңейтүү, социалдык-эмгектик жактан кайрадан калыбына келтирүү үчүн социалдык дезадаптациянын ар түрдүү варианттары, социалдык өкүм сүрүүнүн көйгөйлөрү бар оорулууларга көп кесиптик жардам (ал психиатрларды, психологдорду, психотерапевттерди, социалдык кызматкерлерди камтыйт) көрсөтүүгө арналган ооруканадан тышкаркы реабилитациялоо сыяктуу психиатриялык жардамдын альтернативдүү формаларын жашаган жери боюнча өнүктүрүү;
-психиатриялык мекемелерде иштөө үчүн адистерди алгачкы даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутумун өркүндөтүү, ошондой эле алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде соматикалык профилдеги врачтар менен өз ара аракеттенүү, алгачкы медициналык тармак мекемелеринде психикасы бузулуудан жабыркаган адамдарды табуу жана кароо маселелери боюнча алгачкы медициналык жардам врачтарын даярдоо маселелери боюнча психиатр врачтарды кошумча даярдоо аркылуу өркүндөтүү;
-психиатриялык мекемелерде пациенттерди дарылык тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн дарылоочу тамактануу боюнча кеңештердин иштеши жөнүндө маселени кароо;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
-ЖАМКнын мекемелеринде психологдордун, социалдык кызматкерлердин жана психоневрологиялык бөлүмдүн адистеринин штаттык бирдиктеринин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка булактардан (тууган-туушкандар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар ж.б.) келип түшкөн дары-дармек препараттарын кабыл алуу жана СИЗОдо кармалып турган адамдарга берүү жол-жобосун кароо;
-Саламаттык сактоо министрлигинин Зомбулукту жана кыйноону документке түшүрүү боюнча практикалык колдонмосуна ылайык зомбулукту жана кыйноону документке түшүрүү тартибин (Стамбул протоколунун принциптери) киргизсин;
-эгерде төмөнкүдөй жардамды ЖАМКнын дарылоо мекемелеринде алуу мүмкүн болбосо, госпиталдаштырууга муктаж болгон пациенттерге квалификациялуу медициналык жардамдын аймагы боюнча көрсөтүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо мекемелери менен макулдашуу түзүү;
-эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлеринде жүргөн оорулуулар үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында көрсөтүлгөн министрлик менен бирдикте ойдогудай кайтаруусу жана коопсуздук системасы бар палаталарды уюштуруу;
-Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ФОМС менен бирдикте Бирдиктүү төлөөчү тутумун пайдалануу менен соттолгондорго минималдуу медициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө биргелешкен келишимди түзүү маселесин кароо;
-ФОМС менен бирдикте эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлеринде минималдуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн көрсөтүлгөн Фонддун бюджетин жана штаттык санын көбөйтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгелөө маселесин кароо;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы эмгек акы боюнча карызды төлөө маселесинде чет өлкөлөрдө, атап айтканда, Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү боюнча чараларды күчөтсүн;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо, анын ичинде көрсөтүлгөн адамдарды ишке орноштуруу жана өз алдынча иш менен камсыз болуу боюнча нормативдерди ишке ашыруу механизминин туруктуу мониторингин жүргүзүү;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жөнүндө иш берүүчүлөргө маалымдоо боюнча ишти туруктуу негизде жүргүзүү;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди бекитүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга контролдук кылуу боюнча чараларды көрүү;
-жашаган жери боюнча психиатриялык, социалдык-психологиялык жардамды өнүктүрүү боюнча чараларды тиешелүү программаларга киргизүү жөнүндө маселени кароо;
-алгачкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте өз алдынча жардам топторун түзүүгө көмөктөшүү.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар жылдагы баяндаманы угуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамаларын ишке ашыруу боюнча маалыматты ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сунуштамаларды ишке ашырышынын мониторингин жүргүзсүн жана кезектеги ар жылдагы баяндаманы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү учурунда маалымат берсин.
Төрага Д.А. Джумабеков