Карыларды документтештирүү. Акыйкатчы жарандарга советтик үлгүдөгү паспортторду алмаштырууга жардам берүүдө

31/07/2025 - 10:35

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун көмөгү менен СССРдин күбөлүгү менен жүргөн Бишкек шаарынын тургуну биринчи жолу кыргыз паспортун алды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын “Кызмат” мамлекеттик мекемесине кайрылуусунан кийин, биргелешкен аракеттердин жыйынтыгында жаранга документ эки күндүн ичинде даярдалды.

Айта кетсек, Акыйкатчыга Россиянын жараны Ч.Т. Бишкекте жашаган өзүнүн 58 жаштагы эжеси И.С.га паспорт алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп кайрылган.

И.С. учурда Республикалык психиатрия жана наркология борборунда дарыланып жатат.

Ал төрөлгөн күндөн бери Бишкек шаарында жашайт.  

Бирок ал мурдагы советтик үлгүдөгү паспортун жетиштүү деп эсептеп, жаңысын алууга муктаждык болмоюнча аракет көргөн эмес.

2010-жылы аял психикалык жактан жабыркай турганы аныкталган. Паспорту жок болгондуктан ага майыптык боюнча пенсия дайындалбай келген жана психоневрологиялык стационарга жаткырылбай, туруктуу медициналык жардам ала албай жүргөн.

И.С. ден соолугуна байланыштуу өзү документтерди топтой албай, анын ордуна Октябрь районунун калкты тейлөө борборуна (ЦОН) бир тууганы Ч.Т. кайрылган. 

Бирок анын айтымында, ал жерде кызматкерлердин орой мамилесине кабылып, алар оорулуу адамдын өзү келип, сүрөткө түшүп, биометрикалык маалымат бериш керектигин талап кылышкан.

Ч.Т. оорулуу эжесинин стационарда экенин түшүндүргөнүнө карабастан, бул жагдай эске алынбай, көчмө кызмат көрсөтүү өтүнүчү четке кагылган.

Бул жагдайды эске алуу өтүнүчү менен Акыйкатчы Институту «Кызмат» мамлекеттик мекемесине расмий кат жөнөткөн.

Катта психоневрологиялык мекемелерде дарыланып жаткан же жашап жаткан жарандар өзгөчө аярлуу катмардагы адамдар болуп эсептелгендиктен, документтерин калыбына келтирүүдө жардамга муктаж экени баса белгиленген.

Акыйкатчы Институтунун кайрылуусунун негизинде жарандыкты аныктоо боюнча комиссия жыйын өткөрүп, И.С. Кыргызстандын жараны катары таанылды. 

Ага 2025-жылдын 17-июлунда шашылыш түрдө ID-карта (паспорт) берилди.

Паспорт алган күнү эле аялга майыптык дайындалып, Токмок шаарындагы психоневрологиялык интернатка стационардык дарыланууга жолдомо берилди.

Учурда Акыйкатчы Институту дагы үч улгайган жаранга өздүк документин алып берүүдө жардам көрсөтүп жатат.

Алардын бири — Бишкек шаарынын 1964-жылы туулган тургуну, экинчиси - мурда соттолгон 1963-жылы  туулган К.С., экөө тең ар кандай себептерден улам СССРдин паспортун алмаштырган эмес.

Ошондой эле, Джалал-Абад облусунун тургуну, 1951-жылы туулган Б.Л. аттуу аялга дагы жардам көрсөтүлүүдө. 

Анын паспорту мурда күйөөсү тарабынан бир ирет айрылып, кийин өрт учурунда күйүп кеткен. 

Институттун кызматкерлери арыз ээлери менен тыгыз байланышта болуп, иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп турушат.

2025-жылдын алты айында Акыйкатчы Институтуна паспорт, жарандык жана өздүк документтерге байланыштуу 35 кайрылуу келип түшкөн.

Калктын аярлуу катмарынын документтерин калыбына келтирүү боюнча Акыйкатчы Институту активдүү иш алып баруусун улантат.