Акыйкатчынын жардамы менен жол кырсыгынан оор жаракат алган жарандын иши сотко жетти

12/08/2025 - 12:23

Акыйкатчы Институту жол кырсыгынан оор жаракат алган Талас облусунун тургунунун укуктарын коргоого жардам көрсөттү. 
15-юлда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Талас облусуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын тургуну Э.Ч. жол кырсыгына күнөөлүү болгон  Н.у.Э. атуу жаранга карата милиция чара көрбөй жатканын айтып, укуктук жардам берүүнү өтүнгөн.  Анын айтымында жол кырсыгынын кесепетинен жолдошу оор абалда. 

Аял өз арызында, ушул жылдын 25-май күнү болжол менен 22:07 чамасында Ч.Айтматов жана М.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен Mercedes-Benz E 210 үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдык менен каршы тилкеге чыгып Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү арыздануучунун жолдошу башкарып келе жаткан унааны сүзгөнүн жазган. 

Анын айтымында, жол кырсыгы катталган учурда айдоочу Н.у.Э. мас абалында экени медициналык кароо учурунда тастыкталган. 

Жолдошуна дарыгерлер  диафрагманын айрылышы, тизеси сынган деген диагноз коюп, эки жолу операция жасалган. 

Арыз ээсинин айтымында, жол кырсыгына байланыштуу видеоматериалдар жана күбөлөр бар. 

Жабыркаган тарап 28-май күнү эле райондук милицияга арыз менен кайрылган. 

Бирок РИИБнин тергөөчүсү Н.Т. кылмыш ишин козгобой, соттук-медициналык жана автотехникалык экспертизалардын жыйынтыгын күтүү керектигин билдирген. 
Андан кийин, 4-июлда “кылмыштын курамы жок” деген жүйө менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган.

“Учурда биздин үй-бүлө өтө оор абалда. Мен күйөөмдү карап, жумушка чыга албай жатам. Биз кредиттерди жана балдарыбыздын окуу келишимдерин төлөй албай жатабыз. Жол кырсыгына күнөөлүү адам кечирим сурамак турсун, бизди күнөөлөп, басым көрсөтүп жатат. Күйөөмдү дарылоого жана калыбына келтирүүгө керектүү акчаны туугандарыбыз чогултуп беришти”, — деди Э.Ч.

Акыйкатчынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 16-июлда Э.Ч.нин арызын карап чыгуу үчүн райондук прокуратурага расмий кат жолдогон.
Райондук прокуратура 24-июлда  соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен А.М. ден соолугуна оор залал келтирилгени тастыкталганын билдирип жооп жөнөткөн. 

Ошондой эле автотехникалык экспертизанын жыйынтыгын изилдегенден кийин, ишти РИИБне кошумча териштирүү үчүн кайра жөнөткөнү маалымдалган.

Андан соң, Айтматов районунун тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздык менен ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери аяктап, Н.у.Э. кармалып, иш сотко өткөрүлдү.