Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен жарандын пенсиялык укугу калыбына келтирилди
КРнын Акыйкатчы Институту (Омбудсмен) жаш курагына байланыштуу пенсиясын ала албай жаткан Нарын облусунун тургунуна жардам берди.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага 1977-жылы туулган И.Э. аттуу жаран пенсия төлөмдөрүн калыбына келтирүүгө көмөк сурап кайрылган.
Ал өз арызында, Нарын обулусунда туулуп, 2000-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылына турмушка чыгып, жолдошу менен аталган айылда жашап келгенин жазган.
И.Э.нин айтымында, 2008-жылдан 2019-жылга чейин Ат-Башынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген. Ага 2019-жылы айыл чарба багытындагы жер белекке берилген, ал жер салыгын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп турган.
2020-жылы күйөөсү каза болуп, анын колунда эки студент баласы жана мектеп курагындагы кызы калган.
Жолдошу каза болгондон кийин, убактылуу Бишкекте тигүүчү болуп иштеп, күйөөсү мурас кылып калтырган Кызыл-Туу айылындагы үйүнө да барып турган.
Анын айтымында, 2022-жылы Ат-Башы райондук социалдык фондго пенсия чегерүү боюнча кеңеш суроо үчүн кайрылганда, ага 45 жаштан пенсияга чыгуу үчүн 1 жыл 4 ай эмгек стажы жетишпей турганы айтылган.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, тоолуу аймакта жашаган жана иштеген аялдарга, ошондой эле үч же андан көп баланы сегиз жашка чейин тарбиялаган энелерге 45 жаштан тартып пенсия дайындалат, эгерде 15 календардык жыл тоолуу шартта жашап-иштеген болсо.
Бирок 2024-жылдын май айында, И.Э. 47 жаш курагында Ат-Башы райондук социалдык фондуна кайра барганда, кызматкер А.Р. анын документтерин карап чыгып, пенсия чектөөдөн баш тарткан.
Анын жүйөсү боюнча, кичүү кызы Бишкекте окуганы үчүн, бул жактан пенсия чектелиши мүмкүн эместигин айткан.
И.Э. бардык документтерин алып, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук социалдык фондко кайрылган. Ал жерден анын документтери толук жана мыйзамга шайкеш экендиги айтылып, ага пенсия дайындалган.
Ал бир айлык төлөмдү алгандан кийин эле, анын документтери жашаган жана иштеген жери боюнча Ат-Башы соцфондуна жөнөтүлүп, пенсия төлөмү кайра токтотулган.
Ал эми, Ат-Башы Соцфондунун кызматкерлери И.Э.нин Кызыл-Тууда акыркы 3–4 жылда жашабаганы тууралуу акт түзүп, кошуналарынан да түшүнүк кат алышкан.
Жарандын кайрылуусунан кийин, Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ат-Башы райондук социалдык фондго расмий кайрылуу жолдошкон.
Ал жактан берилген жоопто, Свердлов райондук социалдык фонд пенсияны Ат-Башы фондунан маалымат тактабастан дайындоого шашылганы айтылган.
Институттун кызматкерлери жүргүзгөн мониторингдин негизинде, Ат-Башы соцфондунун ишинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Арыз түшкөндөн кийин 14 күндүн ичинде айыл өкмөтүнөн маалымат алуу милдети аткарылган эмес.
Эгер күмөн саноо жаралса, жетекчиликтин буйругу менен комиссия түзүлүп, акт түзүлүп, арыз ээси жазуу түрүндө кабарланууга тийиш болчу.
Бирок, акт пенсия дайындалгандан кийин гана түзүлгөн, тиешелүү буйрук жок болгон, ыйгарым укуксуз адамдар тарабынан кол коюлган жана каттоо журналына киргизилген эмес. Ошондуктан анын юридикалык күчү жок деп табылды.
Мындан тышкары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кошуналары да И.Э.нин Кызыл-Тууда жашаганын тастыкташкан. Ал чындап эле ошол айылда жашап, үч баласын сегиз жашка чейин тарбиялаган. Бул анын мыйзам боюнча пенсия алууга укугун ырастайт.
Акыйкатчы анын эмгек стажын жана үч баланын энеси экенин эске алуу менен пенсиялык укугун калыбына келтирүү боюнча сунуш киргизген.
Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ат-Башы соцфонду комиссия түзүп, кайрадан акт түзүп, маселе арыз ээси И.Э.нин пайдасына чечилди.
Ага 2024-жылдын июнь айынан тартып ай сайын 6900 сом өлчөмүндө пенсия дайындалды. Алгачкы төлөмдөрүн аял ушул жылдын август айынан баштап ала турганы маалымдалды.
Акыйкатчы Институту жарандардын укуктарын коргоп, пенсиялык төлөмдөрдү калыбына келтирүү жана адилеттүү социалдык камсыздандырууну камсыз кылуу боюнча иштерин улантат.