Акыйкатчы Институтунун жардамы менен жаран 20 жылдан кийин жер тилкесине кызыл китеп алды

07/08/2025 - 16:14

Акыйкатчы  Институтунун жардамы менен жаран Н.Б. жыйырма жылдан кийин жер тилкесин мыйзамдаштырды. 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургуну жер тилкесине болгон укуктары бузулуп жатканына даттанган. 

Н.Б.нын айтымында, ал 1992-жылы жергиликтүү бийликтин чечими менен  турак жай куруу максатында жалпы аянты 15 сотых  жер тилкесин  алган. Жер тилкеси 2005-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан анын наамына катталган. 

Бирок ошол учурда ага  тиешелүү кызмат мамлекеттик акт берүүдөн баш тартып келишкен. Себеби, анын жери сугат айдоо жеринде жайгашканы, башкача айтканда айыл чарба багытындагы жер катары эсептелгендиктен “кызыл китеп” алуу үчүн жердин категориясын өзгөртүү талап кылынган. 

2023-жылы өлкө боюнча жер амнистиясынын алкагында Н.Б. жерине мамлекеттик акт алуу үчүн кайрадан арыз менен кайрылгын. 

Бирок, анын жеринин категориясы өзгөртүлүп, башка адамдын наамына берилип кеткенин уккан. 
2023-жылы акимиаттын алдындагы жер комиссиясынын чечими менен участоктун категориясы өзгөртүлүп, менчик укугу башка адамга өтүп кеткени маалым болгон. 

Н.Б. комиссиянын бул чечимин жокко чыгаруу үчүн, Нарын облустук административдик сотуна кайрылып, сот анын пайдасына чечип берген. 

“2024-жылы эле  сот менин пайдама чечип бергенине карабастан азыркы күнгө чейин “кызыл китеп” ала албай келем. Акимиат менен Мамлекеттик каттоо кызматы улам бири-бирине жөнөтүшүп,  маселени чечпей келишет”, - дейт арыздануучу. 

Акыйкатчы Институту  Ак-Талаа райондук администрациясына жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин райондук бөлүмүнө жарандын маселесин чечүүгө эмне тоскоолдук болуп жатканы тууралуу толук маалымат  сурап,  “кызыл китеп” алууга жардам көрсөтүүнү сунуштап кат жолдогон.

Институттун кайрылуусунан кийин,  жер амнистиясы боюнча комиссия Н.Б.нын арызын кайра карап чыгып, бул жолу анын пайдасына чечим чыгарды.
Жаран көптөн күткөн менчик укугуна ээ болуп, “кызыл китебин”  колуна алды. 
2024-жылдын ичинде эле Акыйкатчы Институтуна жер тилкеси жана турак жай маселелери боюнча 113 кайрылуу түшкөн.