Кыргызстандын Акыйкатчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын жана Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгынын урматына жарыяланган Мунапыс жөнүндө мыйзамды колдонуу процессин ылдамдатууну сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргызстандын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча КРӨ караштуу ЖАМКсына, Прокуратурага «1941 — 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» КР мыйзамын колдонуу процессин ылдамдатууну сунуштайт.
Акыйкатчынын пикиринде, аталган мыйзамдын жоболорун колдонууну тездетүү соттолгондор арасында жана жаза-аткаруу системасындагы кызматкерлер арасында дагы COVID-19 илдетинин кеңири тарап кетүү кооптуулугун азайтат, ошондой эле боорукердик жана гуманизмдин эл аралык принциптерин так кармоого жана сактоого болгон Кыргызстандын милдеттерин бекемдейт.
«Бүгүнкү күндө дүйнө илимпоздору тарабынан жаңы бактериялык коркунучка каршы чыныгы жана натыйжалуу вакцина табыла элек. COVID-19 ылдамдыкта жана кеңири тарап жатат, бул олуттуу кооптонууну жаратат жана элдин массалык жугузуп алуусун алдын алуу/жок кылуунун ыкчам жана оптималдуу методдорун талап кылат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк тобокелчиликке эл көп чогулган жайларда болгон жана анын ичинде – пенитенциардык системанын мекемелериндеги адамдар туш болушат (ТИЗО жана ТК). Ошол эле учурда камалгандарга жана соттолгондорго иш боюнча ЖАМК кызматкерлери, жактоочулар, тергөөчүлөр, укук коргоо системасынын жана ар кандай укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү кирип, жолугушат, бул аталган вирустун жугуу жана таркап кетүү коркунучун жргорулатат – деп белгилейт КР Акыйкатчысы.
Акыйкатчы аппараты вирустун тергөө изоляторлорунда жана түзөтүү мекемелеринде кайсыл учур болбосун катталышы мүмкүн экендигин белгилейт. Буга байланыштуу, 2020-жылдын 8-майында Президент тарабынан кол коюлган Мунапыс жөнүндө мыйзам Кыргызстандын жабык мекемелеринде бактериологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча абалды жөнгө салат деп эсептейт. Аталган мыйзам 2020-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Атап айтканда, мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан төмөндөгүлөр бошотулат:
1) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
3) жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;
4) анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;
5) жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;
6) көп балалуу аялдар;
7) ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жете электер.
Ошондой эле белгилеп коюу зарыл, Мунапыс жөнүндө мыйзамга ылайык, «соттор (судьялар) жазаларды аткаруу боюнча ыйгарымдуу органдардан келип түшкөн өндүрүштөгү кылмыш иштери жана материалдар боюнча амнистиялар жөнүндө мыйзамды колдонуунун субьекти катары саналат. Соттук отурумдарда аталган Мыйзамды колдонуу тууралуу маселени кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү түрдө болот».
Акыйкатчы тиешелүү кайрылууну КР Жогорку сотунун төрайымы Г.Калиевага, ошондой эле Жазык-аткаруу органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча прокурор А. Молдокматовдун жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК төрагасы М. Турганбаевдин наамына жөнөттү.