Акыйкатчы: Тынчтыкты аялдарсыз курууга мүмкүн эмес
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева коопсуздукту камсыздоодо жана тынчтыкты курууда аялзатынын ролун талкуулаган иш-чарага катышты.
Иш-чара БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” жөнүндө 1325 резолюциясынын кабыл алынганынын 25 жылдыгына арналды.
Анда «Аялдар тынчтыкка жол ачат: Кыргызстанда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырууда жана илгерилетүүдө” кандай иш аракеттер көрүлүп жатканы талкууланды.
Ага БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик, БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, ЕККУнун полициялык маселелер боюнча программалык кеңешчиси Милица Иванова, ИИМдин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү жана активист аялдар катышышты.
Акыйкатчы тынчтык жана коопсуздукту чыңдоого арналган иш-чаралардын уюштурулушунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Акыйкатчы Институту аялдардын укуктарын коргоого, зомбулук жана дискриминацияга каршы аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле гендердик теңчиликти — тынчтык менен социалдык адилеттүүлүктүн негизи катары илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурат”- деди Жамиля Жаманбаева. 
Акыйкатчы белгилегендей, тынчтык аялдардын катышуусуз мүмкүн эмес, алардын үнү, тажрыйбасы жана лидерлиги адилеттүү жана туруктуу коомду курууда чечүүчү мааниге ээ.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 2000-жылы “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” жөнүндө 1325 резолюциясын кабыл алган. Кыргызстанда 2018-жылы Резолюцияны ишке ашыруу боюнча биринчи Улуттук аракеттер планын (УАП) иштеп чыкты.
 
           
       
    