Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов: Гуманизацияга байланыштуу жазык ишин кайра кароо соттолгондордун абалын начарлатпашы керек
Акыркы күндөрү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына республиканын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордон жана камактагылардан улам-улам кайрылуулар келип түшө баштады, алар 2019-жылы жаңы жазык мыйзамдарынын киргизилишине байланыштуу алардын кылмыш иштерин кайрадан кароого жардам берүүнү суранышууда.
Мисалы, соттолуп, №26 колонияда жазасын өтөп жаткан И.М., ага карата козголгон кылмыш иши каралып, эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү бир жылга кыскаргандыгын билдирет. Ошол эле учурда ага буга чейин 2011 жана 2014-жылдарда мунапыс актысы колдонулган болчу, бирок анын кылмыш иши кайра каралганда , ал мунапыс эске алынган эмес, натыйжада, анын жазасынын көбөйүшүнө алып келген.
Буга байланыштуу соттолгон И.М. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөгөн прокуратурасына жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине эсепке алынбай калган мунапысты кайрадан колдонууну өтүнүп кайрылган.
Буга Атайын прокуратура мунапыска байланыштуу маселелер 2019-жылдан тартып сот тарабынан гана карала тургандыгын айтып жооп кылган. Өз кезегинде, сот 2019-жылы Мунапыс жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин, мунапыс прокурордун санкциясы менен колдонулгандыгын айтып, бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан.
Ушундай эле жагдай соттолгон Б.Ж. боюнча да жаралган. Тактап айтканда, Башкы прокуратурадан Акыйкатчынын арыз ээси Б.Ж.га карата кайрылуусуна жооп келип, мындай маселелерди соттор карап чыгышы керектигин жана четке каккан учурда, биринчиден, соттолгон адам аталган чечимге даттаныш үчүн, экинчиден, мындай маселелерди чечүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу үчүн судья өзүнүн чечими жөнүндө кат аркылуу эмес, тийиштүү аныктамасын чыгарууга тийиштиги жазылган.
Бул маселени чечүү үчүн Акыйкатчы аппараты пайда болгон кырдаалды карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку сотко тийиштүү кат жөнөткөн. Жогорку Соттун жообунан (13.02.2020 -жыл чыг. №О-04-301 тартып) белгилүү болгондой, 2019-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган мунапыс актыларын колдонуу КР Өкмөтүнүн алдындагы Жазык аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлгөн. Бирок, 2019-жылы мындай мунапыстар сот тарабынан чечилген фактыларга жана мисалдарга жол берилген. Демек, мунапыс актылары ыйгарым укуктуу органдары жана сот органдары тарабынан тандалып кабыл алынган деп айтса болот.
Акыйкатчы аппаратына сот жана прокуратура органдарынын жооптор келип, алар бири-бирине шилтеме берип, мунапыс актыларын кайра колдонуу маселесин чече албай жатышат. Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы бардык кызыкдар жана катышкан тараптарга Кыргызстандын мыйзамдарында так белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын гуманизацияга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо соттолгондордун абалын начарлатпашы керек -деп эскертет.