Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) расмий логотибин өзгөрттү

27/06/2024 - 11:31

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) расмий логотибин өзгөрттү.
Институттун жаңы логотиби эркиндикти жана адам укуктарын урматтоо дегенди билдирет.
Логотибдеги абада калкып учуп турган көгүчкөн гармонияны жана ар бир адамдын укуктарын менен эркиндиктерин урматтоону көрсөтөт.
Кыргызстандын Конституциясына ылайык, адам укуктары жана эркиндиги Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулугу болуп саналат.
Логотиптин тегерек формасы адамдын укуктарын жана эркиндиктерин ар тараптуу коргоону билдирет.
Тегеректеги ак фон Акыйкатчынын ишмердүүлүгүндөгү таза иш алып баруусун, калыстыгын чагылдырат.
Ал эми, көгүчкөн Акыйкатчынын негизги миссиясын баса белгилеген тынчтыктын, адилеттиктин жана эркиндиктин жалпыга таанылган символу.
Көгүчкөндүн образынын стили боз үйдүн түндүгүн элестет. Ал Кыргызстандын маданий мурастарын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сыйлоонун маанилүүлүгүн билдирет.
Көгүчкөн тиштеп турган бутактагы сары түстөгү жалбырактар Кыргызстандын жети облусунан элес берет.