Евразиялык Омбудсмендер альянсынын IV жыйыны видео- конференция форматында өттү

19/11/2020 - 20:09

18-ноябрда жети мамлекеттин укук коргоочуларын- эл аралык уюмун бириктирген Евразиялык омбудсмендер альянсынын IV жыйыны онлайн режиминде өттү.

Күн тартибинде улуттук акыйкатчы институттарын жакындаштыруу жолдору, ошондой эле COVID-19 «экинчи толкунунун» шартында адам укуктарын коргоо, адам укуктары боюнча мыкты тажрыйбалар менен алмашуу жана калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү маселелери болду.

Жолугушуунун катышуучулары улуттук омбудсмен институттарын жакындатуу, Евразиялык омбудсмен альянсынын алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун, COVID-19 «экинчи толкунунун» шартында адам укуктарын коргоо механизмдерин талкуулашты, адам укуктарынын мыкты тажрыйбалары жана калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоо боюнча тажрыйба алмашышты.

ЕОА мүчөлөрү мигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоонун актуалдуу көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурушту: чет элдик жарандар тарабынан алардын статусун кеңейтүүдөгү кыйынчылыктар, эпидемиологиялык чектөөлөрдүн шартында өлкөлөрдүн аймагына кирүү жана чыгуу көйгөйлөрү, чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайлардагы шарттар, визаларды узартуу, депортация боюнча арыздар жана башка маселелерге өзгөчө көңүл буруп, талкуулашты.

Евразиялык Омбудсмендер альянсынын жыйынынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов сөз сүйлөдү.

Шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=zROT3_o9EVM.

 Казакстан Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимованын Евразиялык Омбудсмен альянсына кошулушу маанилүү окуя болду.

Эске салсак, Евразиялык Омбудсмендер альянсы 2017-жылдын 5-декабрында түзүлгөн. Бул Европадагы жана Азиядагы мамлекеттик укук коргоочулардын аракеттерин бириктирген биринчи  бирлик.

Альянстын мүчөлөрү:

1. Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү

2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)

3. Монголиянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы

4. Армения Республикасынын Укук коргоочусу

5. Иран Ислам Республикасы

6. Сербия Республикасынын Жарандарынын коргоочусу (Омбудсмен)

7. Тажикстан Республикасында Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү

8. Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.