Альберт Колопов: Конституцияда адам укуктары менен эркиндиктерине артыкчылык берилген

28/04/2023 - 11:32

Кыргызстандын Конституциясында алты бөлүм адамдын укуктары жана эркиндиктерине арналган. Бул өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктери артыкчылыкка ээ экенин көрсөтүп турат. Бул тууралуу кечээ, 27-апрелде КРнын Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов “Заманбап Кыргызстандагы демократия жана адам укуктары” деп аталган илимий-практикалык конференцияда билдирди.

“Кыргызстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп маанилүү эл аралык документтерди ратификациялаган. 2021-жылы ички саясий жашоодогу маанилүү окуялардын бири-Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу болду. Баса белгилей кетчү жагдай, негизи мыйзамда алты бөлүм адам укуктары жана эркиндиктерине бөлүнгөн. Алар: жеке укуктар, саясий, экономикалык, социалдык укуктар, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына кепилдиктер. Бул адам укуктары менен эркиндиктери Кыргызстанда мурдагыдай эле приоритеттүү, артыкчылыкка ээ экенин көрсөтүп турат. Ошол эле маалда адам укуктарын сактоо жаатында парламенттик көзөмөлдү ишке ашырган Акыйкатчы институту Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалы боюнча маалымат берип турган конституциялык орган болуп саналат. Адам укуктары жаатындагы эл аралык кабыл алынган милдеттемелерди негиз кылуу менен биз баардыгы толук бойдон чыныгы демократиялык өлкөлөргө таандык болгон тиешелүү соттук жана башка процедуралардын жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн астында корголушуна умтулушубуз керек. Акыйкатчы институту дайыма бул жаатта иш алып барууга жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө даяр. Бүгүнкү иш-чара ошондой биргелешкен иштердин бири”,-деди конференциянын ачылышында сүйлөп жатып Акыйкатчынын орун басары.

Конференциянын максаты-адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган  негиздүү жана маанилүү сунуштарды иштеп чыгуу менен тажрыйба алмашуу экенин анын уюштуруучулары: КРнын Акыйкатчы институту,  Кыргызстандын Юристтер ассоциациясы, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр фондунун өкүлдөрү жыйындын башында бир ооздон белгилешти.

1993-жылы 25-июнда Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк конференцияда Вена декларациясы жана дүйнөдөгү адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүктү чыңдоо боюнча Иш-аракеттер программасы кабыл алынган. Анын кабыл алынганына быйыл 30 жыл толот, бул илимий-конференция аталган датага арналган.

Конференция “Демократия жана адам укуктары-адилеттикке жеткиликтүүлүк”, “Демократия жана адам укуктары-ювеналдык юстиция”, “Демократия жана адам укуктары-квалификациялуу мамлекеттик юридикалык көмөк” деп аталган үч секция менен өттү. 

Негизинен аларда Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүнө жетүүдөгү адамды чектөөчү себептер болгон коррупциялык тобокелдиктер, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкан ардагерлер менен майыптыгы барларды социалдык жактан камсыздоодогу актуалдуу көйгөйлөр, саясий режимдин адам укуктарын коргоодогу таасири, Афганистан согушунун ардагерлеринин маселелери, укук коргоо органдарынын конституциялык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, Кыргызстандагы квалификациялык юридикалык көмөк берүүнүн айрым орчундуу жагдайлары талкууланды.

Мындан тышкары балдар үйүндөгү жана майыптыгы бар балдар үчүн атайын үйлөрдөгү балдар укуктарынын корголушу, Кыргызстандын билим берүү системасындагы реформалар жана сапаттуу жогорку билимге карата жарандардын укуктары, жаштардын укуктары, адвокаттык ишмердүүлүктүн актуалдуу укуктук маселелери тууралуу баяндамалар жасалды.

Конференцияга катышып жаткан россиялык адвокат Антон Истомин Кыргызстандагы жактоочулук ишмердүүлүк тууралуу өз пикирин төмөндөгүдөй бөлүштү:

“Россия менен Кыргызстандын жактоочулардын ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу мыйзамдардын окшош жактарын эске алуу менен мен Кыргызстанда жактоочу өзү кызыкчылыгын коргоп жаткан адамдын укуктарын коргоо боюнча аракеттенүүдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ деп айтат элем. Ал өзү кызыкчылыгын коргоп жаткан адамдын укуктары жок дегенде аны кармоо боюнча маселеде, аны камакка алууда, сот процессинин убагында бөгөт чарасын кабыл алууда ыкчам корголот деп ишенет. Бул албетте оптимизмди пайда кылат. Тергөөнүн мөөнөтү, тергөө аракетин жүргүзүүдөгү тергөөчүнүн ыйгарым укуктары, ошондой эле жактоочунун укугун коргоп жаткан адам менен бирге кепил болушу мыйзам боюнча корголот жана сакталат. Бул Кыргызстандагы жактоочулардын эң чоң артыкчылыгы. Россияда бул жагдай бир аз башкачараак”,-деп белгиледи Истомин.

Конференциянын жыйынтыгында өлкөдөгү мамлекеттик бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу менен адам укуктарын коргоо жаатындагы негизги багыттарды жакшыртуу боюнча биргелешкен резолюция кабыл алынды.