Кыргызстандын Акыйкатчысы шайлоо жана шайлануу конституциялык укуктарына көңүл буруу маселеси боюнча БШКга кайрылды

17/08/2020 - 10:59

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов, алдыдагы шайлоолор боюнча  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын наамына кайрылуу жолдоду. Төмөндө ал кайрылуунун текстин толугу менен келтирдик.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы

Н.К. Шайлдабековага

Урматтуу  Нуржан Кармабековна,

2020-жылдын 4-октябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болот. Бирок бул жолу  биз CoViD-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды эске алып гана тим болбостон, ага каршы туруубуз керек. Бүгүнкү күндө эле КР Өкмөтү жана  БШК   сөзсүз түрдө ишке ашышы зарыл болгон суроолорго жообу даяр болушу зарыл. Алып айтканда, жарандарыбыз жагымдуу эмес, ал тургай коркунучтуу санитардык-эпидемиологиялык жагдайда өзүлөрүнүн добуш берүүгө жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруусу тууралуу сөз болуп жатат.

Ушуларга байланыштуу Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы башка өлкөлөр коронавирус пандемиясынын шарттарында кандай жол менен  өз жарандарынын жарандык жана саясий укуктарын камсыздаганы боюнча  тажрыйбасын дыкаттык менен үйрөнүп талдоого тийиш деп эсептейм.

Азыркы учурда мамлекеттик тармактык органдар алдыдагы парламенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды  түзүүнүн үстүндө иштеп жатат, БШК бул багыттагы максаттарга оптималдуу чыгымдардын сметасын аныктап,  60 млн сом өлчөмүндөгү сумманы жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары шайлоочулардын, шайлануучулардын жана БШК жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин, КР Жогорку Кеңешинин  депутаттарын шайлоону өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин укуктарын коргоо жана ишке ашыруу боюнча маселелрди чечүүдө бир катар маанилүү аспекттерге көңүл буруу зарыл деп эсептейм.

Ал кыжалаттанууну жана тынчсызданууну жаратуучу мындай суроолордун биринчиси катары, алар салттуу түрдө добуш бере албаган жарандардын укуктары кантип камсыздалат жана ишке ашырылат? -деген маселе.  

Ушуга байланыштуу БШКдан суранаарым, алардын укуктары  бузулушу мүмкүн делген жарандардын төмөнкү категорияларына өзгөчө көңүл буруу керек:

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн добуш берүү укугу:

 

  • Айрым адамдарда CoViD-19 коронавирусу чыккан же бул ооруга күмөн саноо бар, анын натыйжасында кыргызстандыктарга өзүнчө обочолонууга же медициналык мекемелерде болууга туура келет, ошондой эле айыгып/медициналык мекемеден чыгаргандан кийин белгилүү бир убакытка чейин өзүнчө изоляцияда болуу аргасыз болгондор;
  • тобокелдикке дуушар болгондор (кары адамдар, ошондой эле: диабет, ВИЧ / СПИД, кургак учук, онкология жана башка илдетке чалдыккан тобокелдик тобундагы жарандар);
  • үйдө, же медициналык мекемелерде бейтаптарга кам көрүп жаткандар (атап айтканда, коронавирус менен ооругандарга, анын ичинде медициналык персоналга);
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА). Тактап айтканда - төмөнкү суроолорду эске алуу керек: ДМЧАларды шайлоо участокторуна жеткирүү кандайча жүргүзүлөт, бул шайлоо участкаларынын инфратүзүмү кандай (мисалы, майыптар коляскасында отурган адам үчүн жашыруун добуш берүү принцибинин жеткиликтүүлүгү - УШКда атайын дайындалган жерде жашыруун добуш берүү мүмкүн болобу) жана башкалар.
  • шайлоо күнү CoViD-19 коронавирус пандемиясынын учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо шартында жаш балдарды (адатта аялдар) багып жаткандар;
  • шайлоо күнү үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адам катары үйдө калууга мажбур болгондор;
  • КР Борбордук шайлоо комиссиясы биометрикалык идентификациялоо жолу менен шайлоочуларды идентификациялоонун тартибин жарыялады, бирок азыркы мезгилдеги пандемия учурунда бул  тартипти колдонууда санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын кандай сакталышы жөнүндө маалымат жок;
  • айрымдарда шайлоо күнү дене табы көтөрүлүп кетет, алар шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүлөбү. Мисалы, ар дайым дезинфекциядан өтүп туруу үчүн мындай шайлоочулар үчүн өзүнчө терезе даярдалабы. Мындай тажрыйбалар пандемия учурунда бир катар өлкөлөрдө колдонулган;
  • чет өлкөдө жүргөндөр үчүн – Кыргыз Республикасынын ар кайсыл өлкөлөрдөгү элчиликтери алардын шайлоого болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн канчалык деңгээлде даяр;
  • ден соолугуна коопсуз жерде (УШКнын шарттарына жана CoViD-19дун жайылышына каршы туруу үчүн алардын даярдыктарына тиешелүү) шайлоо укугу. Добуш берүүчү жайлар канча жолу желдетилет? Добуш берүү процесси жарандар үчүн канчалык деңгээлде коопсуз болот?

Шайлоолор жөнүндө маалыматтарга болгон укук:

 

  • Адистештирилген мамлекеттик органдар калктын, анын ичинде ДМЧАлардын жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана шайлоо процесстерине байланыштуу мыйзамдары, ошондой эле саясий партиялар жана алардын талапкерлери жөнүндө жеткиликтүү жана объективдүү маалымат алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү;
  • шайлоочулар пандемияга жана CoViD-19 коронавирусуна байланыштуу коопсуздук жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу келип чыккан өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында жана жеткиликтүү түрдө кабардар болуусу керек;
  • добуш берүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу шайлоо процессинин негизги катышуучулары менен биргеликте (саясий партиялар, байкоочулар, БШК жана башка кызыкдар тараптар) «Ар-намыс кодекси» иштелип чыгып, кол коюлабы? Бул коронавирус пандемиясын колдонуп, шайлоо күнү шайлоочулардын катышуусун төмөндөтпөө үчүн кимдер үчүн болбосун зарыл.

 

 

Шайлануу укугу:

 

  • КР БШКга  катоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө талапкерлердин өзүлөрүнүн катышуусу зарыл болсо, аларга да коронавирус пандемиясына байланыштуу ден соолугунун коопсуздугунун талаптагыдай шарттары камсыздалууга тийиш;
  • КР бардык партиялары жана талапкерлер үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүгө бирдей шарттар жана мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш;
  • шайлоо күнү участкалык шайлоо комиссияларынын  мүчөлөрү (УШК), БШКнын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери жетиштүү сандагы медициналык беткаптар жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалууга, бир адамга эң аз болгондо 10 медициналык беткап жана жекече коргоочу каражаттар менен камсыздалган болууга тийиш;
  • ошондой эле сандагы беткаптар жана жекече коргоо каражаттары менен шайлоо процессине тартылган Мамлекеттик каттоо  кызматынын кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздалууга тийиш;  
  • Шайлоо процессине тартылган медицина кызматкерлери шайлоочулардын дене табын текшерүүчү тепловизорлор,  менен камсыз болуп, өзүлөрү эң мыкты коргоочу каражаттар - костюмдар менен камсыз болууга тийиш.

 

Жогоруда белгиленгендерди аткарбоо,  пандемия шартында  жарандардын шайлоого жана шайланууга бирдей укуктарын ишке ашырууга тескери таасирин тийгизүүчү себептерден болуп саналат.

Ошондой эле белгилеп коюучу жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесинде  белгиленген, “Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт”  деген  жоболорун аткаруу максатында КР Акыйкатчы  аппаратынын кызматкерлери алдыдагы парламенттик шайлоого жер-жерлерде  көз карандысыз мониторинг жүргүзүшөт.

 КР жарандары шайлоо жана шайлануу укуктарын жүзөгө ашыруу  боюнча кандайдыр бир суроолору, арыз же даттануулары болсо, алар КР Акыйкатчы аппаратына, анын ар бир облусттагы аймактык өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле “115 Шыр байланыш” кызматына кайрыла алышат.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын, уюшкандыкта эч кандай экцесстер жана мыйзам бузууларсыз өтөөрүнө ишеним билдирем.

 

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын

 Акыйкатчысы (Омбудсмени)                                                    Т. Б. Мамытов