Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө
Бүгүн, 2021-жылдын 11-июлунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, Акыйкатчынын Ош шаарындагы жана Ош облусундагы өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Чүй облустук өкүлчүлүгү Бишкек, Ош жана Токмок.шаарынын шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүгө көз салып жатышат.
Саат 18.00гө карата Акыйкатчынын өкүлдөрү төмөнкү мыйзам бузууларды аныкташты:
• Токмок шаарындагы TИПТГ билим берүү мекемесинин директорунун орун басары С.Керимованын атына А.Э., тарабынан даттануу болду. Директордун орун басары “Эмгек” партиясына добуш берүүгө студенттерди мажбурлап жатканы айтылган.
• № 1202 УШК. No61 Физика-математика мектеп-лицейиндеги шайлоо участогу 2-кабатта жайгашкан, бул ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылат.
• № 1215 УШК. No1202 УШКдагыдай эле, шайлоо участогу экинчи кабатта жайгашкан.
• № 1337 жана No1214 УШКлар. ДМЧА үчүн пандустар жок.
• №7076 УШК. Шайлоочулардын массалык ташуулары аныкталды. Бул факты боюнча милицияга кабар берилген.
• №5287 УШК (Ош шаары) монитор иштебей жаткандыгына байланыштуу бир партиянын байкоочуларынан Акты алынды. Бул техникалык көйгөй АШКга кабарланган.
Акыйкатчы аппараты бүгүнкү шайлоого катышкан жана анын жүрүшүнө катышкан республиканын адам укуктарын коргоо боюнча башкы органынын кызматкерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, укук коргоочу бейөкмөт уюмдардан жана жарандардан келип түшкөн бардык билдирүүлөрдү жалпылагандан кийин Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, өркүндөтүү жана коргоо боюнча сунуштары жөнүндө кошумча маалымдайт.
P.S.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жогоруда айтылгандай No7076 УШКда шайлоочулардын массалык түрдө ташылып келүү фактысы боюнча шайлоо процесстеринин бузулушун кайра текшерүү жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында, аталган участкада шайлоочуларды массалык түрдө ташып келүү жок экендиги, ал аймакта адамдардын тыгыны болгону белгиленди.