Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Баткен областынын жашоочуларынын маселелерине көңүл бурууга чакырды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) мамлекеттик органдарды чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын мамлекеттик тейлөөлөрдү (жөлөк пул, пенсия, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, КРнын жаранынын паспортун жана башкалар) алуудагы укуктарын сактоо боюнча чараларды кабыл алууга чакырат.
Ошондой эле Акыйкатчы мамлекеттик органдардан Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган Баткен областынын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочуларынын укуктарынын бузулушуна жол бербөөнү талап кылат.
Баткен областында Атыр Абдрахматова 14-марттан 21-мартка чейин болуп, райондук жана айыл өкмөттөрдүн административдик имараттарында жарандарды жеке кабыл алды.
Лейлек райондук администрациясы арыз-даттанууларга байланыштуу көптөгөн маселелерди жеринде чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөттү, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн - Социалдык коргоо министрлигинин, Социалдык фонддун, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү өкүлдөрүн чакыруу менен жарандарды биргелешип кабыл алууну уюштуруп берди.
Баткен районунда жарандарды биргелешип кабыл алууга райондук администрациянын жетекчилери катышкан жок. Тактап айтканда, жетекчилик эс алуу күн экенин айтуу менен жарандарды кабыл алууга келген жок.
Башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандарды кабыл алууга активдүү катышты жана айтылган арыз-даттануулар боюнча маселелерди жеринде чечүүгө көмөктөштү.
Балдарга жөлөк пул
Жарандарды кабыл алууда көпчүлүк маселелер балдар үчүн жөлөк пул алуудагы алардын укуктарынын бузулушуна тиешелүү болду.
Негизинен тургундарда 2023-жылдын январь айынан бери балдар үчүн жөлөк пул алуу маселеси келип чыккан, февраль айынан тартып көпчүлүк үй-бүлөлөр балдар үчүн жөлөк пул алуу мөөнөттөрүн узарта албай келишет, аткени Социалдык коргоо министрлигинин райондук башкармалыктарына көрсөткөнгө зарыл болгон маалым катты ала албай жатышыптыр.
“Февраль айынан бери жашаган жеримден маалым кат алыш үчүн инстанцияларга чуркап жүрөм, анткени санариптештирүүнүн жаңы эрежелери боюнча кыймылсыз мүлккө карата баардык документтерди иретке келтириш керек экен - участокко кызыл китеп алып, зарыл болсо кыймылсыз мүлктү кайра каттап дегендей. Башка талаптары дагы бар. Ал эми мунун баарын алыш үчүн, аябай көп убакыт талап кылынат, анткени "Түндүк" үчүн эл көп болуп, кезекке тургандар арбын. Андан тышкары кызматкерлер дагы жетишпей жатышат”,-деп арызданды Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тургуну.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды социалдык тейлөө алуудагы укуктардын корголушу боюнча чараларды кабыл алууга чакырды.
«Мамлекеттин санариптештирүү боюнча саясаты пенсия жана жөлөк пул алууга бөгөт болбош керек. Министрлер кабинети тез арада чараларды кабыл алып жана балдардын жөлөк пул алуу укуктарын камсыздашы кажет. Мамлекеттик башкаруунун системаларын санариптештирүү катардагы жарандардын жашоосуна документ жана социалдык жөлөк пулдар менен төлөмдөрдү алуусуна тоскоолдуктарды пайда кылбашы керек”,-деп талап кылды Акыйкатчы.
Жер участокторду
Ошондой эле Акыйкатчыга Баткен районунун 80 жаштагы тургуну кайрылып, анын жер участогун мамлекет сел агымдарынын коргой турган чыңдоочу курулмаларды куруш үчүн алганын айтып даттанды.
Ошол эле маалда ага башка участок бөлүп берип жана компенсация төлөшкөн эмес. Улгайган аял баардык мамлекеттик органдардын каалгасын каккыласа дагы акыйкаттыка жете албай келет. Аткаминерлер анын абалын түшүнүүнүн ордуна, алынган жердин менчик укугунан баш тарттырыш үчүн ага кысым көрсөтүшкөн.
Улгайган аял анын арызын Башкы прокуратурага чейин жеткирүүнү суранат, анткени жергиликтүү прокуратура органдардын өкүлдөрү болгону формалдуу каттарды жазып коюп отура беришет деп чочулайт.
Акыйкатчы Башкы прокуратурадан аялдын мыйзамдуу менчик укугун бузган жергиликтүү бийлик органдарынын тиешелүү кызматкерлерине карата чара колдонууну талап кылат.
Жеке менчикке карата жарандардын укуктары
Мындан тышкары Акыйкатчыга улгайган жергиликтүү тургун кайрылып, 20 жылдан ашык убакыттан бери атасынан калган үйдүн кайтара албай жатканын- жергиликтүү органдар ал түздөн-түз мураскор болгонуна карабай анын каза тапкан атасынан калган үйдү жер участогу менен үчүнчү тараптарга берип коюшканын билдирди. Бийлик органдарынын өкүлдөрү анын атасы үйгө карата документтерди өз маалында которбогонунан пайдаланып кетишкен.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок балдар
Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна Баткен районунун тургундары болушту, алар Кыргызстанда төрөлбөгөн балдарынын укуктары бузулуп жатканын айтышты.
Алардын айтымдарында, ата-энеси экөө тең Кыргызстандын жарандары болгондоруна карабай Социалдык коргоо министрлигинин райондук башкармалыгынын айрым кызматкерлери балдарга жөлөк пул берүү боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартышууда, ошондой эле мындай балдардын мектепке чейинки укуктары да бузулуп жатат.
Акыйкатчы жеринде Социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрүнөн документтерди кабыл алууну жана маселени чечүүнү талап кылды.
Жабыркагандар насыяларды төгүүнү кийинкиге калтыруу укуктарын пайдалана албай жатышат
Иш сапарынын жана жеке кабыл алуусунун маалында Акыйкатчы Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган Баткен областынын чек арадагы айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
Жабыркагандардын бири буга чейин алынган насыясын төлөөдө мамлекет тараптан колдоо алуу укугу бузулуп жактанын айтып берди.
Омбудсмен Атыр Абдрахматова Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган Баткен областынын чек арадагы айылдарынын жашоочуларынын укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдардын көңүлүн бурат.
Негизинен сөз аскердик агрессияга чейин мамлекеттик жана жеке менчик банктардан насыя алган тургундар тууралуу болуп жатат.
Белгилүү болгондой, буга чейин Улуттук банктын башкармалыгы чек арадагы райондордо жабыркагандардын насыяларын кийинкиге жылдырып төлөө жана коммерциялык банктар, банк эмес жана атайын каржылык-насыялык уюмдардын Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу конфликттин кесепетинен жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү тууралуу токтомду кабыл алган.
Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө банктын филиалдарынын кызматкерлери кийинкиге калтыруу төлөмү жок эле насыя төгүү жөнүндөгү эскертмелерди жиберген төрт карызкор жаран кайрылды.
Жабыркагандардын бири мамлекеттик «Айыл Банк» банкынан насыя алган. Бул банктын филиалынын кызматкери анын насыясын кийин төлөө мүмкүндүгү бар экенин түшүндүргөндүн ордуна, кийинкиге калтыруу мөөнөтү жок эле насыя төлөө тууралуу эскертмени жиберген.
Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен гана аталган жарандардын насыяны кийинкиге калтырып төгүү жөнүндөгү укуктары корголуп калды.
Акыйкатчы Улуттук банкты аталган маселеге көңүл бурууга чакырат.
Ошондой эле Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө чек арадагы райондордун биринин тургуну кайрылып, анын күрөөгө коючу мүлкү чек ара аймагында болгону үчүн төлөп берүүгө ишеним жок экенин айтуу менен бир дагы банк насыя бербегенин айтып даттанды.
Акыйкатчы аскердик агрессиядан жабыркагандардын укуктарынын сакталышын баса белгилейт.
Паспорт
Ак-Татыр айыл өкмөтүндө Акыйкатчынын кабыл алуусуна улгайган аял келди. Ал үй-бүлөлүк маселеси менен кайрылды-анын уулу коңшу өлкөдөн 35 жыл мурда ата-энеси менен бирге кайтып келгенине карабай Кыргызстандын жаранынын паспортун көп жылдардан бери ала албай келе жаткан экен. Кыргызстанга кайтып келишкен кезде уулу 12 жашта болгон.
Алар Кыргызстан эгемендик алганга чейин эле келип отурукташып калышкан. Баланын ата-энеси эбак эле Кыргызстандын жарандыгын алышкан.Бирок байбиченин уулуна белгисиз себептерден улам Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун бербей жатышат.
Улгайган аял мындан улам анын неберелери дагы документ алышпаганын айтты. Алар болсо жогорку окуу жайларга тапшыруулары керек. Аял ошондой эле канча жылдан бери баардык мамлекеттик органдарга тынбай кайрылып келе жатканын, бирок көмөк ала албаганын кошумчалады.
Акыйкатчы жеринде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн мыйзамдын аткарылышын талап кылды. Бирок паспорт столдун өкүлү бул чечим Бишкектен кабыл алынышы керектигин билдирди.
Кайрылмандар
Акыйкатчынын кабыл алуусуна жаш келин келип, баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатканын айтты. Алты жыл мурда ал ата-энеси менен биргеликте коңшу өлкөдөн Кыргызстанга келген. Алар бир нече ирет этникалык кыргыздар катары жарандык алууга документтерди тапшырышкан. Бирок үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрүнө документ берүүдөн баш тартышкан, анткени мурдагы өлкөдөн алган алардын паспортторунда “улуту” деген графага “өзбек” деп жазылып, ал эми күбөлүктө улуту “кыргыз” деп жазылган.
Азыркы учурда аларга акыйкаттыкты калыбына келтириш үчүн коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдары аркылуу атасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ырастоо тууралуу билдирме жөнөтүлгөн.
Ошондой эле аял Кыргызстандын жаранына турмушка чыкканына, бирок никелешүү тууралуу күбөлүктү да, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү да ала албай жатканына токтолду.
Андан тышкары анын башка эже-сиңдилери да ушул маселе менен бет келишкен.
“Биз азыр коркуп жатабыз жана кичүү сиңдимди да ушул себептен турмушка бере элекпиз”,-деди аял.
Акыйкатчы мамлекеттик органдардан балага документ берүүгө колдоо көрсөтүүнү талап кылды.
Акыйкатчы Баткен областында болгон иш сапарында 150дөн ашык жаранды кабыл алды. 40тан ашуун жаран кат жүзүндө арыз менен кайрылышты.
Иш сапардын жыйынтыктарын чыгарып жатып Акыйкатчы Атыр Абдрахматова төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Этникалык кыргыздардын укуктарын сактоо боюнча мониториг, ошондой эле Баткен областындагы куралдуу агрессиядан жабыркаган баткендиктерди жана социалдык аярлуу катмардын өкүлдөрүн кабыл алуу тургундар жергиликтүү бийликтен так, ишенимдүү маалымат алууда кыйынчылыкка кабылып жатышканын көрсөттү.
Мамлекеттик башкаруунун системасын санариптештирүү шылтоосу менен чиновниктер жеринде документ үчүн маалым каттарды айлап чогултууга же болбосо документтер санариптешкенге чейин күтүүгө же болбосо борбордук бийлик менен макулдашууну күтүүгө элди мажбурлап жатышыптыр.
Санариптештирүү карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө жасалган маанилүү кадам, ошондуктан ал документ берүүдө жана социалдык жөлөк пулдар менен төлөмдөрдү алууда тоскоолдуктарды жаратпаш керек. Мындан тышкары мамлекет башчысынын жана Министрлер кабинетинин күч-аракети менен талаптарына карабай алыскы айылдарда ондогон жылдар бою жер участокторун мыйзамдаштыра албай жаткан, ичүүчү таза сууга (мисалы, Баткен шаарынын Туура-Таш участогу) жеткиликтүү боло албай жаткан жарандар бар.
Улгайган жарандар менен аялдарга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Кадамжай районунун Айырбас айыл өкмөтүндө Р.Д., аттуу жаранды жумуштан бошотуу жана куугунтуктоо сыяктуу аялдарды дискриминациялоо учурлары, үй-бүлөдөгү жана коомдук жайлардагы зомбулук, балдарды жалгыз бой тарбиялап жатышкан аялдарды жер участоктору же турак-жайлар менен камсыз кылуу маселелери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адам укуктарынын баалуулуктары жана мамлекеттин атынан коомчулукка кызмат кылуудагы төмөнкү багыттарын көрсөтүп турат.”