Акыйкатчы ПРООНдун долбоорунун координациялык кеңешинин жыйынына катышты

25/03/2025 - 11:34

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева ПРООНдун “Адам укуктарын коргоону жакшыртуу жана сот адилеттигине жетишүүгө бирдей мүмкүнчүлүк” долбоорунун координациялык кеңешинин жыйынына катышты.

 

Мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү адам укуктарын жакшыртуу жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн  кеңейтүү максатында биргелешкен аракеттерди жасооону талкуулашты. 

 
Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө көңүл бура турган эң орчундуу маселелердин бири, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сот адилеттигине жол ачуу зарылдыгын белгиледи.

 

"2024-жылы Акыйкатчы институту ПРООНдун колдоосу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзгөн. Изилдөөнүн  жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда сот жана укук коргоо органдарынын имараттары жана инфраструктурасы майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликсиз. Майыптыгы бар жарандарга ылайыкташтырылган материалдар, атайын адистер жок", - деди Жаманбаева. 

2025-жылы Акыйкатчы институту ПРООН менен биргеликте өз кызматташтыгын мындан ары да жакшыртууга жана сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча даттануу механизмин өнүктүрүүгө, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Акыйкатчы Институтунун функциясын автоматташтырууга багыттамакчы. 

“Акыйкатчы Институтунун башкы максаты адам укуктарын жогорку деңгээлде коргоо жана бул багытта тиешелүү тармактар менен кызматташууга даяр. Бүгүнкү талкуу биздин жалпы максатыбызга – ар бир адамдын укугу ишенимдүү корголгон коомду курууга жетүүнүн эң натыйжалуу жолдорун аныктоого жардам берет деп ишенем”, – деди Жамиля Жаманбаева.

 

ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева бардык өнөктөштөргө, анын ичинде Акыйкатчы Институтуна активдүү катышкандыгы жана конструктивдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Быйыл ПРООН “Адам укуктарын коргоону жана сот адилеттигине жетишүүгө бирдей мүмкүнчүлүк” долбоорунун үчүнчү этабын баштайт.