Акыйкатчы “Илбирс” аскердик бөлүгүндө болгон окуяга тынчсызданды

12/04/2025 - 14:26

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Бужум айылына жакын жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилигине караштуу “Илбирс” аттайын аскердик бөлүгүнөн жарадар болгон аскер кызматкеринен кабар алды. 

Маалым болгондой, 5-апрель күнү келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан А. у. Б. менен кенже сержант Э. у. Б. ортосунда өз ара келишпестик чыгып, жакалашып, кармаша кетишкен. Кармаш учурунда, Э. у. Б. нын куралынан ок чыгып, экинчи аскердин акырегине тийген. 

Аскер кызматкери алган жараатынан улам, Баткен облустук ооруканасында 1 күн дарыланган.

Андан кийин, 6-апрель күнү аны Ош шаарындагы аскердик госпиталга которушкан. 

Акыйкатчы Институтунун Ош облусунудагы өкүлчүлүгү Ош шаарындагы аскердик госпиталда дарыланып жаткан аскердин ден соолугунан кабар алышты. 

Дарыгерлер ага операция жасалып, жараты тазаланганын билдирди. Абалы канаттандыраарлык. 
Ал эми, аскердик госпиталдын командирдин орун басары Нурсейит Карабаевдин айтымында, жаракат алган аскер кызматкери, госпиталда 1 ай дарыланат. 

Акыйкатчы Институту Баткен горнизонунун аскер прокуратурасына бул иштин тыкыр иликтенишин сунуштап, кат жолдоду. 

Баткен горнизонунун аскер прокуратурасы бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады. 

Ошону менен катары эле, тиешелүү соттук медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.