Акыйкатчы камакка алуу баш коргоо чарасынын көп колдонулуп жатканына кабатыр

09/04/2025 - 10:18

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тергөө органдарын жана сот бийлигин БУУнун минималдуу стандарттык эрежелерин (Токионун эрежелерин) карманып, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин так сактоого чакырды.

Акыйкатчы тергөө органдары тарабынан эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча кайрылууларынын көптүгүнө тынчсыздануусун билдирет.

2024-жылы Акыйкатчы Институтуна кармоо жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чараларынын көп колдонуп жаткандыгына арыздангандар арбын.

 “Алсак, 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган кылмышка айыпталып жаткан адамга башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасы мүмкүн болбогондо гана камакка алынат. Бирок, иш жүзүндө камакка алуу өтүнүчтөрүнүн көбү сот тарабынан канааттандырылганы кооптонууну жаратат", - дейт Акыйкатчы.

Иш жүзүндө, тергөө органдары 2021-жылы сотко бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө 8354 өтүнүч беришкен. Алардын 83,4%ы иш тууралуу камакка алуу сунушталса, соттун өтүнүчтөрдү канааттандыруусу 87,1%ды түзгөн. 

2022-жылы 7978 өтүнүч берилген, алардын 86,9%ында камакка алуу каралса, сот 84,6%ын колдогон.

2023-жылы бөгөт коюу чарасы боюнча 8565 өтүнүч берилген, алардын 96%ында камакка алуу суралса, сот 86,9%ын канааттандырган. 

Ушундай эле тенденция 2024-жылы дагы сакталган, анда тергөөчүлөр 93,5% иш боюнча камакка алууну өтүнүшкөн. 

Мисалы, Акыйкатчы Институтуна №21 абакта кармалып турган уулунун укугун коргоп берүү өтүнүчү  менен С. Л. аттуу аял кайрылган.

 
Анын айтымында, уулу интернет аркылуу курамында баңгизат каражаты бар «Тианептин» (коаксил) камтылган «TIANEPTINE SODIUM TABLETS» дары каражатына тапшырык берген. 

Бул факты боюнча, анын уулу 2024-жылдын 24-сентябрында шектүү катары кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган. 

Энесинин түшүндүрмөсү боюнча анын уулу психикалык оору менен жабыркайт жана ал Республикалык психиатрия жана наркология борборунда дарыланып жаткан жеринен суракка чакырылып, камакка алынган. 

Медициналык мекемеде ага «Шизоаффективдик бузулуунун, депрессивдүү тиби» деген диагноз коюлган жана «Коаксил» (Tianeptine) аталышындагы дары жазылып берилген. 

Өз сөзүн бышыктоо үчүн Л. С. 2024-жылдын 11-июнунда дарыгер тарабынан жазылып берилген «Tianeptine» дары каражатына рецепти көрсөткөн. 

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Октябрь райондук сотуна дарыгерлердин жазып берген көрсөтмөсүн көңүлгө алуусун белгилеп, кат жолдогон. 

Жыйынтыгында, Октябрь райондук соту баланы үй камагына чыгарган. 

Жамиля Жаманбаева сот органдарын тергөө органдарынын өтүнүчтөрүн кароодо Токио эрежелеринин жоболорун жана КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын эске алууга жана өзгөчө учурларда гана эркинен ажыратуу жазасын колдонууга чакырат.