Акыйкатчы Институтунун кызматкерлерине “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол тууралуу баяндама өткөрүлдү

28/03/2025 - 16:21

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кызматкерлерине “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол тууралуу кызыктуу баяндама өткөрүлдү.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктиктер” уңгужол боюнча жыйын өткөрүлүп, слайд түрүндө көрсөтүлдү.

Кызматкерлерге бул идеологиялык документ мамлекеттик тилди өнүктүрүү, каада-салт, нарк-насил, улуттук баалуулуктарды тескемеге салып, келечекке жол көрсөткөн негизги база экени түшүндүрүлдү.

 
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол програмасынын негизги максаты, келечек муунга тарбия ирээтинде иштелип чыккан документ экени белгиленди.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери баяндаманын соңунда, кызуу талкуу кылып, улуттук баалуулуктар ар бир жаран үчүн кийинки муунга жеткире турган аманат катары эсептелерин айтышты.