Жарандардын жер тилкелерин жана турак-жайларын мамлекет тарабынан алып коюулар үчүн компенсациялар базар баасына шайкеш келүүсү керек

06/12/2019 - 15:33

5-декабрда, КР Акыйкатчы офисинин конференц-залында ченемдик-укуктук мыйзамдарда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жарандардын жер тилкелерин  жана турак-жайларын алып коюунун тартиби жана жол-жоболорунун жөнгө салуунун жоктугуна байланыштуу Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалдар туурасында талкуу болуп өттү.

Иш-чара жарандардын жеткиликтүү турак-жайга болгон укуктарын бекемдөө, ошондой эле жарандардын турак-жайга болгон укуктарын коргоонун улуттук механизмдерин  жакшыртуу боюнча  БУУнун сунуштарын ишке ашыруу максатында КР Акыйкатчы институту жана «Интербилим ЭБ» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын ортосунда кол коюлган Кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында өттү. Талкууга катышуу үчүн тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, укук коргоочулар жана Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр чакырылган.

Жолугушууну ачкан Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстанда мамлекеттин пайдасына берүү үчүн турак-жайларды жана жер тилкелерин  алып коюунун  механизмдери, тилекке каршы дагы деле иштелип чыга электигин белгиледи. 

– Тиешелүү мониторингдер жүргүзүлбөйт, демек, аларды өткөрүүнүн нускамасы жок, жана факт түрүндөгү жыйынтыктар жок, ошондой эле зарыл болгон сунуштар дагы жок, анан бул маселелер кантип чечилет. Ошондуктан мен «Интербилим ЭБ» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиеванын тиешелүү мониторингдерди биргелешип жүргүзүү сунушун колдодум. Ошондой эле, бир эле Бишкекте жана Чүй облусунда гана эмес, бүтүндөй республика боюнча жүргүзүлөт, – деди Акыйкатчы.

Теманы улантып, «Интербилим ЭБ» Ош филиалынын жетекчиси алардын бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө кыргызстандыктардын укуктарынын одоно түрдө бузулган учурлар кездешкендигин айтты. Атап айтканда,  Гүлгакы Мамасалиеванын белгилөөсүндө, мамлекеттик муктаждыктар үчүн жарандардын турак-жайларын алып койгон 100 учурдун ичинен 30у өз каалоосу менен, ал эми 70и – каалап-каалабай, мажбурлоо менен жүргүзүлгөн.

– Жарандарды алар үчүн пайдасы жок келишимдерге кол коюуга жана өз жерлерин мамлекеттик муктаждыктар үчүн болгон курулуштарга берүүгө мажбурлашат. Мисалы, 2012-жылы Ош шаарында бирөөнүн ээлик кылган үйүнө базар баасынан ылдый компенсация бөлүнгөн, ал эми жер тилкелеринин ордуна компенсация бөлүнгөн 28 үй бүлөнүн ичинен болгону бир гана үй-бүлө там  кура алган. 2016-жылы Жалал-Абад шаарында чакыртып алуу тууралуу келишимди бекитпей туруп эле жеке турак жайды бузууга мамлекет жол берген. бул биздин улуттук мыйзамдар тарабынан мажбурлап алып коюуну ишке ашырууга тыюу салынгандыгына карабастан болуп жатат.  Бийлик органдары тарабынан чыгашаларды толтуруунун акыйкатсыздыгы жана компенсациялардын көлөмүнүн  төмөн болушу мындай алып коюулардан  жапа чеккендерди  жакырчылыкка жана үй-жайсыздыкка алып келет. Бул өз кезегинде, Кыргыз Республикасында жарандардын укуктарынын одоно бузулгандыгы болуп саналат, – деп белгиледи ал.

Күн тартибине коюлган маселелер менен көйгөйлөр дыкат талкууга алынгандан соң талкуунун катышуучулары бийлик органдарына карата беш сунушту кабыл алышты:

Биринчиден, коомдун жыргалчылык түшүнүгүн бирдиктүү колдонуу үчүн «мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар»  деп эмес, «коомдук муктаждыктар» деп колдонуу үчүн чараларды кабыл алуу. Буга кошумча, «коомдук муктаждыктар» түшүнүгүн так аныктоо жана «коомдук муктаждыктар» деген түшүнүктү камтылган Конституция менен шайкеш келтирүү боюнча КР жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Экинчиден, алып коюу боюнча бардык жол-жоболор жазыла турган мамлекетке алып коюуну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону кабыл алуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. 

Үчүнчүдөн, баалоочулардын максималдуу көз карандысыздыгын камсыздаган ченемдерди  ага киргизүү менен баалоо ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдарды андан ары жакшыртуу зарыл.  Башкача айтканда, алынып коюлган объекттин сатып алына турган баасын аныктоо жол-жоболорун жакшыртуу зарыл, бул үчүн баалоочулардын көз карандысыздыгын камсыздоо, баалоо ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарды жакшыртуу зарыл.

Төртүнчүдөн, турак-жайды алып коюу процессине коомчулукту тартуунун оң тажрыйбасын улантуу зарыл. Андан тышкары, бийликтин тиешелүү органдарынын өкүлдөрү турак-жайды алып коюуга байланышкан ар бир маселе боюнча коомдук угууларды өткөрүүсү керек. 

Бешинчиден, калк арасында жана жарандарды турак-жайынан чыгаруу жол-жоболорун укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн арасында окутуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Буга кошумча, мамлекет тарабынан жарандардын жер участкалын жана турак-жайларды алып коюу үчүн болгон компенсациялар жарандардын жашоосун жана социалдык шарттарын начарлатпашы керек жана базар баасына шайкеш келүүсү зарыл.