Эл аралык миссия Акыйкатчы Институтунун потенциалын баалоонун жыйынтыгын чыгарды
Эл аралык миссия КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун потенциалын баалоонун жыйынтыгын чыгарды.
Атайын миссиянын отчетунда Акыйкатчы Институтунун күчтүү жана алсыз жактары көрсөтүлуп, институттун дараметин жогорулатууга багытталган сунуштар берилген.
Эл аралык миссия институттун жетекчилигинин натыйжалуу иш аракетинин жана элге кызмат кылууга ынтызарлыгынын жыйынтыгында институт жигердүү иш алып барып жатканын белгилейт.
“Жетекчилик ачык, таза жана максаттуу иш жүргүзүп жатат. Анын ишиндеги маанилүү өзгөчөлүк – жаамат менен да, тышкы өнөктөштөр менен байланышта да көпчүлүк менен бирге чечим кабыл алууга таянып иш алып барат”, - деп айтылат маалыматта.
Атайын миссия институттун кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин жана квалификациясын жогору баалап, эмгек жамаатынын ичинде гендердик теңчилик сакталганын айтат.
“Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана орун басарлары кызматка дайындалгандан кийин, татаал мезгилди баштан өткөргөн институттун жумушу турукташтырылган. Аппаратка жогорку квалификациялуу жетекчи дайындалып, кесиптик жүрүм-турумдун жана кызматтык этиканын стандарттары киргизилген. 2023-2028-жылдарга карата Стратегиялык план иштелип чыккан”, - деп билдирет эл аралык миссия.
Адам укуктары жаатындагы негизги жетишкендиктер катары төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:
• Министрлер Кабинети кабыл алган Акыйкатчы Институтунун сунуштарынын саны өскөн;
• “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга таасир эткен сунуштарды киргизүү;
• чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын маселелерин чечүүгө көмөктөшүү;
• кармалган жарандарга дем алыш күндөру дагы жактоочулар менен жолугушуусуна өбөлгө түзүү;
• жарандардын кайрылууларын кароонун жаңы системасын киргизүү жана башка чаралар.
Институттун күчтүү жактарынын бири катары анын аймактардагы өкүлчүлүктөрү белгиленген. Ошол эле учурда, алардын жетиштүү ресурстар менен камсыз болбогону, транспорттун жана мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл каражаттардын жоктугу айтылган.
Атайын миссия институт салыштырмалуу чакан бюджетке ээ экенин, анын болжол менен 80 пайызы эмгек акыга жумшаларын белгилейт.
Бул программаларды жана демилгелерди ишке ашырууда ресурстарды бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт. Андыктан бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануусу үчүн институтка финансалык эркиндик берүү сунушталат.
Эл аралык миссия "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө" конституциялык мыйзам институттун көз карандысыздыгын чектеген жоболорду камтый турганын белгилейт.
Буга байланыштуу Акыйкатчыга Президентке, Жогорку Кеңешке институттун көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдарды БУУнун Париж принциптерине толук шайкеш келтирүү зарылдыгын жеткирүү сунушталат.
"Жогорку Кеңештин Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда бошотуу укугунун терс кесепеттерин баса белгилеп, бул институттун туруктуулугуна, натыйжалуулугуна жана эл аралык макамына доо кетирерин көрсөтүү зарыл", - деп айтылат отчетто.
Андан сырткары, кызматкерлердин адам укуктарынын эл аралык стандарттары жана Париж принциптери боюнча квалификациясын жогорулатуу сунушталды.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын июнь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (УВКПЧ), Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук укук коргоо институттарынын Азия-Тынч океан форумунун өкүлдөрү Акыйкатчы Институтунун дараметин балоодон өткөрүштү.
Эл аралык миссия эки апта бою институттун кызматкерлери жана өнөктөштөрү менен баарлашып, сурамжылоо жүргүздү. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Акыйкатчы Институтунун аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө, тактап айтканда Ош жана Нарын облустарына дагы барышты.
Иш-чара институттун ишин күчөтүүгө багытталган жана ал “А” макамын алууга негиз болот.
Эл аралык уюмдардын отчетунун толук версиясы менен биздин сайттан тааныша аласыздар.