Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Үч-Терек айыл аймагынын тургундарынын таза сууга болгон укугун камсыздоого чакырды

07/11/2025 - 12:47

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Үч-Терек айыл аймагынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга чакырды.

Акыйкатчыга Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары ичүүчү суунун сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө нааразы болуп, укуктары бузулуп жатканын айтып кайрылышкан.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү жогоруда аталган айылдардын социалдык-инфраструктураларынын абалына мониторинг жүргүздү. 

Жергиликтүү бийликтин маалыматында, 2020–2021-жылдары Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициалоо агенттигинин (АРИС) көзөмөлүндө  “Жумгал Суу Курулуш” ААК жана “Профит Экспресс” ЖЧКсы тарабынан жалпы суммасы 235 млн 181 миң сомду түзгөн “Таза суу” долбоорун аткарган.

Долбоор 2023-жылы аяктап, пайдаланууга берилгени менен Кызыл-Ураан, Үч-Терек, Саргата айылдарынын таза суу көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей келет. 

“Биздин эл эми сууга жеттик деп сүйүнүп жатканда кайра эле баягы көйгөй башталды. Системада суу басымы төмөн болгондуктан, айрым үйлөргө суу жетпей, жумалап чыкпай калат. Суунун сапаты да жакшы эмес. Айрым учурда таза эмес саргайган суу келет”, - деди Саргата айылынын тургуну Б.Н.К.

Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 2025-жылдын 4-июлундагы корутундусуна ылайык, Саргата жана Үч-Терек айылдарында таза суу менен камсыздоодо төмөнкү кемчиликтер аныкталган:

• суу түтүктөрү сапатсыз курулганы (гидроударлар маалында  жарылып кетип жатат);

• долбоорлоо процессинде кеткен каталардын айынан айрым үйлөргө суу 15 күндө араң жетери;

Мындан тышкары, айыл аймагында атайын лабораториянын жана тиешелүү кызматкер жок болгондуктан калк ичип жаткан суу 3 жылдан бери лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлбөйт. 

Суунун сапатына туруктуу санитардык көзөмөлдүн жоктугу Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” жана “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент” мыйзамдарынын талаптарына каршы келет.

Үч-Терек айыл аймагынын тургундары ичүүчү суунун 1 куб метрине 31,70 сом төлөшөт. Бул тариф облустун башка калктуу конуштарына жана борбор калаага салыштырмалуу бир топ жогору. 

Мисалы, Токтогул шаарынын өзүндө суунун 1 куб метри – 17,75 сом, Бишкекте суунун 1 куб метри - 10,45 сом.

Айыл тургундары мындай тариф калктын социалдык-экономикалык абалына терс таасир тийгизип жатканын айтышууда. 

Мониторингдин жүрүшүндө айыл тургундары жергиликтүү бийлик органдары менен ортомчу компаниялар көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу чара көрбөй, жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп жатканына арызданышты. 

Үч-Теректеги кырдаал мамлекеттик жана донордук программаларды ишке ашыруудагы системалуу кемчиликтерди айгинелейт. 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматында 2019-жылдан бери жалпысынан 88 таза суу долбоору ишке ашырылып, ага 5,7 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган. 

Мындай масштабдагы каржылоону эске алганда, айрым долбоорлордун натыйжасыздыгы бюджеттик жана донордук каражаттарды максатсыз пайдалануу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктер тууралуу олуттуу суроолорду жаратууда.

Жамиля Жаманбаева Үч-Терек айыл аймагында түзүлгөн кырдаалды жарандардын негизги социалдык жана экологиялык укуктарынын бузулушу катары белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине расмий кат жөнөттү. 

Анда Акыйкатчы 2019-жылдан бери ишке ашырылып жаткан таза суу менен камсыздоо боюнча бардык долбоорлого комплекстүү аудит жүргүзүүнү сунуштайт.

Андан сырткары, Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы таза суу менен камсыз кылуу иштерин ишке ашырган тараптардын, долбоордун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жана кабыл алууга жооптуу комиссиянын ишин текшерип,  жоопкерчилигин карап чыгууга чакырды.