Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун тургундары менен жолугушту

13/01/2025 - 10:07

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун тургундары менен жолугушту. 

Акыйкатчы менен жолугушууга 250дөн ашуун эл келди. Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери да келип, элдин суроолоруна жооп беришти. 

Жолугушууда этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү, жайыт жана жер тилкелери туурасында маселелер айтылды. 

Белгилей кетсек, жыйынга угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да катышкандыгына байланыштуу, сурдокотормочунун кызматы колдонулду. 

Кызыл-Бел айылынын майыптыгы бар тургуну үйүн өзүнө каттата албай жатканына даттанды. Жергиликтүү бийлик бул жаранга жардам берерин убадалады. 

Ошону менен катары эле, угуусу начар адамдар автомектепке окууга уруксат берүүнү суранып, ал үчүн сурдокотормочу менен камсыз кылууну суранышты. Мындан тышкары алар, угуусу жана көрүүсү начар адамдар үчүн жолугушуу өткөрүүгө Баткен шаарынан кеңсе бөлүп берүүнү суранышты.

Акыйкатчы менен жолугушууда этникалык кыргыздар алар үчүн каттоо талаптарын жөнөкөйлөтүүнү суранды. 

“Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар мурда Кыргызстандын аймагында 6 айга чейин жүрүүгө мүмкүн болчу. Азыр болсо, эки айга чейин гана жүрүүгө боло турган кылып, кыскартып койду. Эми алар 60 күндүн ичинде чыгып кетиши керек болот. Алар туугандарына келип жатат да, ар кандай болуп калат, кээде ооруп калып, 60 күндүн ичинде чыгып кетүүгө үлгүрбөй калат. Биздин сизден сурарыбыз этникалык кыргыздар үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлсө жакшы болмок. Бизге жардам бериңизчи”, - деди этникалык кыргыздардын ассоциациясынын башчысы Манас Саттаров. 

Жамийла Жаманбаева Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын коргоого бардык чараларды көрөрүн белгиледи.

Кайрылмандар медициналык камсыздоого жана социалдык колдоо алууга да муктаждыктарын билдирди. 
“Биз Өзбекстандан келгенибизге 13 жыл болду. Бул убакыт аралыгында мектепти аяктап, турмушка чыгып, үй-бүлө күттүм. Бирок, никебизди мыйзамдаштыра алган эмесбиз. Жада калса, балдарыбыздын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. 
Атамдын да эжем экөөбүздө да паспорт жок. Анткени, ушунча жылдан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүбүздү Өзбекстандан алып келе албай жүргөнбүз. Быйыл гана документтерибизди алып келдик. Азыр биз кайрылман статусунда турабыз. Эми, жарандык алууга арыз жаздык. Биз иштеп, милдеттүү камсыздандырууга укуктуу болгонубузга карабай, медициналык полис ала албай келебиз. Ооруп калган учурда, бардык медициналык кызматтарга акы төлөп келебиз”, - деди Махира Жиянова. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык адисинин айтымында, жарандыгы жок адамдар чет өлкөлүктөр үчүн гана делген медициналык камсыздандыруу полисин ала алат. 

1999-2000 жылдардагы Баткен коогалаңынын ардагерлери, “согуштун катышуучулары” статусун ыйгарууну суранышты. 
“Ошол учурда,  толук кандуу согуш болгон. Андан бери 25 жыл өтсө да, ал окуяны “согуш” деп тааныбай келишет. Белгилей кетсем, 80ден ашуун адам майып болуп калган. Биз ансыз да аз калдык”, - деди Абдубакир Эгембердиев. 

Жолугушууда жергиликтүү тургундар үй курууга жер тилкелери жетишсиз экенин айтышты. 

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Алма Эсматованын айтымында, жолдошу экөө өздөрүнө жана балдарына жер участогун алышкан эмес. 

“Биз өзүбүз бир топ жашка чыгып калдык. Биз жер тилкесин албасак да, жок дегенде балдарым алып калса дейм. Неберелерибиз да чоңоюп калды. Балдарым азыркы күнгө чейин, батирде турушат”, -деди ал. 
“Мен 1982-жылдан бери Кызыл-Кыя шаарында жашайм. 1999-жылдан бери бизге жер тилкесин бөлүп бергиле деп арыз жазып жүрөм. Бирок, жооп жок. Мен неберелеримдин алдында уялып жатам, бир үйдө бир нече үй-бүлө жашайбыз”, - деп нааразы болду Кызыл-Кыянын дагы бир тургуну Уулкан Абдраимова.

Облустук администрациянын өкүлдөрү жер тилкесин алуу үчүн бир эле Кызыл-Кыя шаарында 5 миң, облус боюнча 50 миң адам кезекте турганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акыркы эки жылдан бери аймактагы жерлерди трансформациялоо иштери жүрүп жатканын белгилешти. Ал бүткөндөн кийин жер тилкелери бериле баштайт.

Зардалы айылынын тургуну Акыйкатчыга өздөрүнүн айылындагы курч көйгөйлөрүн бийликке жеткиргени үчүн айыл элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Ал мындай жашоо-шарты катаал Зардалы айылына Акыйкатчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн барышы башка мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурдурганын билдирди. 

Жамиля Жаманбаева эл менен жолугушуудан кийин Сүлүктү шаарындагы жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы майыптыгы бар  балдар үчүн мектеп-интернатынын шарттары менен таанышты.