Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттин менчигиндеги жерден мыйзамсыз жер бөлүнүп берилген
Акыйкатчы аппаратына Казакстан Республикасынын жараны Н.Н. кайрылып, Казакстандын башка эки жараны – эже-сиңди жана жеке инвесторлор Ю.О. жана Е.В. кызыкчылыгын коргоо менен «Бишкекавтоматика» ЖЧКсынын директору С.Султанбековго жана башка Кыргыз Республикасынын бир катар кызмат адамдарына байланыштуу кылмыш ишинин мыйзамдуу ана акыйкат жол менен иликтенишине жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Атап айтканда, анда төмөнкүлөр белгиленген:
2008-жылдын 14-февралында Ю.О., Е.В. жана КР жараны Суюрбек Султанбековдун ортосунда «Бишкекавтоматика» ЖЧКсынын Уюштуруучулук келишими түзүлүп, уставдык капиталда төмөнкүдөй үлүш бөлүштүрүлгөн: С. Султанбеков – 34 пайыз, ал эми Ю.О. жана Е.В. – ар бири 33 пайыздан. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими менен «Бишкекавтоматика» ЖЧКсынын Директору болуп С. Султанбеков шайланган.
2008 ж. февралынан 2009 ж. октябрына чейинки мезгилде жабырлануучу тараптан жеке С. Султанбековго жалпы суммасы 3 млн. АКШ долларынан ашык акча каражаты берилген. Алынган каражатка 45 эки кабаттуу жана 11 бир кабаттуу коттедждер курулган. Бул жер КР УИА убактылуу пайдалануусу үчүн «Бишкекавтоматик» ЖЧКсына бөлүнгөн «Илим» (Ысык-Көл облусу) балдардын ден-соолугун чыңдоочу комплексине тиешелүү жердин аймагында жайгашкан.
«2010-жылдын башында, курулуш иштери аяктаган соң 08.04.2010-жылдагы уставдык капиталдагы үлүштү акысыз өткөрүп берүү тууралуу келишимдин жардамы менен, алдоо жана көз боемолоо жолу аркылуу, С. Султанбеков мыйзамсыз «Бишкекавтоматик» ЖЧКсынын мүлкүн 100% ээлеп алган, эже-сиңди Ю.О. жана Е.В. тиешелүү үлүш 3 006 888 АКШ долларынан ашыгыраак сумманы түзөт. Бирок С. Султанбеков, коомдун директору жана жалгыз катышуучусу катары, жазуу түрүндөгү милдеттенмелерди аткарган эмес – Уставдык капиталдагы үлүштү ыйгарып берүү жөнүндөгү 08.04.2010 ж. келишимди, анын 2-пунктунда «1-тарап (б.а., «Бишкекавтоматика» ЖЧК) Кара-Ой айылындагы, КР УИА «Илим» балдардын ен-соолугун чыңдоочу комплекстин аймагындагы коттедждердин курулушуна 1-тарап тарабынан алынган 3 млн. 6 миң. 888 АКШ доллары көлөмүндөгү акча каражатын көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтарып берет деп так көрсөтүлгөн: 1,5 млн. АКШ долларын – 2010-жылдын 1-октябрына чейин, жана 1 млн. 506 миң. 888 АКШ долл. – 2011-жылдын 1-октябрына чейин» жана «1-Тарап», б.а. С. Султанбеков өзү инвесторлор менен (эже-сиңди Ю.О. жана Е.В. менен) 2011-жылдын аягына чейин толук эсептешиши керек эле. Аталган Келишимге ылайык, жеңилдетүүгө баруу жана Казакстандан келген жеке инвесторлордун алдындагы өз милдеттерин аткарбоого байланыштуу, С. Султанбеков 01.09.2013-жылы өз милдеттенмесин 2014-жылдын 1-сентябрына чейин аткарууну кепилдеп, өз колу менен тил катып жазып берген», - деп түшүндүрөт арыз ээси Н.Н.
Ошондой эле арызда 2013-жылы Ю.О. жана Е.В. карызды талап кылуу укугун Ю.Н. Усовго өткөрүп беришкен, ал ишеним кат аркылуу өкүл болуп Алматы шаарынын жана Бишкек шаарынын сотторуна кайрылган. Ошентип, Алматы шаарынын Бостандыр райондук сотунун 2014-жылдын 13-мартындагы чечими менен Ю.Н.Усовдун «Бишкекавтоматика» ЖЧКсынан 548 630 000 тенге (эквиваленти 3 006 888 АКШ доллары) же 163 770 000 сом карызды өндүрүп берүү тууралуу доо арызын канаттандыруу аныкталган.
2014-жылдын 30-майындагы Алматы шаарынын апелляциялык даттануулар боюнча соттук коллегиясынын токтому менен райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган, ошондой эле 2015-жылдын 29-январындагы Алматы шаарынын кассациялык даттануулар боюнча сотунун коллегиясынын токтому менен аталган соттук чечимдер дагы өзгөртүүсүз калтырылган.
Казакстан республикасындагы соттук териштирүүлөрдөн соң Ю.Н. Усов Казакстан республикасынын соттук актыларын Кыргыз Республикасынын аймагында таануу жана мажбурлап аткартууга уруксат берүү тууралуу Кыргызстандын сот органдарына кайрылган.
Өз кезегинде, бишкек шаардык Свердлов райондук соту 2015-жылдын 27-апрелинде Алматы шаарынын Бостандык райондук сотунун 2014-жылдын 13-мартындагы чечимин КР аймагында жарактуу деп тааныган. Андан тышкары, 2016-жылдын 8-июнундагы Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен райондук соттун аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган. Ошондой эле, 2016-жылдын 22-сентябрындагы КР Жогорку сотунун токтому менен бишкек шаарынын райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылган жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө ээ жана кайрадан арызданууга жатпайт.
Бирок КР Жогорку сотунун токтому бүгүнкү күнгө чейин аткарылбаган.
КР УИА «Илим» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинин балансына кирген, мамлекеттин менчигиндеги жерден мыйзамсыз жерди бөлүп алуу фактысы ачык көрүнүп, Кыргызстандын кызмат адамдарына карата бир катар кылмыш иштерин козгоого алып келди, эгерде алардын күнөөсү сотто далилденсе биздин республиканын мыйзамдарына ылайык жазага тартылышат.
Аталган доо арызды кароонун натыйжасында КР Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери тарабынан КР Башкы прокуратурасына Н.Н. арызында көрсөтүлгөн ар бир бүтүмдү жана кырдаалдарды тыкыр иликтеп жана кароодо жардам көрсөтүү, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу жана Казакстан Республикасынан келген жогорудагы инвесторлорго алардын акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен кат жолдонду.
Берилген маалыматтарга караганда, азыркы тапта Казакстандын жараны Н.Н. арызына байланыштуу Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн кайрылуусу КР УКМК МТК кароосунда турат. Акыйкатчы аппаратына УКМК өз убагында тиешелүү маалыматтарды берет деп ишенебиз.