“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад облусунда болушту

16/10/2021 - 09:31

«Укук кербени» долбоорунун катышуучулары 2021-жылдын 15-октябрында Жалал-Абад шаарынын эли менен жолугушуп, аларга зарыл болгон укуктук консультацияларды беришти.

Атап айтканда,  Акыйкатчы аппаратына 2-топтогу майып, 63 жаштагы М.Г. кайрылды. Ал 2019-жылы жол кырсыгына кабылып, 1-топтогу майыптык алган  37 жаштагы кызын карайт. Арыз ээси белгилегендей, бүгүнкү күндө ал майыптыгы боюнча 1500 сом өлчөмүндө пенсия алат. Бул каражатка алар кызы экөө бир бөлмөнү ижарага алышат, дары-дармекке жана тамак-ашка акчалары жетпейт, кыш мезгилинде бул бөлмөдө жашоого мүмкүн эмес, анткени абдан суук. Арыз ээси КР Акыйкатчы өкүлдөрүнөн турак-жай маселесин чечип берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул арыз көзөмөлгө алынды. КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү жергиликтүү бийлик жетекчилиги менен тийиштүү жумуштарды жүргүзүп, жаран М.Г. жана  анын кызынын көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун талкуулашмакчы. 

8 жаран алардын арызын обьективдүү кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди, анткени алардын ою боюнча “банк кызматкерлеринин алдамчы менен кылмыштык барышканынан улам алар өз үйлөрүнөн ажырап калышууда”.

Мындан тышкары, КР Акыйкатчы аппаратына жазуу жүзүндөгү арыз менен 400дөн ашуун турак-жай ээлери кайрылышты. Алар Жалал-Абад шаарынын курорттук чөлкөмүндө(пос. Нагорный, пос. Загорный  ж.б.) жашаган тургундарды көп жылдан бери жашаган аймагы боюнча  каттоого алышпайт. Анын айынан алар шайлоолорго катыша алышпайт, медициналык жана башка кызматтарды ала алышпайт. Арыз ээлеринин билдиришинче жергиликтүү бийликтер алардын үйлөрүн мыйзамдаштырууга макул эмес, анткени бул чөлкөм тектоникалык жарака жерде турат. Бирок ошол эле учурда бийлик башка айрым “тандалма” адамдардын үйлөрүн тариздеп, курулуш жүргүзүүгө уруксат беришет.  

Ошол эле учурда Сейсмология институту эки жылдан ашуун убакыттан бери ушул жерде тектоникалык жарака бар же жок деген түшүнүктүү жооп бербей келишет.

«Эмне үчүн бир эле мыйзам кимдир бирөө үчүн иштейт, башкалары үчүн иштебейт? Эгер чын эле жарака болсо, анда эмне үчүн ушул чөлкөмдө курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген башка адамдардын өмүрү коркунучта калышы керек, эгер жарака жок болсо, анда ушул аймактан үй-жай күткөн башка жарандарга мындай татаалдыктар жаралууда», – деп өзүлөрүнүн нааразычылыктарын билдиришип, ушул маселени чечүү процессин тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Бул аймактан кабыл алынган ушул жана башка арыздар Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан дыкаттык менен каралып, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Жыйынтыгы арыз ээлерине кабарланат.

Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуудан кийин КР Акыйкатчы институтунун жумушчу тобу Жалал-Абад ШИИБ убактылуу кармоочу жайына барышты. Мониторингдин жүрүшүндө белгилүү болгондой, бул изолятордо санитардык-гигиеналык шарттар талапка жооп бербейт, бул ал жерде кармалгандардын пс ихикалык абалына таасир тийгизет.

Мындан тышкары, кармалгандардын өздүк иштерин карап чыгууда аныкталгандай, кармалган А.М. (КР Жазык кодексинин 303-беренеси) медициналык кароо картасы (күбөлөндүрүү) жок  болуп чыкты. Бул убактылуу кармоочу жайдын администрациясы тарабынан КР Жазык-процесстик кодексинин 45-беренесинин 6-пунктун бузууга жатат.

Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.