«Укук кербени» долбоору Өзгөн районунда
«Укук кербени» долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А. Колопов жетектеген топ 2021-жылдын 21-октябрь күнү Өзгөн районун жарандары менен жолугушту.
«Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.
Эл менен болгон жолугушуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү.
Жолугушууда Акыйкатчынын орун басары А. Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, ошондой эле КР Акыйкатчысынын ыйгарым укуктары жана адам укуктарынын эл аралык ченемдери боюнча кеңири маалымат берди.
Жолугушуу учурунда эл тарабынан айтылган төмөндөгү көйгөйлүү маселелер ортого салынды.
Жерлерди трансформациялоо боюнча маселе өтө актуалдуу болду.
“Баатыр эне” наамын ыйгарууда энелердин укугу бузулуп жаткандыгын белгилешти, себеби 7-10 балалуу үй-бүлөөнүн бирөөсү кылмыш жообуна тартылса, энеге наам ыйгарылбайт. 18 жашка чейин чоңойтуп койгондон кийин, бөлүнүп чыгып кеткенден кийин эмне үчүн наам берилбейт. Аны эне кылмышка түртпөдү да деген ойлор айтылды (1 адам арыз жазып берди).
Коюлган маселелердин ичинде мектепке жолукчан барган кыздарга тыюу салынган фактысы боюнча болду.
Райондун аймагында кара кийим ()чүмбөт кийинип алгандардын саны көбөйүүдө жана ал маселе элди кооптондурат.
Диний ырым-жырымдарга, айрыкча нике кыйууда, ЖААКтан документ берилбей эле, молдолор өзү билгендей нике кыйууда, буларга мыйзам аркылуу чек коюуну суранышты.
У. Аттокуров Өзгөн шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри. Ал ээлеген кызматынан 2021-жылдын 13-октябрында мыйзамсыз бошотулгандыгын, аны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн документтердин бардыгын жасалмалагандыгын маалымдоо менен, бул боюнча Өзгөн райондук прокуратурага кайрылган. Ошондой эле КРнын Акыйкатчысына расмий түрдө арыз менен кайрыла тургандыгын билдирди.
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Түз-Бел айылындагы жалгыз төрөт үйү, белгисиз себептерден улам жабылып жаткандыгына нааразычылыгын билдиришти.
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына (УКЖга) мониторинг жүргүзүүдө ал жайда 9 адам кармалып турган. Алардын ичине 1 аял. Аларды кармоого негиз болгон документтерди текшерүүдө бардыгы негиздүү экендиги такталды. Камералар жарык жана жылуулук берилген. Тиешелүү эрежелер сакталган. Сейилдөө жайында душка түшүү үчүн кабина коюлган жана аристон менен жылытылууда.
Ажатканалар да талапка жооп берет.
Мониторинг учурунда кармалган ар бир адам менен сүйлөшүлдү, эч ким нааразычылык билдирип, арыз дооматтар айтылбады.
Өзгөн райондук борбордук ооруканада 12 бөлүм бар. Мониторинг жүргүзүү убагында дарыланып жаткан жарандар менен жекече сүйлөшүүлөр болду. Алар тараптан медицина кызматкерлерине арыз-дооматтар айтылган жок. Алар менен мамлекеттик кепилденген программалар тууралалуу талкууланды. Медициналык кызматкерлер менен сүйлөшүүдө төмөндөгү көйгөйлөр айтылды:
Айыл жергесиндеги ФАПтарга медициналык кызматкерлер жетишпейт. Айлыгынын төмөндүгүнөн эч ким барышты каалабайт.
Тамак ашка бөлүнгөн акча күнүнө 70-80 сомду түзөт, учурда азык-түлүктөр 2-3 эсе кымбаттагандыгына байланыштуу ал акча каражаты жетпейт.
Жол коопсуздугун көзөмөлгө алууну күчөтүү зарыл, себеби Өзгөн райондук оорукана Бишкек-Ош жолуна жакын жайгашкандыктан жол кырсыгы менен түшкөн жабырлануучулар басымдуу.