Токон Мамытов: «Жактоочулардын ишинин сапатын көзөмөлдөө механизминин жоктугу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык кеңеш программасына ишенимди кетирет»
2019-жылдын 10-сентябрь күнү Бишкек шаарында «Park Hotel» отелинин конференц-залында “Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу: Кыргыз Республикасында укуктук жактан жөнгө салуу жана аткаруу практикасы” аттуу темада тегерек стол болуп өттү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жана Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясынын демилгеси менен ишке ашты.
Тегерек стол Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касмалиева, түзөтүү мекемелиринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокурор Нурлан Сулайманкулов, мамлекеттик органдардын, Жогорку соттун, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.
Акыйкатчы Токон Мамытов кириш сөзүндө, КР Акыйкатчы институту биздин өлкөдө адам эркиндигинен ажырап камакта жаткан жерлерде адам укуктарынын сакталышына байма-бай байкоо салып турарын айтты.
- Бул “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын чегинде арыздар жана кайрылуулардын негизинде мониторинг жүргүзүү, текшерүү жана иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы маалда биз иш-аракетибиздин жаңы багытын уюштуруп, бейөкмөт уюмдар жана коомчулуктун өкүлдөрү менен мониторингдерди, иликтөөлөрдү биргеликте жүргүзүп жатабыз.
ЖАМК түзөтүү колониялардагы обьективдүү текшерүүлөр Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнүн негизги бөлүгү болуп калды. Мониторингдин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдарга берилген сунуштамалардын олутту бөлүгү эркиндигинен өмүр бою ажыраган адамдардын кармоо шарттарынын минималдуу стандартын камсыздоог багытталган.
Акыйкатчы аппаратына келген арыздардын анализи көрсөткөндөй, арыздардын арбынында сотторго болгон нааразычылык, сот адилеттүүлүгүнө жетүү жоктугу айтылаарын баса белгиледи.
-Мындай арыздануулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине, Кылмыш - процесстик кодексине, Жазык аткаруу кодексине кирген өзгөртүүлөрдү улай ушул жылдын январь айынан тарта бир кыйла өстү. Балким, бул дал келүүдүр, бирок акыркы убакта жогоруда айтылган арыздануулардын көптүгүнүн чыныгы себептерин биздин институт бир-эки жылда аныкташына мүмкүндүк берилиши керек.
Ошондой эле Акыйкатчы акысыз юридикалык кеңеш боюнча мамлекеттин саясаты натыйжалуу ишке ашпай жатканын белгиледи.
- Республикага бул программанын ишке ашышына эл аралык уюмдар абдан чоң колдоо көрсөтүштү. Бирок, тилекке каршы тергөө, сот жана жактоочулар ортосунда айкалышып иштөө жок болуп жатат. Мамлекет тарабынан кепилдеген акысыз юридикалык кеңеш боюнча жактоочулардын сапаттуу иштешине көзөмөл тийиштүү деңгээлде болбой жатканынын Акыйкатчы институту гана эмес, башка эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт укук коргоо уюмдары тарабынан да белгиленип келет. Көп учурда кардарлар алардын ишине канааттанбай баш тартканы - бул өзүнчө эле нонсенс.
Жактоочулардын ишинин сапатын көзөмөлдөөнүн механизминин жоктугу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык кеңеш программасына ишенимди төмөндөтөт, жактоочулар өздөрү кесиптик стандарттарды жана юридикалык этиканы бузганына жол ачып берет-деген пикирин айтты Акыйкатчы.
Акыйкатчы кириш сөзүн жыйынтыктап жатып, тегерек столдо айтылган сунуш-пикирлер соттолгон, анын ичинде өмүр бою эркиндигинен ажыраган жарандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоодо эске алынып, натыйжалуу иш жыйынтыгын берет деген ишеничин билдирди.
Тегерек столдун катышуучулары өмүр бою эркиндигинен ажыраган жарандарга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү ортого салып талкуулашып, бул категориядагы адамдардын эркиндиктери жана укуктары келишимдердин талаптарына дал келип, кармоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келишине кызыктар экендиктерин айтышты.
Иш-чара жыйынтыкталып, мындай жолугушуулар жана талкуулар улантылышы абзел, кийинки жолугушууда Эл аралык укук коргоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жардамы менен Кыйноолорго каршы коалиция жүргүзгөн аналитикалык талдоону талкуулоо болушу керек деген чечим кабыл алышты.