Токон Мамытов: "Балдардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана келечегине байланыштуу ар бир маселе дыкаттык менен чечилүүсү керек"

09/08/2020 - 11:10

Бүгүн, 2020-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)  Токон Мамытов менен "Оэйсис" Коомдук кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиеванын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн, багып алуучу үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрүн талкуулашты. Ошондой эле жаңы ата-энелердин балдарды мектеп-интернаттардан жана балдар үйүнөн кабыл алууга даярдыгы, мүмкүнчүлүгү чектелүү жетим балдарды фостердик үй-бүлөлөргө өткөрүп берүү үчүн атайын шарттар тууралуу сөз болду.

Токон Мамытов “Оэйсис” коомдук кайрымдуулук фондунун  өкүлдөрүнүн балдар үйүндө жана эркиндиги чектелген  жерлерде жашы жете элек балдардын укугун коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу сунушун колдой тургандыгын белгилеп, ошондой эле жетим балдардын укугун коргоо жана андай балдарды интернаттан кийинки  коштоо тутумун кийирүү үчүн  укуктук жана социалдык жактан жөнгө салуу үчүн тиешелүү мыйзам базасын иштеп чыгууда Акыйкатчы институту бул уюм менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Бирок, бул иш пландуу түрдө жүргүзүлүп, балдардын бардык мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары эске алынышы керек. Бул үчүн, багып ала турган үй-бүлөлөргө өткөрүлүп бериле турган жетим балдардын категорияларын аныктоо максатында масштабдуу жана ар тараптуу изилдөө жүргүзүү керек. Бул жерде көптөгөн факторлор: баланын физикалык жана психикалык абалы, анын өнүгүү өзгөчөлүктөрү, анын ичинде акыл-эсинин өрчүшү  эске алынышы керек. Ошондой эле, багып алуу функцияларын жана милдеттерин өз мойнуна алууну каалаганүй- бүлөлөргө (үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө) тийиштүү жана биздин шарттарга ылайыкташтырылган окутуу программасын даярдоо зарыл. Биринчи кезекте фостердик үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык факторлорун жана өзгөчөлүктөрүн билүү үчүн иш жүргүзүүу керек, бул чоң кишилерге тиешелүү  - алар алкоголго, баңги заттарга жана башка фобияларга көз каранды эместигин  билүү зарыл. Тактап айтканда, балдардын жашоосуна, ден-соолугуна жана келечегине байланыштуу ар бир маселе, башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез арада, шашылыш түрдө, ар жак-бер жагы иликтенбей туруп чечилбеши керек. Мурунку Советтер Союзунун айрым өлкөлөрүндө бир жылдын ичинде бардык балдар үйлөрү жоюлуп, натыйжада, балдар кылмыштуу дүйнөнүн бир бөлүгү болуп калышкан жана көптөгөн Европа өлкөлөрүндө  кул болуп кеткен өкүнүчтүү жыйынтыкка кабылган. Кыргызстанда биз андай нерселерге жол бербешибиз керек », - деп баса белгиледи Токон Мамытов.