Техникалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (ACTED) Бишкектеги кеңсеси КР Акыйкатчысынын кеңсесине техникалык колдоо көрсөттү

29/07/2021 - 16:28

Бүгүн, 2021 -жылдын 29-июлунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратына, Техникалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (ACTED) Бишкектеги кеңсесинен Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратына  оргтехника өткөрүлүп берилди. Бул иш-чара 2020-жылдын ноябрь айында кол коюлган КР Акыйкатчы Институту,  ACTED уюму жана “Фергана өрөөнүнүн чек-арасыз юристтери” коомдук бирикмесининен үч тараптуу меморандумду ишке ашыруунун алкагында болду.

Меморандумдун алкагында ACTED борбордук жана аймактык деңгээлде долбоордук иш -чараларды ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) колдоо көрсөтө баштады. Тактап айтканда, 2021-жылдын март айынан бери Акыйкатчы институту иштеп жаткан "115 шыр байланыш” кызматына колдоо боюнча беш юрист-эксперттин кызматын берген. (үч юрист борбордук аппаратта кызмат көрсөтсө, эки юрист түштүк регионунда кызмат көрсөтүп жатат).  Ошондой эле алар тарабынан Акыйкатчы кызматкерлери жана “115 шыр байланыш” кызматынын операторлору үчүн бир катар тренингдер өткөрүлдү, бир катар тренингдер үчүн модулдар иштелип чыкты ж.б.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбековдун айтымында, берилген компьютерлер Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилет, анткени ал Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн техникалык базасы чыңдалса, алыскы аймактагы адам укуктарына оң таасирин тийгизет.

Аппарат жетекчи өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Бул долбоор USAIDдин каржылоосу менен, FHI360 ошондой эле анын өнөктөштөрү - ACTED жана юристтер ассоциациясы тарабынан ишке аша турган   5 жылдык программа. Анын негизги максаты - жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жана түзүүгө жамааттарга, жергиликтүү бийлик органдарына, жарандык коом уюмдарына жана жеке секторго жардам берүү менен Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Долбоор айылдын жана шаардын жашоочулары көйгөйлөр жана сунуштар менен бийлик органдарына эркин кайрылып, ошондой эле кеп-кеңештерди алууга жана коомдук маанилүү маалыматтарга ээ болууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу процесстерине катышуу үчүн жарандык катышуунун бардык шаймандарын жана ресурстарын жигердүү пайдаланууга жардам берүүгө, пландаштыруу жана бюджеттин аткарылышы боюнча чечимдерге таасир этүүгө багытталган.