Талас облусунун аймагындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсүнө байкоо жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан облустун Талас шаарында жана төрт районунда өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөдө катышуу жана орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүлдү.
Талас облусунун аймагында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөдө Талас шаарында №5 орто мектебинде 18-19 майда, Кара-Буура районунун Кызыл Адыр айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде 21-22 майда жана Манас районунун Покровка айылындагы орто мектебинде 21-22 майда байкоо жүргүзүлдү.
Талас шаарынын №5 орто мектебинде №104 тестирлөө борборунда бардыгы болуп 416 бүтүрүүчү катталып, 3 окуучу ар кандай себептер менен тестирлөөгө катышкан жок.
Кара-Буура районунун Кызыл Адыр айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде №101 – тестирлөө борборунда бардыгы болуп 414 бүтүрүүчү каттоодон өтүп, тестирлөөдөн четтетилгендер болгон жок.
Манас районунун Покровка айылындагы орто мектебинде 102 – тестирлөө борборунда бардыгы болуп 241 бүтүрүүчү каттоодон өтүп, тестирлөөдөн четтетилгендер болгон жок.
Бүтүрүүчүлөр биринчи күнү жалпы, экинчи күнү талдоо сабактарынан тест тапшырышты. Тестирлөө кыргыз жана орус тилинде болду.
Тестирлөө жүргүзүү үчүн аталган тестирлөө борборлорунда шарттар түзүлүп берилген:
- тест кабыл алган топтун саны 13 администратордон турат;
- тест борбор 7.00дө ачылып 8.55те толугу менен абитуриенттерди каттоо боюнча залдарга киргизип түшүндүрмөлөр берилип, тест тапшыруу өз убагында башталды;
- борбордо тест дарсканалары жетиштүү болду;
- бардык жерлерде керектүү маалымат берилген плакаттар илинген ( борборго кирип келе жаткан эшикте абитуриентерге жана ата-энелегер көнүл буруучу тестке уюлдук телефонго жана калькулятор киргизүүгө катуу тыюу салынгандыгы боюнча.). Ага карабастан темир издегич аппараты колдонулду;
- абитуриенттер бир-бирден отуруш үчүн парталар жетиштүү;
- борбордо медициналык түйүн жана коопсуздук кызматы иштеди ( Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан медицина кызматкери үчүн кабинет бөлүнүп берилген жана Талас ШИИБнщн милиция кызматкерлери турушту)
- тест борборунун ичинде чоочун, тиешеси жок адамдар болгон жок;
- тест материалдарын сактоо үчүн эшиги жабылып кулпу салынган атайын класс бөлүнгөн;
- администраторлор өз буюмдарын сактай турган атайын класс бар;
- жетекчи тайпа мүчөлөрүнүн ар бирине өз милдеттерин алдын-ала бөлүштүргөн;
- администраторлордун баары расмий кийинип,өз иштерин так аткарышты;
-абитуриенттердин ар бирине көңүл бөлүү менен сылык мамиле жасалды;
- абитуриенттер да, администраторлор да тестте өзүн алып жүрүү эрежелерин так аткарышты;
-абитуриенттерди тестке киргизүү уюшкандыкта өткөрүлдү;
-абитуриенттердин үстөлдөрүндө тест эрежелери тарабынан тыюу салынган эч кандай ашык буюмдар болгон жок;
- көрсөтмөлөр дарсканаларды үндү катуу чыгаруу менен так окулду;
- администраторлор абитуриенттерге тесттин аяктаарына канча убакыт калгандыгын өз убагында, алдын –ала маалымдап турушту;
- тест учурунда администраторлор абитуриенттер отурган катарлардын арасында басып, үстөлдөрдөгү документтерди текшеришти;
- тест аяктагандан кийин администраторлор бардык тест материалдарын жетекчиге тапшырышты.
Акыйкатчынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пикиринде, тестирлөөнү эки күн эмес, үч күн өткөрүү пайдалуу болчудай-деген сунушун айтты (биринчи күнү эки нөөмөт менен жалпы тестирлөөнү берип, андан кийин эки күн предметтик тестирлөөнү тапшырылса). Себеби балдар эртең менен жалпы тестти тапшырышып, түштөн кийин (саат 14:00, кээ бирлери саат 16:00) ) кайра эле кошумча тестирлөөгө киришкендиктен, тест чыгарбай эле кыйналып отурушканы билинип турган. Балдардын чарчап-чаалыгып, кыйналып турганы тестирлөөнүн жыйынтыгына терс таасир тийгизиши мүмкүн.