Соттун 25 жылган соттогон өкүмү күчүнө кирбесе да Э.К. 2008-жылдан бери абакта жатат
КР Акыйкатчысынын наамына КРнын № 2 (аялдар) түзөтүү мекемесиндеги жаза өтөө мөөнөтүн өтөп жаткан Э.К арыз менен кайрылган Арызында, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жазык мыйзамдарынын жана жана кодекстердин негизинде (2017-жылдын 24-январы № 10 редакциясы боюнча), арыз ээсинин жазык ишин кайра кароо жөнүндө арыз менен Токмок шаардык сотуна кайрылгандыгын билдирген.
Бирок, ушул күнгө чейин ага карата чыгарылган 2008-жылдын 24-июнундагы Токмок шаардык сотунун өкүмү өзгөртүүсүз же болбосо күчүндө калтырылгандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди. Аталган арызды кароо алкагында, КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты тарабынан, Токмок шаардык сотунун төрагасы Д.Астаркуловдун наамына жана Чүй облустук сотунун төрагасы Ч.Онолбековдун наамына арызда көрсөтүлгөн фактыларды текшерүүгө тийиш болгон маанилүү себептерин аныктоо максатында суроо-талаптар жөнөтүлгөн.
Жогорудагы суроо-талаптарга алынган жоопко ылайык, Э.К жогорудагы жазык ишин кайра кароо жөнүндө жазган арызы жана КРнын ЖАМКнын № 2 түзөтүү мекемесинин сунушу Токмок шаардык сотуна 2019-жылдын 16-январында келип түшкөн.
Тилекке каршы дээрлик 11 айдан бери Э.К. жазык ишин кайра кароо жөнүндө жазган арызы карала элек. Анын себеби, Токмок шаардык соту тарабынан 2008-жылдын 14-июнунда Э.К-ны КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясы боюнча) 97-бер. 2-бөл. 3,6,11,13; 125-бер. 2-бөл. 1,4-п. боюнча күнөөлүү деп табылып, 25 (жыйырма беш) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын аялдар үчүн түзөтүү мекемесине өтөөсү белгиленген.
Ал өкүм Чүй облустук сотунун 2008-жылдын 9-сентябрындагы аныктамасы менен жокко чыгарылып, жазык иши ошол эле сотко жаңыдан кароого жөнөтүлгөн.
Белгилеп коюу керек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-бер. 1-бөл. ылайык, ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө (азыркы учурда) КРнын ЖАМКнын № 2 түзөтүү мекемесиндеги жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Э.К жазык иши боюнча (Чүй облустук сотунун 09.09.08-ж. аныктамасынан кийин) мыйзамда каралган тартипте анын күнөөсүн же күнөөсүздүгүн аныктаган эч кандай соттун чечими жок.
Токмок шаардык соту тарабынан Э.К жазык ишин издөө боюнча бир нече ирет кайрылуусуна, Токмок шаардык прокуратурасы аталган жазык иши Чүй облустук прокуратурасынын архивинде деп жооп кайтарышкан.
Андан кийин, Э.К жазык иши Токмок шаардык сотуна жөнөтүлгөн деп кошумча билдиришкен.
Бул маалыматтарды тактоо иретинде Чүй облустук прокуратурасына кайрылган учурда, Чүй облустук прокуратурасы Э.К жазык иши Чүй облустук прокуратурасынын архивинде жок экендигин маалымдашкан.
КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкери жогорудагы аялдар түзөтүү мекемесине барып, Э.К өздүк иши менен таанышканда төмөнкүлөр аныкталган:
- “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” КРнын мыйзамынын 4-бер. 5-п. негизинде (Бишкек шаары, 2011-жылдын 19-июлу N 114) прокурор А.Омуралиевдин санкциясынына ылайык, Э.К мөөнөтү 4 жыл 2 ай 28 күнү кыскартылган.
- “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” КРнын мыйзамынын 3-бер. 1-бөл. 5-п. негизинде (Бишкек шаары, 2014-жылдын 27-январы N 16) прокурор Р.Н.Нурбековдун санкциясынына ылайык, Э.К мөөнөтү 2 жыл 10 ай 22 күнү кыскартылган.
- “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” КРнын мыйзамынын 4-бер. 4-п. негизинде, КРнын № 2 түзөтүү мекемесинин башчысы М.Байсабаевдин сунушу боюнча Э.К карата жаза өтөө мөөнөтү 2 жыл 6 ай 13 күнгө кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Жогорудагы Мунапыс жөнүндө мыйзамдарга ылайык, жогорудагы кызмат адамдары, Э.К боюнча Чүй облустук сотунун 2008-жылдын 9-сентябрында Чүй облустук сотунун аныктамасына ылайык жокко чыгарылган Токмок шаардык сотунун 2008-жылдын 24-июнундагы өкүмүнүн негизинде кабыл алышкан (өтөлбөгөн мөөнөтүн кыскартышкан).
Чүй облустук сотунун аталган аныктамасы эмне себептен КРнын ЖАМКнын № 2 түзөтүү мекемесине жеткен (жөнөтүлгөн) эмес, эмне үчүн арыз ээси Э.К. бул туурасында билбейт (маалыматы жок). Андыктан бул фактылар (жагдайлар) дыкат текшерилип, жооптуу кызмат адамдарына карата укуктук баа берилиши керек деп эсептейт Акыйкатчы Т.Мамытов.
Акыйкатчы Т.Мамытов жаран Э.К. арызын өз көзөмөлүнө алды. Арыз боюнча КР Башкы прокурорунун наамына Көңүл буруу актысын жөнөтүп,
Э.К. жоголгон жазык иши боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүнү, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишин баштоого айрым тапшырмаларды берүүнү жана өзгөчө көзөмөлгө алууну;
Түздөн-түз кызмат милдеттерине кайдыгер мамиле жасоо менен Э.К. укуктарын бузууга жол берген прокуратура органынын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө уюштурууга тапшырма берүүнү жана жыйынтыгы менен укуктук баа берүүнү;
Түздөн-түз кызмат милдеттерине кайдыгер мамиле жасоо менен ушундай жагдайга жол берген судьяларга, соттун кызматкерлерине карата Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылууга тапшырма берүүнү жана аларга карата укуктук баа берүүнү;
Э.К. жазык ишин издөөнү уюштурууну көзөмөлгө алууну;
КРнын № 2 (аялдар) түзөтүү мекемесиндеги жаза өтөө мөөнөтүн өтөп жаткан Э.К. баш коргоо чарасын мыйзам чегинде өзгөртүү маселесине көмөк көрсөтүүнү, жогорудагы баяндалган кемчиликтерди четтетүүнү, ошондой эле жогорудагы факты боюнча КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүүнү суранды.
Эгер Э.К. жазык ишин КР жазык кодексинин 2019-жылы 1-январдан күчүнө кирген редакциясы боюнча кайра караса, анын жаза мөөнөтү 25 жылды эмес 20 жылды түзмөк.
Анан калса, Э.К. жаза мөөнөтү мунапыстарды колдонуу жолу менен 9 жыл 8 айга кыскарган;
Ал эми Э.К. абакта 2008-жылдын 25-февралынан тартып, 2008-жылдын 24-июнуна чейин ТИЗОдо олтурган. Ал ТИЗОдо олтурган 5 ай 1 күнү 2 күнгө эсептелиши керек.
Андан сырткары, Э.К. аялдар колониясында 208-жылдын 24-июнундагы өкүм менен 11 жылдан ашуун олтурду. Эгер баарын кошуп эсептесе, өтөгөн мөөнөтү 22 жылдан ашат.
КР Акыйкатчы аппаратында Э.К. жасаган кылмыш оор кылмыш болуп саналарын, бирок мыйзам баарынан үстөмдүк кылусу керек жана Э.К. мыйзамдык укуктары корголушу керек деп эсептешет.
Акыйкатчы Т.Мамытов жаран Э.К. арызын өз көзөмөлүнө алды. Акыйкатчынын пикиринде, ага анын баш коргоо чарасы тезинен өзгөртүлүүгө тийиш.