Сертификациядан өтпөгөн жабдуу экспертизанын корутундусун туура чыгарабы

23/03/2021 - 15:54

КР Акыйкатчысынын наамына  ири өлчөмдө баңги затын сатууга Ички иштер органдары тарабынан айыпталып жаткан жаран Щ.Э адвокаты кайрылган.

Бул арызды териштирүүдө процесстик одоно каталыктарга жол коюлганы аныкталды.  Атап айтканда, экспертиза КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын лабораториясында AGILENT маркасындагы 19091S-433  аппаратында жүргүзүлгөн. Алардын корутундуларында көрсөтүлгөн каражат баңги каражатыбы же жокпу деген   суроого жооп алынган. Анын натыйжасында айыптоо өкүмдөрү чыгарылып келген.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы өз ишмердигинде Как известно, ГСЭС в своей деятельности руководствуется законами «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө», «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» КР мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларды жетекчиликке алат. Ал өз кезегинде бул кызматтан:

1)         КР Экономика министрлигине караштуу Борбордон аккредитацилануусун;

2)         КР Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун реестрине анда баңги каражаттарына экспертиза жүргүзүүчү AGILENT маркасындагы 19091S-433  аппаратын киргизүүнү; 

3)         КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын метрологиялык көзөмөлүн жүргүзүүнү талап кылат.  

КР Экономика министрлигине караштуу аккредитациялоо борборуна жөнөтүлгөн суроо-талапка алынган жоопто Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын лабораториясы реестрге катталбаганы маалымдалган.

КР Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана сетрология борборунан алынган жоопто, масс-селективдүү газ хроматографы - AGILENT маркасындагы 19091S-433  аппараты Кыргыз Республикасындагы өлчөө каражаттарынын мамлекеттик резервине киргизилген эмес.

КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өз кезегинде маалымдагандай, Мамлекеттик соттук эксперттик кызматы тарабынан масс-селективдүү газ хроматографы - AGILENT маркасындагы 19091S-433  аппараты колдонулбайт деп билдиришкен.  

Тилекке каршы, жогоруда аныкталган мыйзам бузуулар системдүү мүнөзгө ээ жана мамлекеттик тиешелүү  органдар тарабынан көзөмөлдүн жоктугун күбөлөндүрүп турат, бул соттор тарабынан калыс эмес чечимдерди чыгаруусуна түртүшүжана мамлекеттик бийликке жана сот тутумуна ишенимди басаңдатып, адамдын жана жарандын адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын жетекчилигине кайрылып, колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин жакшыртуу зарылдыгын жана мыйзам бузууга жана адам укуктарын бузууга жол койгнон адамдардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берүү маселесин карап көрүүнү суранды.