Москва метросунда террордук акт даярдоого айыпталган кыргызстандыкты экстрадициялоо маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын деңгээлинде чечилиши керек

24/03/2021 - 17:45

Акыркы учурда, ЖМКларда жана республикабыздын ар кандай интернет ресурстарында 2019-жылдын 5-ноябрында Кыргызстандын жараны, 1989-жылы  Балыкчы шаарында туулган, Талант Бердибекович Онуров Москва шаарында кармалгандыгы жөнүндө маалымат тарады. Ал Москва метросунда террордук актыга даярданган деп айыпталууда. Россия Федерациясынын тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Т.Б.Онуров мырза үйдөн жасалган бомба жасоого аракет кылган жана Интернеттеги социалдык тармактар ​​аркылуу бул терактты жасоого шериктеш издеген.

Буга байланыштуу КР Акыйкатчысына Кыргызстандын жараны Д.М. Асанбаевадан арыз түшкөн. Анда Асанбаева Москва шаарындагы Федералдык Жаза аткаруу кызматынын башкармалыгынын №2 тергөө абагында жаткан, III топтогу майып (угуусу начар)  уулу Т.Б.Онуровду бошотууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү жазылган.

Жаран анын арызын карап чыгуу үчүн кабыл алып, Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын тармактык бөлүмү Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилиги, Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Москва шаарынын прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен үзгүлтүксүз маалыматтык  байланыш түзүлгөн. Аларга 2019-2020-жылдар аралыгында, кылмыш ишин тергөө учурунда, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын чегинде Т. Онуровдун укугун сактоо боюнча чараларды көрүү үчүн тиешелүү каттар жана өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.

Алынган маалыматтан Т.Онуров буга чейин Россия Федерациясынын аймагында бир нече жолу сот жообуна тартылганы белгилүү болду. Алып айтканда, Москва шаарынын Зюзин райондук сотунун 2019-жылдын 11-октябрындагы чечими менен Т.Онуров РФ "Административдик укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 201- беренесинин 1 бөлүгүнө ылайык, административдик укук бузуу жасагандыгы үчүн 10 күн административдик камакка алуу өкүмү чыгарылган.

2019-жылдын 23-октябрында Москва шаарынын Преображен райондук сотунун чечими менен, Кыргызстандын жараны Т.Онуров кайрадан   РФ "Административдик укук бузуулар жөнүндө"Кодексинин 201- беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, административдик укук бузуу жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып,  "Административдик укук  8 күнгө  камакка алуу түрүндөгү административдик жазага чечим чыгарылган.

Ал эми 2019-жылдын сентябрь айында Т.Онуров Москва шаарына болгон сапары боюнча колдогу далилдердин негизинде айтсак, ал алгач (2019-жылдын 23-сентябры) ата-энесине Бишкекке акча табуу үчүн бара жаткандыгын билдирген. Бирок эки күндөн кийин (2019-жылдын 25-сентябры) ал инисине Москвада экенин, жумушка орношуп, угуу аппаратын сатып алгысы келип жаткандыгы жөнүндө СМС билдирүү жөнөткөн. Үч күндөн кийин Т. Онуров кайрадан байланышка чыгып, бирок бул жолкусунда ата-энесине Москва полициясынын кызматкерлери тарабынан кармалганын айткан.

2021-жылы 19-февралда Москва  шаарынын Аскер соту террордук акт даярдаган деген айып менен Т.Онуровду Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча жети жылга эркинен ажыраткан, анын үч жылын ал абакта өтөйт жана калган төрт жылын күчөтүлгөн режимдеги колонияда. Кошумчалай кетсек, боштондукка чыккандан кийин, ага төрт жылга Интернетке бир нерсе жарыялоого расмий тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмүнүн тиешелүү суроосуна жооп катары Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча өкүлү Т.Н. Москалкова Т маалымдаганына ылайык, Т. Онуровду камакка алуунун негиздери жана камакка алуу түрүндөгү алдын-алуу чарасын тандоо, анын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле ага коюлган айып Москванын Түштүк-Батыш административдик округунун прокуратурасы тарабынан текшерилгенин жана мыйзамдуу жана негиздүү деп табылганын маалымдайт. Айыптоонун көлөмүн, ошондой эле алдын-алуу чарасын өзгөртүүгө негиз жок. Кармалган жана кийин камакка алынган жана соттолгон Кыргызстандын жараны Т. Онуровдун адамдык жана жарандык укуктарын бузган фактылар аныкталган жок.

Т.Онуровду Москванын Аскер соту тарабынан аныкталган жаза өтөө мөөнөтүн өтөө үчүн Кыргызстанга экстрадициялоого байланыштуу маселелер Т.Онуровдун же анын жакындарынын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан каралышы керек.