Мектептеги жашы жете элек кызга мугалим тарабынан күч колдонулган факты боюнча Акыйкатчынын билдирүүсү
1. Окуя тууралуу маалымат.
2022-жылдын 25-майында Фейсбук социалдык тармагы аркылуу Сузак районундагы мектепте мугалим окуучу кызды сабап салганы тууралуу видео тараган. Корсотулгон кадрда мугалим класстын ичинде башка классташтарынын (балдардын) көзүнчө окуучуну кантип сабап жатканы тууралуу окуя тартылган. Мугалим ал кызга баласы менен тең экенин айтып, оозун жабууну талап кылып сабагандыгы корунуп турат.
2022-жылдын 25-май күнү кечинде мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетуу боюнча оз арызын жазгандыгына байланыштуу Сузак РИИБде жабырлануучунун ата-энеси мугалим Эргешбаева Мээримгүлдү кечирип, окуучу кызды сабагандыгы тууралуу арыз жазуудан баш тартышкан.
Бирок, ошол эле күнү кечке жуук үйунө келе жаткан учурда, окуучу ДЖ.Х. озун жаман сезгендиктен Октябрь айылындагы жалпы дарыгерлердин борборунун хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерден текшерүү жүргүзгөн нөөмөтчү дарыгер бул тууралуу райондук милицияга кабарлаган. Ал эми түнкү саат экилер чамасында Сузак РИИБнин кызматкерлерине кыздын апасы арыз менен кайрылгандыгы такталды.
Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда окуя боюнча суроого мугалим Эргешбаева М., 2022-жылдын 23-май күнү саат 12:00дө класста 7-класстын окуучусу Ж.Х. жана анын кызы К.А. оозеки кайым айтышып кеткендигин билдирген, ал кызга Эргешбаева М., класста тынч отургула деп эскертүү жасагандыгын айткан. Ал эми ал кыз М.Эргешбаева менен орой сүйлөшө баштаганда, мугалим ачуусун тыя албай, Ж.Х.нын бетине чаап жибергендигин билдирген. Бул кадамды мугалим женил желпи ТАРТИПТИК ЧАРА катары колдонгондугун билдирген.
Клиникалык диагноздун корутундусунун негизинде сабалган окуучу кыздын баш мээсинин чайкалышы аныкталган. Баш мээнин чайкалышы, баштын жумшак ткандарынын көгөргондугу, оң далысы менен оң тизе муунунун көгөрүп, жабыркагандыгы белгиленген.
Учурда бул факты боюнча толук жана объективдүү иликтөө ишин камсыз кылуу максатында Сузак районунун тергөө кызматы тарабынан кыздын алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки иликтөө иштери жүргузулүп жаткандыгы маалымдалган.
2. Акыйкатчы институту тарабынан көрүлүп жаткан чаралар
1.1. 2022-жылдын 26-майында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан мугалим тарабынан кордолгон окуучу кызга карата кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле же жазалоону документтештируу боюнча Сузак районунун Октябрьское айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун директору О.Махамажунус уулуна Стамбул протоколун түзүүнү жана ишти натыйжалуу иликтөө жана экспертиза жүргүзүүнү талап кылышкан
Анткени Стамбул протоколу кыйноолорду жана анын кесепеттерин документтештирүү боюнча эл аралык колдонмолордун биринчи курал болуп саналат.
Бирок, Сузак районунун Октябрьское айылындагы жалпы медициналык борборунун директору О.О.Махамажунус уулунун айтымында, Сузак районунда Стамбул протоколунун бланктары так кесе жок жана протоколду толтурууга үйрөтүучу дарыгерлер да жок экендигин билдирген.
Укук коргоо органдары жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги сабалган окуучу кыз ооруканага түшкөндө эмне үчүн Стамбул протоколу дароо толтурулбай калганына укуктук баа берет деген ишенимди билдирем.
Бул көйгөй тууралуу Акыйкатчы институту КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору З.Орунбаевага жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын, Сузак райондук ооруканасынын жетекчилерине маалымат бергенден кийин гана, жалпы билим берүү борборуна Сузак районунун Октябрь айылындагы медициналык борборуна Стамбул протоколун толтуруу үчүн тиешелүү бланктар тапшырылды.
2022-жылдын 26-майында Акыйкатчы Аппаратынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкери А.Тожиханов медицина илимдеринин доктору Н.Кулматов менен бирге Сузак районунун Октябрь айылындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна жана ошол эле күнү саат 19:20да окуучунун мыйзамдуу өкүлү Ш.Х.нын катышуусунда Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөн.
Бирок Стамбул протоколу профессионалдуу түрдө толукталган эмес. Ошондуктан, биз бул тууралуу прокуратурадан суроо талап кылабыз.
Көптөгөн пункттар, мисалы, медициналык текшерүү үчүн негиздер, болжолдонгон кыянаттык менен байланышкан физикалык белгилер ж.б. толтурулган эмес.
Протоколдо бардык маалыматтар иш жүзүндө “нормалдуу” жана “өзгөчөлүктөрү жок” деген шаблондор менен толтурулган. Ошол эле учурда, жыйынтыктоочу бөлүгүндогу диагнозунда жабык ички мээ соогунун жабыркашы белгиленген. Нейротравматологдун, окулисттин жана баш сөөктүн рентгенинин корутундусу жок экендиги да белгилуу. Сабалган окуучу кыздын денесинен алган жаракаттары толук сүрөттөлуп, кагазга тушурулгон эмес, алсак, «жүрөктүн согушунун тездеши, жана анын жагымсыз сезилиши» ошону менен бирге кыздын айтуусунда «баш оору, жүрөк айлануу, кусуу жана жалпы алсыздык» фактылары келтирилген эмес.
Эгерде, укук коргоо органдарынын ишиндеги кош стандарттуулукту айтсак, апасын коргогон 16 жаштагы мектеп окуучусу жана кичүү туугандары мас абалындагы адамды жарадар кылышкан – алар окуучуну камакка алышкан (анткени жарадардын өлүмү боюнча полиция коркуп кеткен), эмне үчүн окуучу мугалим тарабынан сабалган учурда милиция мектеп окуучусунун ден соолугуна келтирилген зыяндын кесепеттери жөнүндө ойлонбойт?
2.2. Окуучу кызды сабаган мугалим М.Эргешбаеванын Башталгыч класстын мугалими» адистиги боюнча орто кесиптик билими жана «Башталгыч класстын мугалими» квалификациясы (2020-жылдын 3-мартынан К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин гуманитардык-экономикалык колледжинин диплому бар).
2013-жылдын 27-августунда М.Эргешбаевага «Логос» окуу борборунда толук бир айлык компьютердик курсту аяктагандыгы тууралуу сертификат берилип, «персоналдык компьютердин оператору» квалификациясы берилген.
Билим берүү министрлиги, прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына канчалык деңгээлде жооп бере тургандыгы боюнча томонку билим берүүнүн бул түрлөрүно укуктарды бериши керек:
- 7-класстын окуучуларын окутуу;
- «Информатика» предметинен сабак бериши.
Анткени, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын
16-беренесине ылайык, мектептеги билим берүү системасынын негизги звеносу болуп саналып, 3 этапты камтыйт эмеспи:
- башталгыч жалпы - 1-4-класстар;
- негизги жалпы - 5-9-класстар;
- жалпы орто билим - 10-11-класстар.
Мындан тышкары, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесине ылайык педагогикалык иш менен алектенүү укугу билимге жана тиешелүү педагогикалык квалификацияга ээ болгон адамдарга берилиши зарыл. Кайра даярдоодон өткөн же репетитордук жана окутуу тартибинде сабактарды өткөргөн адамдар гана тартылышы мумкүн (жок дегенде патенттин тастыкталышы керек).
2.3. Мугалим М. Эргешбаеванын «ал мугалим катары «ТАРБИЯЛЫК МАКСАТ үчүн женил-желпи урдум» деген жүйөлөрүн негизсиз жана абсурд деп эсептейм.
Сабалган окуучу кызга коюлган диагнозду эске алсак, анда Баш мээнин чайкалышы, баштын жумшак ткандарынын көгөргондугу, оң далысы менен оң тизе муунунун көгөрүп, жабыркагандыгы белгиленген.
Мындай абал «женел-желпи уруудан» болушу мүмкүн эмес.
Ал эми тарбиялоо максатында окуучунун сабаган мугалимдин авторитети кайда!?
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын
29-беренесине ылайык, мугалимдин укуктарында окуучуну уруп-сабоо, балага ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты кемсинткен мамиле кылуу укугу каралган эмес, мугалимдин милдеттери төмөнкү талаптарды камтыйт:
- педагогикалык этиканын нормаларын сактоо;
- балдарга карата эмоционалдык, психикалык, физикалык зомбулукту болтурбоо.
Өз кезегинде «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мугалимдин окуучуларга зомбулук көрсөтүүгө укугу жок экендиги белгиленген (14-берене).
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдагы тиешелүү буйругу менен бекитилген мектеп окуучусу сабалган «Ж.Бөкөмбаев атындагы билим берүү комплекси» мекемесинин уставына ылайык төмөнкү талаптар аныкталган:
- бул окуу жайдын тартиби окуучулардын жана мекеме кызматкерлеринин адамдык кадыр-баркын сыйлоонун негизинде каралган. Окуучуларга физикалык жана психикалык зомбулук көрсөтүү ыкмаларын колдонууга жол берилбейт (3-бөлүм, 41-пункт);
- Мекеменин профессордук-окутуучулук курамы окуучуларга карата моралдык жана физикалык зомбулук көрсөтүү ыкмаларын колдонбоого милдеттүү (4-бөлүм, 6-пункт).
Ушуга байланыштуу мектептин директору эмне себептен:
- 7-класстын окуучуларына «Информатика» предметинен сабак берууну Эргешбаевага М. жуктогондугу;
- ченемдик укуктук актыларда каралбаган жеке педагогго балдарды тарбиялоо жана сабак беруу ыйгарым укуктар берилгендиги. Же мектеп окуучуларына карата зордук-зомбулук, кемсинткен мамиле бул мектептин бардык мугалимдери үчүн жалпы корунушпу?
Балдардын жеке кадыр-баркын кемсинтүүгө жана денелик жазага тыюу салуу боюнча ченемдер башка ченемдик актыларда жана жоболордо камтылганын белгилей кетүү керек, мисалы:
- жалпы билим берүүчү мектеп жөнүндө типтүү жобо;
- «Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки уюмдардын педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерине квалификациялык талаптар»;
- республиканын жалпы билим берүү уюмдарында зомбулуктан коргоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин, окуучуларынын, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө типтүү нускама.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» жобонун 9-пункту (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун 1-тиркемеси) Министрлик – инсанды өнүктүрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга багытталган билим берүүнүн коопсуз шарттарын камсыз кылуучу билим берүү тутумунун иштеши.
Буга байланыштуу билим берүү министринин окуучуга зордук-зомбулук көрсөткон мугалимге болгон позициясы толук ачык эмес.
2.4. Акыйкатчы институту жана Акыйкатчы - биз өзгөчө баса белгилейбиз балага карата жасалган ар кандай зомбулукту, физикалык жана моралдык-психологиялык зомбулукту, балага ар кандай ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени айыптайбыз.
Коомдун балага карата зордук-зомбулукту колдогон бөлүгү үчүн маалымат катары, муну мектеп окуучусу – бала өзү мугалимди – чоң адамды провокация кылганы менен негиздеп, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери сабалган окуучу тууралуу видеонун толук стенограммасын даярдашкан.
Видеону кылдат изилдөөдо, менин оюмча, оозеки чабуулдар жана кол салуулар мугалим тарабынан болгонун, окуучу мугалимдин агрессиясынан өзүн коргоп калганын көрсөтөт.
3. Акыйкатчы институтунун мугалими Эргешбаеванын М. 14 жаштагы мектеп окуучусун сабагандыгы боюнча алдын-ала жыйынтыгы
3.1. Баланын укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, мыйзам алдындагы актыларынын жана эл аралык стандарттардын талаптарын жана кепилдиктерин бузулушу:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы:
Кыргыз Республикасынын эң негизги баалуулугу - Балдар болуп эсептелинет. Бала коомдун жана мамлекеттин коргоосунда болот, анткени мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык жактан өнүгүшүнө, аларды жарандык-патриоттук тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзөт. (20-статья);
- Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу. Кыргыз Республикасында адамдын кадыр-баркы кол тийгис (1-бөлүк, 29-берене);
- ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу (59-статьянын 1-бөлүгү).
Белгилей кетсек, мамлекет балалыкты эң негизги баалуулуктардын бири катары таанып, бардык мамлекеттик органдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана республикалык же жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алуучу башка адамдар тарабынан камкордук көрсөтүлүп, баланын укуктарын жана таламдарын коргоого КЕРЕК -. Ал эми бул эң негизги баалуулук чоң адамдар, өзгөчө мугалимдер тарабынан алардын укуктары тебеленип калбашы зарыл.
2) "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодекси:
- Ар бир бала ар-намысынын жана кадыр-баркынын корголушуна, адамдын кол тийбестигине укуктуу. Мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыздайт, аны денелик жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же кадыр-баркты басмырлаган мамиледен, кылмыштуу аракеттерге тартуудан жана коомго каршы аракеттерди жасоодон жана анын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден корголушу Конституцияда бекитилген.
Мындай аракеттерге күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат (1-бөлүк, 16-берене);
- баланын ар-намысына жана кадыр-баркына кол салуусу өзүнүн ишинин мүнөзү боюнча аны окутуу жана тарбиялоо менен алектенүүгө милдеттүү адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет (16-статьянын 2-бөлүгү).
3) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы:
- билим берүү - инсандын, коомдун жана мамлекеттин гармониялуу өнүгүүсү үчүн билим берүүнүн жана окутуунун үзгүлтүксүз, системалуу процесси, ал окуучунун мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетиши жөнүндө билдирүү менен коштолгон. Билим алуу деп окуучулардын тиешелүү документ менен күбөлөндүрүлгөн белгилүү бир билим деңгээлине жетишүүсү жана ырастоосу түшүнүлөт;
- окуу процесси - окутуучулардын түздөн-түз катышуусу менен ар кандай типтеги сабактар жана окуучулардын өз алдынча окуусу, ошондой эле экзамендерди, тесттерди жана окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоонун башка түрлөрүндө уюштурулган тарбиялоо жана окутуу боюнча Билим берүү процесси ал программаларды ишке ашырат;
29-статья. Мугалимдердин укуктары жана милдеттери
Мугалимдер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- педагогикалык этиканын нормаларын сактоого;
- өз алдынчалуулукту оркундотууго, окууга чыгармачылык мамилени өнүктүрүүго, окуучулардын жүрүм-турумунун жогорку моралдык стандарттарын калыптандырууга;
- балдарга карата эмоционалдык, психикалык, физикалык зомбулукту болтурбоого.
4) «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мугалимдин окуучуларга зомбулук көрсөтүүгө укугу жок экендиги белгиленген (14-берене).
5) БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын 1-болугунун
19-беренесине ылайык, катышуучу-мамлекеттер баланы физикалык же психологиялык зомбулуктун, зомбулуктун же кордоонун бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн зарыл болгон мыйзамдык, административдик, социалдык жана тарбиялык чараларды көрүшөт. Ошондой эле ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же балага кам көргөн башка адамдардын (башкача айтканда, мугалимдердин) катаал же кароосуздук мамилеси боюнча жооп беруу милдети каралган.
6) Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январында өзүнүн алгачкы беш Жарлыгына кол койгон, анын ичинде Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жарандарын руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия тарбиялоо боюнча Жарлыкка кол койгону баарыбызга маалым.
Рухий-адеп-ахлактык тарбия алгачкы элдик баалуулуктарга, улуттук-маданий мурастарга, элдин бай турмуштук тажрыйбасына жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделет.
Үй-бүлө, бул татыктуу тарбия жана сапаттуу билим – руханий-адептик өнүгүүнүн жана дене тарбиясынын негизи.
Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим беруу бул инсандык өнүгүүнүн негизи. Билим берүү системасынын бардык баскычтары инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн тарбиялоонун негизи болуп саналат. Мугалимдердин жана насаатчылардын инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгү жогорку кесипкөйлүк, абийирдүүлүк жана жоопкерчилик менен ишке ашырылат.
Рухий-адептик инсанды тарбиялоонун өбөлгөлөрүнүн калыптанышына коом тарабынан адамдардын эмгекчилдиги, ак ниеттүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү, мекенчилдиги үчүн сыйлоонун жана мыйзамсыз аракеттери үчүн жазалоонун мисалдары көрсотулгон.
Жогоруда айтылгандар биринчи кезекте бийик руханий жана адептүүлүк талаптары мугалимге коюла тургандыгын көрсөтүп турат. Ал эми мындай терс кадамдардан жогорку адеп-ахлактуу адам мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтен кутула албайт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде мен томонкулорго кайрылам:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине:
- мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде мугалимдер тарабынан болгон балдарга карата зомбулук фактыларын кезектеги жыйналышта кароого;
- мугалимдердин, тарбиячылардын жана башка билим берүү кызматкерлеринин окуучуга карата зомбулукту, кемсинтүү мамилесин колдоо практикасын колдонуусун токтотууга.
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
- билим берүү мекемелеринде зомбулукту колдонуу фактыларына бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;
- мугалимдердин, ата-энелердин же башка адамдардын балдарга, мектеп окуучуларына карата зордук-зомбулуктун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилесинин ар бир учурларын көз карандысыз, ачык, объективдүү иликтөөнү камсыз кылууга.
3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
- Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөмбаев атындагы №1 Билим жана тарбия берүү комплексиндеги зордук-зомбулукка кабылган 7-классынын окуучусунун укуктарын коргоо боюнча мыйзамда каралган тийиштүү чараларды көрушуно;
- жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөнүн жүрүшүн контролдоого;
- окуучуну сабаган педагог М.Эргешбаеванын билим деңгээлинин жана квалификациясынын түрүнүн ылайыктуулугуна укуктук баа берүүго, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сакталышына укуктук баа берүүго. Мисалы:
- 7-класстын окуучуларын окутууга;
- «Информатика» предметинен сабак берууго.
Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөмбаев атындагы №1 Билим жана тарбия берүү комплексин директорунун иш аракеттерине юридикалык баа берилсин.
- тез аранын ичинде Стамбул протоколун окутулган медициналык кызматкерлер тарабынан толтурулушун камсыз кылынсын;
- жабыркаган окуучу жана аны сабаган мугалим М.Эргешбаева психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүүсүн камсыз кылынсын;
- Баланы дарылоо жана реабилитация аяктаганга чейин кийлигишүү жана чыгаруу аракети маселеси талкууланып жатканын эске алуу менен, жабыркаган баланы коопсуз жана анын дарыланышын башкалардан четтетип камсыз кылууга
4) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын, жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин назарына класстык сааттарда, ата-энелер чогулуштарында, педагогикалык кеңештерде, эмгек жамаатынын жалпы чогулуштарында, жалпы билим берүү уюмуна коомдук жайда жайгаштыруу коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө; окуучуларды окуу, иштөө жана тарбиялоо үчүн шарттар, жалпы билим берүү уюмунун жашы жетпегендердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, балалык коопсуздук чараларды жүргүзүүго;
- окуучуларга физикалык же башка таасир көрсөтүүгө, кемсинтүүгө, ошондой эле окуучунун адамдык кадыр-баркын кемсинтүүгө багытталган башка зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салынгандыгын жалпы билим берүү уюмунун мугалимдеринин жана кызматкерлеринин назарына жеткирүүгө. Бул жүрүм-турум нормаларды иш жузуно ашыруу учун конулго алууга тийиш, ошондой эле педагогикалык кеңештерде, билим берүү уюмунун эмгек жамаатынын жалпы чогулуштарында дайыма талкууланып туруусу шарт;
- жалпы билим берүү уюмунун иш жобосун бекитүү жөнүндө буйрук жалпы билим берүү уюмунун директорлоруна берилсин, анда ата-энелерди, окуучуларды, жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлерин жеке маселелер боюнча директордун өзү жана анын кызматкерлери тарабынан нөөмөт боюнча кабыл алуу сааттары аныкталсын. Кабыл алуунун сааттары жана тартиби коомдук жайда илинип, УВПнын бардык катышуучуларынын жана билим берүү уюмунун кызматкерлеринин көңүлүнө жеткирилиши керек;
- окуу процессинин коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле окуучуга карата зомбулук фактыларына өз убагында чара көрүү максатында жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси администрациянын ичинен нөөмөтчү администраторду жана нөөмөтчү мугалимди дайындоосу зарыл. Мындай милдеттердин графиги директор тарабынан бүткүл окуу жылы үчүн бекитилиши керек, зарыл болгон учурда ар бир окуу чейрегинде оңдоолор киргизилет. Нөөмөттө турганда нөөмөтчү администратор жана нөөмөтчү мугалим сабактардан бошотулушу керек.
- зордук-зомбулук жана укук бузуу фактыларын эсепке алуу үчүн журналдарды милдеттүү түрдө жүргүзүүнү камсыз кылуу. Зордук-зомбулук фактысы/шектөөсү жөнүндө маалымат түшкөндө, алгачкы маалыматтарды чогултуу жана жаздыруу, жабырлануучу, зыян келтирүүчү деп болжолдонгон адам менен сүйлөшүү, бул маалыматты кызыкдар тараптарга билдирүү, өзгөчө кырдаалдарда зомбулуктун алдын алуу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү. Окуучуларга карата зордук-зомбулуктун же кемсинткен мамиленин фактыларынын реестрине номер коюлуп, шнурковкаланып, билим берүү уюмунун мөөрү менен бекитилип, алдын алуу кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн колу коюлууга тийиш. Ишти каттоо журналында маалымат киргизилген датасы, зомбулук фактысы жөнүндө маалымат булагы (жазуу жүзүндөгү арыз, ишеним кутусу, студенттин оозеки арызы ж.б.), ошондой эле адам жөнүндө маалыматтар камтылган. журналга маалыматтарды киргизген (медициналык кызматкер, социалдык педагог, класс жетекчиси, нөөмөтчү администратор, окуучу, ата-эне ж.б.) бул адамдын колу жана бул факты боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө белги болсун.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине:
- жабыркаган окуучуга жана аны сабаган мугалим М.Эргешбаевага карата комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоого;
- мугалим М.Эргешбаева тарабынан системалуу агрессивдүү, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин, тарбиялоонун бар же жок экендигин аныктоо үчүн мектеп окуучуларынын арасында кошумча сурамжылоо жүргүзүүгө;
- кесиптештер, тааныштар жана башкалар арасында кошумча сурамжылоо жүргүзүүгө;
- мугалим М.Эргешбаеванын кесипкөй эмес жана анын кылган кадамы боюнча маалыматы жок экендигине мектеп директоруна баа берүүго;
- мектеп окуучусун ур-токмокко алуу фактысын кылдат жана ар тараптуу иликтөөгө жана кылмыш ишин козгоо алкагында мугалимдин аракеттерине укуктук баа берүүгө;
- сотко чейинки өндүрүшкө катышкандардын, анын ичинде жабырлануучу балага жана анын классташтарына карата коопсуздугун жана коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- психологдун катышуусу менен тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана аларды сот өндүрүшүндө андан ары пайдалануу үчүн аудио-видео жаздыруучу приборлорго бекитип берүүгө.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга:
- баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө;
- анын корутундусунун негизинде баланы социалдык, психологиялык, педагогикалык реабилитациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чогултулган материалдарды ишке киргизүү үчүн тергөөчүгө жөнөтүүгө.