Кыргызстандын укук коргоочулары республиканын жаш программисттерине колдоо көрсөтүүгө даяр

27/05/2020 - 16:34

Буга чейин, 2020-жылдын 19-майында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы Акыйкатчынын «Click Help Bot» жана «Burulay» программаларын иштеп чыгуучулар менен жолугушкандыгын, анын жүрүшүндө Токон Мамытов жаш программисттерге кризистик борборлордун өкүлдөрү жана укук коргоо жаатындагы эксперттер менен бирге Кыргызстанда аялдардын жана балдардын адам укуктары чөйрөсүндө өз программаларын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттерди чогуу иштеп чыгууну сунуштаганын жазган. 

Акыйкатчы тарабынан сунушталган жумушчу жолугушуу 26-майда Акыйкатчы аппаратынын жыйындар залында болуп өттү. Ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү - И. Бокошова (БУУ Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси,  Эл аралык түрмө реформасы (PRI) долбоорунун координаторлору- А. Тлеукеш жана А. Азимова, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү - «Сезим» кризистик борборунун башчысы Б. Рыскулова, “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фондунун башкармалыгынын  төрагасы Л.Илибезова, “Кризистик борборлор ассоциациясынын” аткаруучу директору Т.Тулекова жана Коомдук анализ институтунун директору А. Айтбаева катышышты.

Талкуу учурунда биринчи орунду ээлеген команданын өкүлү Анастасия Бражникова, «Click Help Bot» программасы аялдарга жана жаштарга үй-бүлөдөгү зомбулуктун белгилерин таанып-билүүгө, ошондой эле жакынкы кризистик борборлор жана психологдор менен байланышты камсыз кылуу максатында иштелип чыккандыгын түшүндүрдү.

Өз кезегинде, экинчи топтун өкүлү Малика Ботаева «Burulay»  санариптик долбоору үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу чечимдерин  бир платформага чогултуу үчүн иштелип чыкканын айтты. Ал эми 3-орунду ээлеген команданын өкүлү Бектур Солтобаев белгилегендей, “Smart-Jomok” программасынын негизги максаты - балдарды жомоктор аркылуу тарбиялоо жана колдоо . Мындан тышкары, жумушчу жолугушуунун катышуучулары аялдарга жана балдарга карата зомбулукка байланыштуу маселелерди, ошондой эле республиканын жабык мекемелериндеги жашы жете элек балдардын абалын талкуулашты.

Белгилей кетсек, кризистик борборлордун өкүлдөрү айтылган идеяларды колдоп, ошондой эле жаш программисттерге калктын аялуу катмарына карата зомбулук фактыларын аныктоо үчүн тесттерди өткөрүүдө зарыл юридикалык же усулдук жардам көрсөтө тургандыгын убада кылышты.

Жумушчу жолугушууну жыйынтыктап жатып, Акыйкатчы Токон Мамытов сунушталган программалардын зарылдыгына ишенимин билдирди жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту бул программаларды  республиканын аймагында күндөлүк колдонууга киргизүүгө аракет кыларын айтты.  "Бул багытта биргелешкен ишибиздин кийинки кадамы белгилүү бир донорлор менен жолугушуу болушу мүмкүн", - деп белгиледи Акыйкатчы.